03:51 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: 145 метрлик имаратка чыккан жөргөмүш адамдан топ тепкен Путинге чейин

Кыскача шилтеме алуу
75211
  • Жөргөмүш адам каймана аттуу франциялык спортчу Ален Робер Барселонадагы 145 метрлик имаратка чыгып барды. Агбар мунарасы Испаниядагы эң бийик имараттардын арасында 13-орунда турат
  • Нью-Йоркто Macy’s Thanksgiving Day Parade аталышындагы үйлөмө оюнчуктардын парады өттү
  • Россиянын Добрянка шаарында жогорку вольттогу электр өткөргүч линияларына алп футболчулар түрүндө түркүктөр орнотулду
  • Делидеги көлмөнүн түбүн боеп жаткан аял (Индия)
  • Буга чейин Ислам мамлекети террордук уюму тарабынан өрттөлгөн мунай чыккан жерде футбол ойноп жаткан Ирактагы балдар
  • Бразилия президентинин Планалтудагы ордосу нааразылык акциясына чыккан индеецтер тарабынан басып алынды. Индеецтер айыл чарба тармагы менен өнөр жайдын өнүгүшү алардын жашоо образына терс таасир тийгизет деген ойдо
  • Токиодо 54 жылдан бери биринчи жолу кар жаады
  • Фидель Кастро менен коштошуу зыйнаты. Кубалык лидер 90 жаш курагында дүйнө салды
  • Рубин клубунун оюнчусу Жонатас ЦСКАнын футболчусу Алексей Березуцкий менен оюн учурунда
  • Блоггер Гиги менен ырчы Рекса Биби Лос-Анджелестеги American Music Awards музыкалык сынагындагы сыйлык тапшыруу аземинде
  • Израилде токой өрттөнүп, тилсиз жоо Иеросалимдин жанындагы Латруна районундагы аймакты каптады
  • Түштүк Кореядагы өкмөткө каршы уюштурулган акция. Бул иш-чарага 1,6 миллион адам катышып, эң масштабдуу акция болуп калды
  • Россиянын Ленинград облусундагы Точка-У комплексинде Россиянын ракеталык аскер жана артиллерия күнүнө карата ракета учурулду
  • АКШ президенти Барак Обама ырчы Дайана Россту эң кадырлуу делген Эркиндик медалы менен сыйлады
  • Америкалык ырчы Ариана Гранде Лос-Анджелестеги American Music Awards музыкалык сынагындагы сыйлык тапшыруу аземинде
  • Россиянын президенти Владимир Путин ФИФА президенти Жанни Инфантинону кабыл алып, Кремлде топ тээп жаткан учуру
© REUTERS / Albert Gea
Жөргөмүш адам каймана аттуу франциялык спортчу Ален Робер Барселонадагы 145 метрлик имаратка чыгып барды. Агбар мунарасы Испаниядагы эң бийик имараттардын арасында 13-орунда турат

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Нью-Йоркто салтка айланган Macy’s Thanksgiving Day Parade аталышындагы үйлөнмө оюнчуктардын парады өтсө, Кубада Фидель Кастро 90 жашында каза болду.

Ал ортодо франциялык спортчу Ален Робер 145 метрлик имаратка чыкса, Россиянын Добрянка шаарында жогорку вольттогу электр өткөргүч линияларына алп футболчулар түрүндө түркүктөр орнотулду.

Тема боюнча

Караколдогу зоопарктын жетекчиси: акчанын жогу жаныбарларга кесепетин тийгизип жатат
Башканы коюп, Манасты ук! Жети күндүк Манас айтууну түз алып көрсөтүү аяктады
Белгилер:
Сүрөт, апта, Владимир Путин