13:13 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Ыр, бий жана шаан-шөкөт — президенттик балатыдан сүрөт түрмөк

Кыскача шилтеме алуу
263 0 0
  • Президенттик балаты Улуттук филармонияда өттү
  • Филармониянын кооздолгон кире бериши
  • Жаш бийчилер сахнага чыгууга кам көрүүдө
  • Салтка айланган балаты салтанатына 1100 бала чакырылды
  • Секелек бийчи
  • Президент жаш кыргызстандыктар менен балаты салтанатына кирип бара жатат
  • Ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр дагы четте калган жок
  • Жаачы кыз
  • Президент: кереметке болгон ишеним ар бир жүрөктө жашашы керек
  • Шаттык бий ансамблинин секелектери
  • Бийчи кыздар
  • Президент мыкты даярдыгы үчүн бий коллективдерине ыраазычылыгын билдирди
  • Балатыга келген балдардын арасында окуунун мыктылары, ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү жана кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары бар
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Президенттик балаты Улуттук филармонияда өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаңы жылдык балаты салтанаты болду.

Президент мыкты даярдыгы үчүн бий жамааттарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, окууларына албан ийгиликтерди каалады. 

Өлкө башчысынын өзүнүн айтымында, жаңы жылды утурлай эл алдына чыкканда ар дайым толкунданып, өзүнүн бала кезин эсине түшүрөт. 

"Биздин өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү, анткени биз бардык аракеттерди келечек ээлери болгон балдардын жаркын келечеги үчүн жасайбыз. Ата-эне үчүн баладан артык эч нерсе жок", — деди Атамбаев. 

Салтка айланган бул жаңы жылдык салтанатка республиканын ар кайсы аймагынан 8-14 жаштагы 1 100 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун мыктылары, ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү жана кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары бар. Ошондой эле ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр дагы четте калган жок.

Тема боюнча

Алмазбек Атамбаев: балдардын келечеги үчүн шарт түзүүгө милдеттүүбүз
Аяз ата, Аяз кыз, президенттен белек. Атамбаев президенттик балатыга катышты
Белгилер:
президент, балдар, балаты, Жаңы жыл

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ