Борбор калаадагы көрктүү, көзгө басар имараттар

Жазылуу
Бишкекте учурда курулуш кудайга шүгүр жүрүп жатат. Турак үйлөр менен катар эле бизнес борборлору биринен бири орун талашкандай бой керет. Анткен менен алардын арасында акыркы учурда салынган маданий жайлар жокко эсе.

Sputnik Кыргызстан Бишкекти кооздоп жана архитектуралык жактан салмагын арттырып турган, көзгө жагымдуу көрүнгөн имараттарды тизмектеп чыкты.

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейи, 1974-жылы курулган. Адистер ага модернисттик жана демократиялык түзүлүштөгү имарат деп баасын беришет. Архитекторлору — Ырыскулов, Жекшенбаев жана Назаров
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейи, 1974-жылы курулган. Адистер ага модернисттик жана демократиялык түзүлүштөгү имарат деп баасын беришет. Архитекторлору — Ырыскулов, Жекшенбаев жана Назаров - Sputnik Кыргызстан
1/9
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейи, 1974-жылы курулган. Адистер ага модернисттик жана демократиялык түзүлүштөгү имарат деп баасын беришет. Архитекторлору — Ырыскулов, Жекшенбаев жана Назаров
© Sputnik / Табылды КадырбековЧыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. Акыркы 10 жылда анын жакшынакай көркү, шыптан жерпайына чейинки айнектелген фасады чапталган ар кыл түстөгү кагаздарга басылып, байкалбай калды дешти архитекторлор. Долбоорун 1972-жылы Албанский аттуу архитектор чийген
Государственный национальный русский театр драмы имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
2/9
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. Акыркы 10 жылда анын жакшынакай көркү, шыптан жерпайына чейинки айнектелген фасады чапталган ар кыл түстөгү кагаздарга басылып, байкалбай калды дешти архитекторлор. Долбоорун 1972-жылы Албанский аттуу архитектор чийген
© Sputnik / Табылды КадырбековБир кезде сувенирлерди саткан "Улитка" дүкөнү азыркы абалында деле көзгө сүйкүм көрүнөт. Архитекторлор — Мухамадиев менен Алыкулов. Имарат 1975-жылы курулган
Кафе Улитка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/9
Бир кезде сувенирлерди саткан "Улитка" дүкөнү азыркы абалында деле көзгө сүйкүм көрүнөт. Архитекторлор — Мухамадиев менен Алыкулов. Имарат 1975-жылы курулган
© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСовет мезгилинде эл арасында "Офицерлер үйү" деп аталган жакшынакай имарат азыр Кыргыз-Славян университетине карайт. Сыртынан караганда чын эле башкача стилде, аскерлердей чыкыйган көркү азыр деле сакталуу
Визит председателя Госдумы РФ С.Нарышкина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
4/9
Совет мезгилинде эл арасында "Офицерлер үйү" деп аталган жакшынакай имарат азыр Кыргыз-Славян университетине карайт. Сыртынан караганда чын эле башкача стилде, аскерлердей чыкыйган көркү азыр деле сакталуу
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы Эл аралык университеттин имараты 1954-жылы түптөлгөн. Долбоорун Писарский аттуу архитектор чийген. Имаратты карап туруп анын майда-чүйдөсүнө чейин зор эмгек жумшалганын көрөсүз. Кыргыздын улуттук оймолору чебердик менен жасалган
Кыргызстандагы Эл аралык университеттин имараты 1954-жылы түптөлгөн. Долбоорун Писарский аттуу архитектор чийген. Имаратты карап туруп анын майда-чүйдөсүнө чейин зор эмгек жумшалганын көрөсүз. Кыргыздын улуттук оймолору чебердик менен жасалган - Sputnik Кыргызстан
5/9
Кыргызстандагы Эл аралык университеттин имараты 1954-жылы түптөлгөн. Долбоорун Писарский аттуу архитектор чийген. Имаратты карап туруп анын майда-чүйдөсүнө чейин зор эмгек жумшалганын көрөсүз. Кыргыздын улуттук оймолору чебердик менен жасалган
© Sputnik / Табылды КадырбековАрдактуу да, баалуу да тарыхый жай — кол башчы Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи. Бул курулуш советтик архитекторлордун баалуу эмгектеринин бири катары эсептелип келет.
Ардактуу да, баалуу да тарыхый жай — кол башчы Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи. Бул курулуш советтик архитекторлордун баалуу эмгектеринин бири катары эсептелип келет. - Sputnik Кыргызстан
6/9
Ардактуу да, баалуу да тарыхый жай — кол башчы Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи. Бул курулуш советтик архитекторлордун баалуу эмгектеринин бири катары эсептелип келет.
© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул — Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки жыл мурда курулган жаңы бизнес-борбор. Архитектор — Мухтар Шеримкулов. Бишкектин борборунда жайгашкан бул имарат күү-шаа болгон шаардын ыргагына жарашып калган. Адистер анын дизайны заманбап жасалып, сырттан жакшынакай көрүнөрүн айтышат
Офисное здание в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
7/9
Токтогул — Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки жыл мурда курулган жаңы бизнес-борбор. Архитектор — Мухтар Шеримкулов. Бишкектин борборунда жайгашкан бул имарат күү-шаа болгон шаардын ыргагына жарашып калган. Адистер анын дизайны заманбап жасалып, сырттан жакшынакай көрүнөрүн айтышат
© Sputnik / Табылды КадырбековКичинекей шаардыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган Cosmopark көңүл ачуу борбору архитектор Кубанычбек Ибраевдун долбоору менен тургузулган. Бул жерден заманбап стилдин элементтерин көзүн жуумп алган киши да байкайт
Развлекательный центр Космопарк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/9
Кичинекей шаардыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган Cosmopark көңүл ачуу борбору архитектор Кубанычбек Ибраевдун долбоору менен тургузулган. Бул жерден заманбап стилдин элементтерин көзүн жуумп алган киши да байкайт
© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы архитектуралык жасалгасы менен кооздолгон бөлүктөрүн жоготсо да, "Соки, газированные воды" деп баш жагына жазылган павильон эски малдын көзүндөй болуп сүйкүм көрүнөт. Ал "Ала-Тоо" кинотеатрынын артында жайгашкан.
Бывший павильон Соки — газированные воды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/9
Мурдагы архитектуралык жасалгасы менен кооздолгон бөлүктөрүн жоготсо да, "Соки, газированные воды" деп баш жагына жазылган павильон эски малдын көзүндөй болуп сүйкүм көрүнөт. Ал "Ала-Тоо" кинотеатрынын артында жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0