03:51 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: Лопестин өбүшүүсүнөн Бишкектеги аквапаркты чулгаган өрткө чейин

Кыскача шилтеме алуу
964 0 0
  • Галата мунарасынын төбөсүндөгү керемет көрүнүш. Стамбул. 14-ноябрда Ай Жерге эң жакын келди. Бул 1948-жылдан бери кайталана элек болчу. Дүйшөмбү күнү кечинде кыргызстандыктар күн баткандан кийин, саат 19.57де керемет көрүнүшкө – толгон Айга байкоо салды.
  • Шринагаредеги (Индия) күз
  • Будапештте (Венгрия) Romano Design иш-чарасынын көшөгө артындагы көрүнүшү
  • Лондондо WikiLeaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды 14-ноябрда суракка алышты. Анын алдында Лондондогу Эквадордун элчилигинин терезесинде жасанып, галстук тагынган мышык пайда болду. Ал эми сурактын жүрүшү боюнча бир ооз да билдирилген жок
  • Кычыраган кышта сууда сүзгөндү жактыргандардын Ак аю клубунун мүчөлөрү  Екатеринбургда шыргалаң сууга секирип жатат
  • Рио-де-Жанейро мамлекеттик кызматкерлер парламенттин имаратынын алдына экономикалык катуу режимге нааразылык билдирип чыкты. Буга губернатордун бюджетти кыскартуу боюнча сунуштаган чараларын депутаттардын талкуулоосу себеп болгон
  • Жаңы Зеландияда 14-ноябрда магнитудасы 7,9га жеткен зилзала болуп, эки адам каза тапкан. Маалыматтарда жер титирөө өлкөдөгү Амберли шаарынан түндүктү көздөй 56, ал эми Крайстчерч калаасынан түндүктү карай 97 чакырым жерде болгону айтылууда. Очогу жер алдында 10 чакырым тереңдикте деп табылган. Зилзала эки метрлик цунаминин жаралышына, жер көчүп, дарыялардын нугунан чыгышына жана дамбалардын бузулушуна себепкер болгон. Жаратылыш кырсыгы 1,4 миллиард доллар чыгымга учураткан
  • Бельгияда пенсия курагынын узартылышына нааразылыгын билдирип көчөгө чыккан аскер кызматкерлери полиция менен кагылышты. Кызматтагы жоокерлер нааразы топко карата суу атып, көздөн жаш чыгарган газ колдонду. Анткен менен акция анын катышуучулары менен полициянын кол кысып, жарашуусу менен аяктады.
  • АКШнын президенти Барак Обама шейшемби күнү Грецияга эки күндүк иш сапар менен келди. Ал аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Алексис Ципрасты реформа жүргүзгөндүгү менен куттуктады.  өЦипрастын айтымында, мындай кадамдар өлкөнү атаандаштыкка туруктуу кылат.
  • Кытайдагы Ханчжоудогу Сафари-парктагы алтын кыргоол АКШнын жаңы шайланган президентине кайсы бир жактарынан окшош болгондугу үчүн эл арасында белгилүү болуп кетти. Өзгөчө окшоштук канаттарын жайганы жана төбөсүндөгү жүнү болду деп айтышты ошол жердегилер.
  • Россиялык теннисчи  Мария Шарапова мельдоний чырынан кийин менен Лос-Анжелесте актер Патрик Демпси менен гибриддик жаңы Porsche Panamera автоунаасынын бет ачарын өткөрдү.
  • 2016-жылдын 18-ноябрында Бишкектин өрткө каршы кызматына Бишкектеги Ала-Тоо аквапаркында өрт чыкканы боюнча маалымат келип түшкөн. Өрттөнгөн жердин аянты болжол менен 1 000 чарчы метрди түзүп, тилсиз жоону өчүрүүгө беш бригада тартылган. Өрттөн жабыркап, зыянга учурагандар болгон жок.
  • Индиянын Уттар-Прадеш штатында поезддин 14 вагону жолдон чыгып кетип, 120дан ашуун адам кырсыктан каза тапты.
  • Baltimore Ravens командасы менен беттешкен Dallas Cowboys командасынын сүрөөнчү кыздары. Техас
  • Лас-Вегастагы Latin Grammy Awards-2016 сыйлыгын тапшыруу салтанатында ырчы Женнифер Лопес менен анын мурдагы күйөөсү Марк Энтони биргелешип сүйүү ырын аткаргандан кийин айкалыша туруп өбүштү.
© REUTERS / Yagiz Karahan
Галата мунарасынын төбөсүндөгү керемет көрүнүш. Стамбул. 14-ноябрда Ай Жерге эң жакын келди. Бул 1948-жылдан бери кайталана элек болчу. Дүйшөмбү күнү кечинде кыргызстандыктар күн баткандан кийин, саат 19.57де керемет көрүнүшкө – толгон Айга байкоо салды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу жана маанилүү делген окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Жердин жашоочулары өткөн аптада айдын топтоголок болуп толгонуна күбө болушту, ал эми Жаңы Зеландияда 7,8 баллга жеткен зилзала болду. АКШнын президенти Барак Обама шейшемби күнү Грецияга эки күндүк иш сапар менен келди, ал эми индиялык Уттар-Прадеш штатында поезддин 14 вагону жолдон чыгып кетип, 120дан ашуун адам кырсыктан каза тапты

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатында экономикалык катуу режимге каршы нааразылык өтсө, Американын Техас штатында Dallas Cowboys менен Baltimore Ravens беттешүүсү болду. 

Лондондо WikiLeaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды суракка алышты. Екатеринбургда сууда сүзүүнүн кышкы түрү боюнча машыккандар тешилген музга бой урушту. 

Бельгиянын аскер адамдары пенсия курагынын узартылышына наарызылыгын билдирсе, Ханчжоудогу Сафари-парктагы алтын кыргоол АКШнын жаңы шайланган президентине кайсы бир жактарынан окшош болгондугу үчүн эл арасында белгилүү болуп кетти. Өзгөчө окшоштук канаттарын жайганы жана төбөсүндөгү жүнү болду деп айтышты ошол жердегилер. 

Россиялык теннисчи Мария Шарапова мельдоний чырынан кийин Лос-Анжелесте жаңы Porsche бет ачарын өткөрдү. Ал эми Бишкекте "Ала-Тоо" аквапаркы өрткө чулганды. Индияда күз келди, ал эми Лас-Вегастагы Latin Grammy Awards-2016 сыйлыгын тапшыруу салтанатында ырчы Женнифер Лопес менен анын мурдагы күйөөсү Марк Энтони биргелешип сүйүү ырын аткаргандан кийин айкалыша туруп өбүштү.

Тема боюнча

ЖМК: Индияда поезддин кырсыкташынан каза болгондордун саны 128ге жетти
Белгилер:
апта, Сүрөт, Жулиан Ассанж, Женифер Лопес