12:43 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Сүрөт

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 25 маанилүү сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
40110
  • 1991-жыл. Горбачевдин СССРдин президенти катары жасаган акыркы сапары. Сүрөттө Акаев, Исанов жана Горбачев Ош базарында
  • 1992-жыл. Кыргызстан БУУга мүчө болуп, башка мамлекеттин элчиликтери катары менен ачыла баштаган. Сүрөттө Аскар Акаев менен Түркиянын премьер-министри Сүлейман Демириел Кыргызстанда Түркиянын элчилигин ачуу аземинде
  • 1993-жылы Улуттук валюта сом жүгүртүүгө чыккан
  • 1994-жылы Кыргызстан PESAC программасынын мүчөсү болгон. Кыргызстанда бир нече өнөр-жайлар жабылган. Бирок Кант цемент-шифер заводу ишин сактап калган. Сүрөттө Фрунзе атындагы завод
  • 1995-жыл. Социалдык көйгөй көбөйгөн. Дээрлик бардык ооруканаларда ысык суу да чыкпай калган
  • 1996-жыл. Жалал-Абадда нефтини кайта иштетүүчү завод курулган. Балдар андан чыккан продукцияларды жолдо сатып жатат
  • 1997-жыл. Бишкектин бекетиндеги челнокчулар
  • 1998-жыл. Ысык-Көлдүн Барскоонундагы авария. Цианид ташыган жүк ташуучу унаа сууга кулап кеткен
  • 1999-жыл. Баткен окуясы
  • 2000-жыл. Акаев үчүнчү жолу президент болууга аракет кылган. Мындай кадам Баш мыйзамга туура келбесе дагы Конституциялык сот ага уруксат берген
  • 2001-жыл. Акаев үй-бүлөсү менен. Аялы Майрам, кызы Бермет, уулу Айдар
  • 2002-жыл. Аксы окуясы. Тынч элге атылган ок. Сүрөттө ачкачылык жарыялап каза болгон жарандык активист Шералы Назаркуловдун зыйнаты
  • 2003-жыл. Кыргызстан мамлекеттүүлүгүнүн 2 200 жылдыгын белгиледи. Сүрөттө Бурана мунарасы
  • 2004-жыл. Президент реалдуулук менен болгон байланышын жогото баштаган. Акаевдин акыркы чыккан китеби ушундай аталган
  • 2005-жыл. Жоогазын революциясы
  • 2006-жыл. Криминал дагы бийликке келүүгө умтулган. Рысбек Акматбаев митингге чыгып, аны депутаттыкка талапкер катары каттоону талап кылган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев митингге чыгып ага сөз бергенге мажбур болгон
  • 2007-жыл. Конституциялык реформаны талап кылган мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун макулдашылбаган митингин таркатуу
  • 2008-жыл. Өлкөдө энергетикалык кризис болуп, маал-маалы менен жарык өчүрүүлөр башталган. Президент Бакиев элге тезек тергиле деген
  • 2009-жыл. Президенттик шайлоо Бакиевдин режими тарабынан жасалмаланган. Балыкчыдагы каршылык акциясынан кийин 19 кишиге кылмыш иши ачылган
  • 2010-жыл. Апрель окуялары
  • 2011-жыл. Бишкек шаарына Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлган
  • 2012-жыл. Путин Бишкекке келген
  • 2013-жыл. Советтик Кыргызстанда көп жылдар бою маданият министри болуп иштеген Күлүйпа Кондучалова каза болгон
  • 2014-жыл. Биринчи Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
  • 2015-жыл. Датка жана Кемин подстанциялары курулуп, аларды бириктирген жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушу аяктаганй
© Фото / Валерий Морев
1991-жыл. Горбачевдин СССРдин президенти катары жасаган акыркы сапары. Сүрөттө Акаев, Исанов жана Горбачев Ош базарында

Кыргызстан 31-августта өз Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп АКШ, Түркия, Россия, Кытай тааныган. Жалпысынан 135 мамлекет өлкөнүн суверендүүлүгүн кабыл алган. Алардын 96сы менен дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1993-жылы 5-майда эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган.

Тема боюнча

СССРдин туулган күнү. Советтик Кыргызстандын тарых бүктөмүндө калган сүрөттөрү
Ордолуу Ош, туулган күнүң менен! Тарыхый сүрөттөр сүйлөйт
Белгилер:
эгемендүүлүк, Сүрөт, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ