23:00 26 Бугу 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан базардын кулаган чатырына чейин

Кыскача шилтеме алуу
1534 0 0
  • Канкуранг — Африкадагы мандинка элинин диний кийимин кийип алып бийге түшкөн киши. Мындай костюм адатта баланы отургузганда жана күнөөлөрдөн арылып жатканда кийилет. Сүрөттө 1-декабрда өткөн президенттик шайлоо алдындагы иш-чара. Брикама, Гамбия
  • Ноябрдын аягында Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө жайгашкан чиркөөдө өрт чыгып, ал жанындагы мектепке жайылып кеткен. Жалындан чатырдын 1800 чарчы метри жабыркап, өрттү өчүрүүгө сегиз саат талап кылынган
  • Шейшемби күнү, 29-ноябрда, Дордойдун бир бөлүгү болгон Алкан базарындагы башкы өтмөктүн чатыры кулап калды. Беш киши жабыркап, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө институтуна жеткирилди
  • Колумбияда 81 жүргүнчүсү менен келе жаткан учак кырсыкка учурады. Анын 27си Шапекоэнсе футболдук клубунун футболчулары экени белгилүү болду. Кырсыктан 22 оюнчу каза таап, болгону алты адамдын аман экени айтылууда
  • Индиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн күнүн белгилөөгө даярдык
  • Омскиде Аяз атанын катышуусу менен оюн-зоокко күбө болгон балдар
  • Филиппинде бийик така кийген адамдар 500 метрлик жарышка түштү. Мелдешке айымдар менен бирге эле жигиттер да катышты. Баарына бут кийимдин такасы 7,5 сантиметрден кем эмес болушу керек деген талап коюлган
  • Франциянын борбор калаасы Парижде Victoria’s Secret Fashion Show 2016 болуп өттү. Быйыл иш-чарага 12 айым катышты
  • Британиялык актриса Хелен Миррен, америкалык Ума Турман жана немис фэшн-фотограф Петер Линберг (солдон оңго) Pirelli-2017 календарынын бет ачарында
  • Президент Алмазбек Атамбаев Ала-Арча мамелкеттик резиденцияда маалымат жыйын курду. Иш-чарага жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖМКлардан 156 өкүл чакырылган. Өлкө башчы төрт саат бою журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бул убакыт аралыгында ал ички жана тышкы саясат, инвестдолбоорлор, үйдө баккан жаныбарлары жана кийинки президент тууралуу сүйлөдү
  • Кореянын борбору Сеулда өлкө башчы Пак Кын Хенин отставкасы үчүн нааразылык акциясы болуп өттү. Түштүк Корея президентинин айланасындагы ызы-чуу анын жакын курбусу Цой Сун Силдин эч кандай кызмат ордун ээлебей туруп президенттин сүйлөй турган сөздөрүнө оңдоолорду киргизип келгени билингенден кийин чыккан. Мындан тышкары, Цой Сун Силь Samsung сыяктуу ири компаниялардан мажбурлап алган каражатты өзүнүн кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн уюмдарга которгон деп айыпталууда
  • АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Индиана штатындагы аэропортко келип конгон учуру
  • Бодибилддердин Бишкекте өткөн таймашы
  • Япониянын Тиба префектурасындагы Makuhari Messe көргөзмө борборунда Comic Con деп аталган комикс, тасма, видео оюндар жана аниме сүйүүчүлөрүнүн съезди өтүүдө
  • Бриджтаун жээги
  • Эль Классико деп аталган Барселона менен Реал Мадрид испан клубдарынын беттешти
  • Шотландиянын Кингуссисиндеги ак аюу
  • Бангладештин Дакка дарыясындагы балыкчылар
  • Фидель Кастро менен коштошуу зыйнатына келген Лас-Тунас шаарынын жашоочулары
© AFP / Marco LONGARI
"Канкуранг" — Африкадагы мандинка элинин диний кийимин кийип алып бийге түшкөн киши. Мындай костюм адатта баланы отургузганда жана күнөөлөрдөн арылып жатканда кийилет. Сүрөттө 1-декабрда өткөн президенттик шайлоо алдындагы иш-чара. Брикама, Гамбия

Sputnik Кыргызстан өткөн жума ичинде дүйнөдө болуп өткөн маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Гамбияда президенттик шайлоого "канкуранг" костюмдары менен даярданышса, Бишкекте чиркөө менен мектеп өрттөнүп кетти. Колумбияда футболчулар түшкөн учак кырсыкка учураса, Филиппинде бийик така кийгендер жарышка түштү.

Сеулда өлкө башчысы Пак Кын Хенин отставкасы үчүн массалык нааразычылык акциясы өтсө, "Дордойдун" бир бөлүгү болгон "Алкан" базарынын чатыры кулап түштү.

Франциянын борбору Парижде Victoria’s Secret Fashion Show 2016 өтсө, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыктаган маалымат жыйын курду.

Тема боюнча

Алоолонгон жалын жана куткаруучулар: чиркөөдө чыккан өрттүн сүрөттөрү
Ураган чатыр жана тез жардам: “Дордой" базарынан тартылган сүрөттөр
Белгилер:
кырсык, маданият, Сүрөт, апта ирмеми

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ