03:52 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Бишкекке чындап кыш келди. Лапылдап жааган кар, ырахаттанган кыргызстандыктар

Кыскача шилтеме алуу
125730
  • Бурганактуу кечки Бишкек.  Кардын романтикасы азырынча айдоочуларга эле жакпай турат
  • Фокуста – башкы балаты. Фондо – айкөл Манас. Жолдо казкатар тигилген автоунаалар
  • Бала бакчадан келе жаткандар. Кичинекейлер чоңдордон айырмаланып, суукту анча тогото бербейт
  • Ала-Тоо аянтындагы романтикалуу жуптар. Болбосо мындай  бурганакта байлап койсо да киши турбаса керек
  • Жарык жааган жерде. Кыштын  ирмемдерди кармап калып сүрөткө түшүп жаткандар. Арасында балалуу эне, жаштар, орто жаштагылар жүрөт
  • Тынч, бейгам күндөр. Кар жааган Бишкектин борбордук аянты
  • Жаштык — байлык, жаштык — жыргал
  • Транспорт күткөн шаардыктар
  • Мамлекеттик тарых музейинин капталы. Бул жер жайы-кышы дебей кооздукка бөлөнүп турат. Бул сапар көчөнүн көркүн кар чыгарыптыр
  • Ата-бала. Чанага түшкөн кандай сонун!
  • Кыш жана жигит
  • Жаңы жылды буюрса, кар менен тосчудайбыз
  • Тебетейчен байкелер
  • Таттуу саткан, карга оронгон чоң апа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурганактуу кечки Бишкек. Кардын романтикасы азырынча айдоочуларга эле жакпай турат

Бүгүн эртең менентен тарта жааган кар, кечке чейин бир топ эле болду. Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын көркүн чыгарган бурганак, жаңы жылдык маанайды шаардыктарга эртелеп тартуулагандай болду. Бул кечте көчөлөрдөн чана сүйрөгөн аталарды, "Ала-Тоодо" кардын фонунда селфи жасаган жаштарды, таттуу саткан, карга оронгон чоң апаны жолуктурууга болот.

Тема боюнча

Кыргызстанда эртең күн суук болот
Бишкектин кайсы жеринен, канча сомго балаты сатып алса болот
Белгилер:
бурганак, кар, Жаңы жыл, Бишкек