21:29 24 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Москва Бишкек каттамы. "Жуковский" кыргызстандыктарды кантип тосуп алат

Кыскача шилтеме алуу
434 0 0
  • Москва. Жуковский аба майданындагы мекендешибиз
  • Аэропорттун залдарынын бири
  • Аба майданга  кирип келе жаткан эркек кишини коопсуздук үчүн текшерип жатышат
  • Аба майданда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн заманбап жабдуулар орнотулган
  • Жуковский аэропортундагы жүргүнчүлөр каттоодон өтө турган жер
  • Сапарлаш жүргүнчүлөр
  • Алыстан келе турган адамды күтүп...
  • Аба майдандагы жашыл аймак
  • Кыргызстанга жөнөй турган болсоңуз, билетти интернет аркылуу алууга да болот
  • Учак билети эки тарапка 140 доллар  (10 000 сомго чукул) турат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Москва. "Жуковский" аба майданындагы мекендешибиз

Жуковский жаңы аэропортунан "Манас" аба майданына Москва — Бишкек каттамы биринчи ирет 21-декабрда жасалган.

Эл аралык "Рампорт Аэро" авиация холдингинин өкүлү Галина Тельпиз жаңы каттам жүргүнчүлөр арасында жакшы кабыл алынарын айтты.

"Биздин иликтөөлөргө караганда Россияда жүргөн Кыргызстандын көп атуулдары Люберцы, Котельники аймактарында жашагандыктан, алар негизинен "Жуковский" аркылуу учат деген ниеттебиз. Мындан сырткары, аталган жерден аба майданга автотранспорт менен жетүү алда канча арзанга түшөт", — деди Тельпиз.

Ал "Жуковскийге" метро жана электричка менен жетсе болорун кошумчалады.

"Кыргызстандыктар метро менен Котельник станциясына чейин жетип, андан ары "Жуковскийге" чейин шаттл-бас менен 40 мүнөттө жетет. Билеттин баасы болгону 79 рубль, ал жакта Москвадагы жүргүнчү билеттерин колдонсо да болот. Автобус жаңы, жылуу, жүк кенен батат. Майыптардын катташы үчүн да ыңгайлуу", — деди менеджер.

Электричка менен Казань вокзалынан акыркы станцияга чейин барып, "Жуковскийге" такси менен андан ары жетип алыш үчүн 10 мүнөткө жакын убакыт кетет деп түшүндүрдү ал. 

Учак билетин эки тарапка 140 долларга (10 000 сомго чукул) интернет аркылуу да сатып алса болот.

Тема боюнча

"Жуковский" аэропортунан Бишкекке биринчи ирет учак конду
"Урал аба жолдоруна" Жуковский шаарынан Кыргызстанга учууга уруксат берилген жок
Белгилер:
аэропорт Жуковский, Москва, Кыргызстан