17:00 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Сүрөт

Кыргызстандан барган делегация Каримовдун зыйнатында турду

Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салды (22)
36310
  • Ажосунан айрылган азалуу самарканддыктар
  • Өзбекстан  эл уулунан, эл башынан айрылды. Ала топу кийген өзбектин бир уулу дүйнө салды.
  • Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация  Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Самаркандга келгендердин тобунда бара жатат
  • Эл башы менен коштошууга миңдеген эл келди. Ислам Каримовдун колдон колго өткөн табыты акыркы жайга багыт алды
  • Журт атасынан айрылганына ишенгиси келбеген самарканддыктар
  • Өзбек лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына 17 өлкөнүн делегациясы келди
  • Өзбекстандын Дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Усмонхон Алимов Ислам Каримовдун жаназасын окуду
  • Акыркы 20 жыл ичинде Шахи-Зиндага эч кимди койгон эмес, бирок, Өзбекстандын туңгуч президенти үчүн орун табылды
  • Ак гүлдөр. Ошентип, акыркы жайды Ислам Каримов ушул жерден тапты. Анын ата-энесинин жанынына коюлду деп айтышты. Коштошуу зыйнатына Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Афганистандын президенттери да келди
  • Өзбекстан үч күн аза күтөт
  • Премьер-министр Жээнбеков өзбек лидери Каримовду акыркы жайга узатып жатканда эскерүү сөзүн айтты
  • Каримовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана өзбек элине Кыргызстандын атынан көңүл айтылды
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ажосунан айрылган азалуу самарканддыктар

Өзбек лидерин акыркы сапарга узатууга миңдеген адам катышып, зыйнатка 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери келди.

Каримовдун сөөгү бүгүн эртең менен Ташкенттен Самаркандга алып келинген. Ата-энесинин үйүндө өлүк каадасы жасалып, Регистан аянтында жаназасы окулду. Андан соң Шахи-Зинда көрүстөнүнө алып келинип, ата-энесинин жанына коюлду. Каримовдун мүрзөсү XIX кылымдагы Хазрет-Хизр мечитинин жанында жайгашкан. 

Президенттин табытын шаардык аянттан көрүстөнгө чейин туугандары менен жакындары көтөрүп келишти. Ал эми акыркы сапарга узатууга миңдеген адам катышып, зыйнатка 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери катышты.

Тема:
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салды (22)

Тема боюнча

Ислам Каримов жерге берилди
Каримов 6 күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан
Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер Самаркандга узатты
Белгилер:
аза күтүү күнү, зыйнат, өлүм, көңүл айтуу, Сооронбай Жээнбеков, Ислам Каримов, Өзбекстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ