150 жыл мурда жашаган кыргыздар. АКШлык изилдөөчүнүн сүрөттөрү

Жазылуу
Америкалык журналист жана иликтөөчү Жoрдж Кеннан 1864-жылдан 1885-жылга чейин Россия империясын кыдырып чыккан биринчи чет элдик жаран болгон. Ал ошол учурда Түркестан аймагында жашаган кыргыздарды сүрөткө тартып алган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 19-кылымдын аягында америкалык журналист жана иликтөөчү Жордж Кеннан Россия империясын кыдырып, көп улуттуу мамлекетти байырлаган жашоочуларды сүрөткө тартып алган.

Чу дарыясындагы кыргыздардын турак жайы, 1869-1870. Василий Верещагин - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздардын турмуш-тиричилиги дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн көзү менен
Кеннан орус-америка компаниясынын иликтөөчүлөрү менен биринчи жолу 1864-жылы Россияга келген. Алар АКШдан Россияга Аляска аркылуу телеграф салууга мүмкүндүгүн изилдешкен. Телеграф Россиянын Чукотка жана Сибирь аймактары аркылуу өтмөк. Аймакты кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушкан. Телеграфты Алтантика океанынын түбү менен салуу чечими кабыл алынгандан кийин алар кетүүгө аргасыз болушкан. Кеннан мекенине кайткандан кийин "Сибирдеги көчмөн жашоо" деген китебин жарыялаган.

1870-жылы ал Россияга экинчи жолу келген. Бул жолу Волга дарыясы менен Санкт-Петербургдан Каспий деңизине чейин сүзүп өткөн. Кавказ аймагына келгенде ал грузиндер, армяндар жана бул аймакта жашаган ондогон башка этникалык топтордун өкүлдөрү менен жолугат

АКШда он жылдан ашык журналист болуп иштеген Кеннан 1885-жылы досу Жордж Фрост менен Россияга үчүнчү жолу келген. Алар Казакстан, Монголия жана Кытайдын чек арасындагы Алтай тоолорун изилдешкен. Иш учурунда бул аймакты жердеген жергиликтүү эл менен жолугуп, кыргыздар менен да баарлашкан.

Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөрдүн көз талдырган оюну чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен
Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол учурда Түркестан аймагын жердеген көчмөн кыргыздардын жана башка элдин сүрөттөрүн жарыялайт.

Бардык сүрөттөр 19-кылымдын 70-80-жылдары тартылган.

Жордж Кеннандын тарткан сүрөттөрү кийин Конгресс китепканасына документтери менен чогуу берилген. Кеннан өз сапарында 19-кылымда жашаган орус жазуучуларын, акындарын, мамлекеттик кызматкерлерди, ошондой эле Алтай, Кавказ, Сибирь аймактарын жана түрмөгө түшкөн кишилерди да тартып калган.

© Фото / Library Of Congress / George KennanКыргыз аксакалдарынын жыйынындагы облустун губернатору баласы жана аялы менен
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
1/10
Кыргыз аксакалдарынын жыйынындагы облустун губернатору баласы жана аялы менен
© Фото / Library Of Congress / George KennanЖолго камынган кыргыздар
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
2/10
Жолго камынган кыргыздар
© Фото / Library Of Congress / George KennanКыргыз аксакалдары россиялык губернатор менен
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
3/10
Кыргыз аксакалдары россиялык губернатор менен
© Фото / Library Of Congress / George KennanБоз үй. 19-кылымдын аягында кыргыздар дал ушундай үйдө жашаган
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
4/10
Боз үй. 19-кылымдын аягында кыргыздар дал ушундай үйдө жашаган
© Фото / Library Of Congress / George KennanҮйлөнүү үлпөткө келген молдо
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
5/10
Үйлөнүү үлпөткө келген молдо
© Фото / Library Of Congress / George KennanЖордж Кеннан сүргүнгө айдалгандар кийген кийим менен
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
6/10
Жордж Кеннан сүргүнгө айдалгандар кийген кийим менен
© Фото / Library Of Congress / George KennanМинскте жашаган татарлар
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
7/10
Минскте жашаган татарлар
© Фото / Library Of Congress / George KennanКыргыз комузчусу
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
8/10
Кыргыз комузчусу
© Фото / Library Of Congress / George KennanКазак аялдары
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
9/10
Казак аялдары
© Фото / Library Of Congress / George KennanУлуттук кийимчен киши. Авторлор анын казак же бурят болушу ыктымалдыгын белгилешет
Архивные кадры кыргызов, сделанные 150 лет назад - Sputnik Кыргызстан
10/10
Улуттук кийимчен киши. Авторлор анын казак же бурят болушу ыктымалдыгын белгилешет
Жаңылыктар түрмөгү
0