03:51 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: дүйнө сулуусунан титиреген жерге чейин

Кыскача шилтеме алуу
44710
  • Дүйнө сулуусу наамын жеңип алган пуэрто-рикалык Стефани Дель Валле кийинки орундарды ээлеген Доминикан Респубикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла менен. 18-декабрь, АКШ
  • Владимир Путин Ниппон телекомпаниясы менен Иомиури гезитинин журналисттери менен маектешүү алдында Юмэ аттуу итин көрсөттү. Президентке ит Акита япон префектурасынан 2012-жылы белекке берилген
  • АКШнын Санта-Моника шаарындагы Critics Choice Movie Awards сыйлыгын тапшыруу аземиндеги Ти Джей Миллер. Critics Choice Movie Awards же Сынчылардын тандоосу деп аталган кинопремия Оскарга даярдануу болуп саналат
  • Россиялык фигурист Евгения Медведева Марселде өткөн таймаштын финалын жеңип алды. Учурдагы дүйнө чемпиону бийи менен экинчи ирет баш байгени багынтып турган мезгили
  • 15-декабрь күнү кечинде Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты жандырылып, текшерүүдөн өттү. Ал эми 19-декабрда балатынын оту расмий жанмакчы
  • Португалиянын Лиссабон шаарында муктаждар үчүн азык-түлүк чогулткан балдар
  • Тилектештик маршы акциясы учурунда Түрк студенттен ымыркайлардын сөөгүн чагылдырган манекендерди алып келишти. Иш-чара Сириянын Алеппо шаарында барымтага алынган жарандарга колдоо көрсөтүү болуп саналат
  • Түркиянын Кайсери шаарында жайгашкан университеттин жанындагы жардыруу болгон жерде иш алып барган полиция кызматкери. Миналанган унаа жоокерлерди ташып бараткан автобустун жанына келгенде жарылып кеткен. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 55 киши жаракат алган. Өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым терактыны жан кечти ишке ашырганын жар салды
  • Бразилиянын Улуттук конгрессинин алдында мамелкеттик чыгымды чектөө каралган конституциялык өзгөртүүлөргө каршы нааразычылык акция өттү
  • Россия президенти Владимир Путин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токидогу Кодокон деп аталган күрөш борборунда. Бул жерден дзюдонун салттуу ыкмалары көрсөтүлдү. Россия жетекчиси Японияга эки күндүк сапар менен барган
  • АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп рэпер Канье Уэст менен Нью-Йорктон жолугушту. Шайлоодон кийин ырчы Трампты колдой турганын айтып, 2020-жылы президенттикке талапкерлигин кое турганын билдирген
  • Государственный визит президента КР Алмазбека Атамбаева в Индию
  • Мюнхенде Крампустун жүрүшү өттү.  Крампус — альп аймагынын фольклордук каарманы, тил укпаган балдарды тескейт деген түшүнүк жашайт
  • Алепподогу сириялык жарандар. Өкмөттүк аскерлер чыгыш Алеппону согушкерлердин колунан бошотууну улантышууда
  • Индиянын Аджмериндеги Ана Сагар көлүндөгү балыктар
  • Краса России-2016 сынагынын жеңүүчүсү Лада Акимова
© REUTERS / Joshua Roberts
"Дүйнө сулуусу" наамын жеңип алган пуэрто-рикалык Стефани Дель Валле кийинки орундарды ээлеген Доминикан Респубикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла менен. 18-декабрь, АКШ

Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болуп өткөн маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Бишкекте башкы балатыны жандырып, майрам алдында текшерүүдөн өтсө, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп рэпер Канье Уэст менен жолугушту. Ал эми Россия президенти Владимир Путин япон журналисттерине Юмэ аттуу итин көрсөтсө, пуэрто-рикалык Стефани Дель Валле аалам сулуусу болуп калды

Түркиянын Кайсери шаарындагы университетинин жанында жардыруу болуп, адам өмүрүнө забын болду. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Индияга аттанып кетсе, АКШда Дональд Трамп рэпер Канье Уэст менен жолукту.

Тема боюнча

Кыргызстандын башкы балатысы кантип жанат — асмандан көрүнүшү
"Дүйнө сулуусу — 2016" наамын пуэрто-риколук бийкеч илип кетти
Белгилер:
дүйнө, окуя, Сүрөт