07:40 05 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Сүрөт

Тайлак баатырдын 220-жылдыгы. Соң-Көлдөгү ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
638 0 0
  • Тайлак баатырдын Ак-Талаа районундагы реставрацияланган күмбөзү. Оңдоп-түзөө иштерин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кыргызреставрация ишканасы жүргүзүп, 28-июль күнү аяктады
  • Баатырдын арбагына багыштап куран окуу
  • Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөөнүн алдында ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков күмбөзгө барып, куран түшүрүштү
  • Андан кийинки иш-чара Соң-Көлдө уланды
  • Кыйын кезең... Кыргыздын башына түшкөн мүшкүл
  • Катуудан казан, жумшактан күл калбаган кыргын
  • Кыргыздын желеги кайрадан желбиреди
  • Мааракеде ЖК төрагасы менен өкмөт башчы Тайлак баатырдын тарыхтагы ордун белгилешти
  • Кыргызстандын булуң-бурчунан келген конокторду кереметтүү көл кылаасы жаан-чачындуу аба ырайы менен бирге берекелүү дасторкон, шатыра-шатман маанай жана меймандос эли менен тосуп алды
  • Оюн-зоокко күбө болгон эл
  • Тойго сайгашка күлүктөрүн жетелеген саяпкерлер, ит төрөсү тайгандарын ээрчиткен тайганчылар менен колуна бүркүтүн кондурган мүнүшкөрлөр да келишти
  • Эки кылым мурун жашаган Тайлак баатырдын эрдиги муундан муунга үлгү болуп кала бермекчи
  • Салтанат өнөрпоздордун чоң программадагы концерти менен коштолду
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Тайлак баатырдын Ак-Талаа районундагы реставрацияланган күмбөзү. Оңдоп-түзөө иштерин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргызреставрация" ишканасы жүргүзүп, 28-июль күнү аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда айтылуу Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын булуң-бурчунан келген конокторду кереметтүү көл кылаасы жаан-чачындуу аба ырайы менен бирге берекелүү дасторкон, шатыра-шатман маанай жана меймандос эли менен тосуп алды.

Тайлак баатырдын айкели. Архив
© Фото / Госдирекция по подготовке и проведению года истории и культуры
Тайлак баатырдын Ак-Талаадагы оңдолгон күмбөзүнө барып куран окуу менен башталган иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок, ири программадагы концерт жана бүйүр кызыткан ат оюндары менен коштолду.

Салтанатка келген Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тайлак баатырдын тарыхтагы ордуна токтолушуп, эркиндик кыргыз элинин башкы байлыгы экенин айтышты.

Тема боюнча

Өлбөс өмүр: Соң-Көлдө Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди
"Оймо – 2016": этникалык мода, бий жана майрамдык парад
Белгилер:
салтанат, Сүрөт, Тайлак баатыр, Соң-Көл

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ