22:59 26 Бугу 2017
Түз эфир
Сүрөт

Бишкекке чыныгы кыш келди, ак карга оронгон шаар

Кыскача шилтеме алуу
311 0 0
  • Бишкек аппак карга бөлөндү
  • Жол тайгак болгондуктан транспорттун кыймылы жайлап жарандар ишке кечигип барышты
  • Тажрыйбасы жок айдоочулар коомдук унааларга отурушту
  • Муниципалдык кызматкерлер тротуарлардан тышкары бактарды да оор кардан арылтып жатат
  • Кышкы таза аба күчүгүң менен сейилдөөгө жакшы себеп
  • Күн суукка карабастан велосипединен түшпөгөн жаран
  • Кыздар жылуу кийимге өтүштү
  • Аппак карга бөлөнгөн Эркиндик бульвары
  • Кардан жашынып кол чатыр көтөргөн жарандар
  • Кар баскан отургучтар бош калды
  • Балдардын сүйүктүү селкинчектери да бош калып, көлчүктөр музга айланды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкек аппак карга бөлөндү

Синоптиктер болжогон кар кечээ түндө башталып бүгүн түшкө чейин жаады. Аппак карга бөлөнгөн Бишкекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Бишкек шаарында эртең дагы кар жаашы күтүлөт. Алыскы райондорго кар аралаш жаан жаап, карагайлар менен зымдарга муз тоңот. Жолдор тайгак болуп, тоолуу жерлерде кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Төө-Ашуу, Чоң-Ашууларда аба ырайы 20 градуска чейин муздайт.

Тема боюнча

Бишкектеги кар. Кар алдында калган розалар, шайтан арабачан байке
Көп күттүргөн кар шаардыктарды эшикке алып чыкты
Белгилер:
суук, аба ырайы, кар, кыш, Бишкек

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ