19:19 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: сулуу кыздарга тигилген көздөрдөн шайлоого чейин

Кыскача шилтеме алуу
715 0 0
  • Өзбекстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча, Либералдык-демократиялык партиядан талапкер болуп чыккан Шавкат Мирзиёев шайлоого келген элдин (87,93%) 88,61 пайыз добушун алган
  • Кытайдын Шэньян шаарындагы сейил бакта сууга сүзгөн адам
  • Орус сүрөтчүсү Мария Гасанованын Красноярск шаарындагы арт-көргөзмө үчүн боенуп жаткан учуру
  • Болгариянын Шумен облусунда суюлтулган газ ташып бараткан поезд темир жолдон чыгып, айрым цистерналар жарылып кеткен. Кырсыктан беш киши каза болду. Жабыркагандардын саны 29га жетип, 50гө чукул турак жай жана имараттар кыйрады
  • Париждин Сена дарыясындагы жыл сайын өтүүчү Nautic SUP Paris Crossing жарышы
  • Декабрдагы нөшөрлүү жаандан кийинки Бишкектин борбордук аянты
  • Американын Окленд шаарындагы кампадан чыккан өрттүн кесепети. Кампа студия катары жасалып чыккан. Анда мыйзамсыз түрдө адамдар жашап келген. Өрттөн 33 киши каза болду. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды
  • Кениянын борбор калаасында жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин алдында медицина кызматкерлеринин нааразылык акциясы болуп өттү. Дарыгерлер 2013-жылы маянаны жогорулатуу боюнча берилген убаданын аткарылышын талап кылган
  • Ичине 47 жүргүнчү салган Пакистандын учагы кыйроого учурады. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес
  • Индонезиянын Ачех провинциясында 7-декабрь күнү магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталды. Табияттын кырсыгынан 100 киши каза болсо, 750гө жакын адам жаракат алган. 12 миңден ашуун имарат кыйрады
  • International Model сыйлыгынын лауреаты Джиджи Хадид
  • Сирия оппозициясынын согушкерлери Россиянын Алепподогу аскердик госпиталына сокку урду. Дарыгерлердин экөө каза болуп, дагы бири жаракат алган
  • Япониянын адак падышасы АКШнын коргоо министри Эш Картерди Токиодон тосууга даярдык көрүп жатат
  • Лиманын (Перу) Эррадур пляжындагы 13 метрлик аскадан секирүү
  • Мурдагы мамлекеттик катчы Хилари Клинтон менен вице-президент Джо Байден Вашингтондогу Капитолийде сенатор Гарри Риддин урматына уюштурулган салтанатта
  • Chanel Metiers D'Art мода үйүнүн 13-көргөзмөсү. Ага америкалык актер Жонни Депптин кызы Лили-Роуз Депп катышты
  • Москвада кыштын алгачкы жети күнүндө декабрдык норманын теңин түзгөн кар жаады
  • Христиан-демократиялык партиянын төрайымдыгына кайрадан шайланган Ангела Меркелдин реакциясы
  • Катышуучулар Топ-модель России — 2016 сынагынын финалына даярданып жатышат
  • Жекшемби күнү кыргызстандыктар жергиликтүү кеңешке депутаттарды тандап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн добуш беришти.
© Sputnik / Валерий Мельников
Өзбекстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча, Либералдык-демократиялык партиядан талапкер болуп чыккан Шавкат Мирзиёев шайлоого келген элдин (87,93%) 88,61 пайыз добушун алган

Салтка айлангандай Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы дүйнөдө болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Болгарияда суюлтулган газ ташып бараткан поезд темир жолдон чыгып кетсе, Индонезияда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталды. 

Өзбекстанда 4-декабрь күнү президенттик шайлоо өтсө, туура бир жумадан кийин кыргызстандыктар жергиликтүү кеңеште иштей турган депутаттарды тандап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн добуш беришти. 

Пакистанда 47 жүргүнчүсү менен учак кыйроого учураса, Парижде актер Жонни Депптин кызы катышкан Chanel Metiers D'Art мода үйүнүн иш-чарасы болуп өттү.

Тема боюнча

Декабрдагы жамгыр: көлчүктө калган Ак үй менен "Ала-Тоо" аянты
Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан базардын кулаган чатырына чейин
Апта ирмеми: 145 метрлик имаратка чыккан жөргөмүш адамдан топ тепкен Путинге чейин
Белгилер:
дүйнө, окуя, маданият, кырсык, Сүрөт, Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, Болгария, Индонезия

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ