Ордолуу Ош шаарынын күнүмдүк жашоосу тууралуу сүрөт баян

Жазылуу
500 миң тургун жашоо кечирген Ош шаары бүгүнкү күндө дүркүрөп өсүү жолунда. Жаңы көпүрө курулуп бүтүп, колдонууга берилген.

Шаарда өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашайт. Алардын көпчүлүгү базарда соода менен алектенет.

Төө-Ашуу ашуусу - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуу. Эки сааттык сапар маалында бардык мезгилге туш болосуз
Ош шаары Кыргызстандын аймагындагы байыркы шаарлардын бири. Шаар Кичи-Алай тоо кыркасынын түндүк этегиндеги Фергана өрөөнүнүн четинде деңиз деңгээлинен 1000 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Шаардын борборунда Ак-Буура суусунун сол жээгинен Сулайман тоосу орун алган. Анын узундугү – 1140, туурасы – 560 метрди түзөт. Чыгыш чокусунда дээрлик 150 метр бийиктикте архитектура эстелиги жана шаардын эн кооз жерлердинин бири Сулайман Так мечити курулган. Келген туристтердин көпчүлүгү түңкүсүн тоого чыгып, Ош шаарынын кооздугуна суктанышат. 

Ош шаарынын кооздугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарына кире бериште Алымбек датка менен эки жолборстун эстелиги тосуп алат. Ал эми шаар ушул аркадан башталат
Ош шаарына кире бериште Алымбек датка менен эки жолборстун эстелиги тосуп алат. Ал эми шаар ушул аркадан башталат - Sputnik Кыргызстан
1/12
Ош шаарына кире бериште Алымбек датка менен эки жолборстун эстелиги тосуп алат. Ал эми шаар ушул аркадан башталат
© Sputnik / Исмаил МамытовШаардын көпчүлүк бөлүгүн базар ээлеп турат. Ал жерден чанда кездешчү гүлдөрдүн уругун да тапса болот
Шаардын көпчүлүк бөлүгүн базар ээлеп турат. Ал жерден чанда кездешчү гүлдөрдүн уругун да тапса болот - Sputnik Кыргызстан
2/12
Шаардын көпчүлүк бөлүгүн базар ээлеп турат. Ал жерден чанда кездешчү гүлдөрдүн уругун да тапса болот
© Sputnik / Исмаил МамытовОшто шекерди чанда колдонушат. Уламыш боюнча майлуу мантудан кийин көк чайга нават салып ичүү керек. Ошол үчүн базардан тоодой үйүлгөн наваттарды кезиктирүүгө болот
Ошто шекерди чанда колдонушат. Уламыш боюнча майлуу мантудан кийин көк чайга нават салып ичүү керек. Ошол үчүн базардан тоодой үйүлгөн наваттарды кезиктирүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
3/12
Ошто шекерди чанда колдонушат. Уламыш боюнча майлуу мантудан кийин көк чайга нават салып ичүү керек. Ошол үчүн базардан тоодой үйүлгөн наваттарды кезиктирүүгө болот
© Sputnik / Исмаил МамытовЖайма базар. Бул жер түнгө дейре иштей берет
Жайма базар. Бул жер түнгө дейре иштей берет - Sputnik Кыргызстан
4/12
Жайма базар. Бул жер түнгө дейре иштей берет
© Sputnik / Исмаил МамытовӨзгөн күрүчүнөн демделген аш. Аны базардын так ортосунда жайгашкан чайхананын ашпозчусу демдеген
Өзгөн күрүчүнөн демделген аш. Аны базардын так ортосунда жайгашкан чайхананын ашпозчусу демдеген - Sputnik Кыргызстан
5/12
Өзгөн күрүчүнөн демделген аш. Аны базардын так ортосунда жайгашкан чайхананын ашпозчусу демдеген
© Sputnik / Исмаил МамытовОшко келген коноктор сөзсүз түрдө улуттук кийимдер жайгашкан базарга баш багышат. Ал жактан таза кийизден жасалган калпактарды, шөкүлөлөрдү кезиктирүүгө болот
Ошко келген коноктор сөзсүз түрдө улуттук кийимдер жайгашкан базарга баш багышат. Ал жактан таза кийизден жасалган калпактарды, шөкүлөлөрдү кезиктирүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
6/12
Ошко келген коноктор сөзсүз түрдө улуттук кийимдер жайгашкан базарга баш багышат. Ал жактан таза кийизден жасалган калпактарды, шөкүлөлөрдү кезиктирүүгө болот
© Sputnik / Исмаил МамытовКургатылган мөмө-жемишсиз түштүк базарын элестетүү мүмкүн эмес
Кургатылган мөмө-жемишсиз түштүк базарын элестетүү мүмкүн эмес - Sputnik Кыргызстан
7/12
Кургатылган мөмө-жемишсиз түштүк базарын элестетүү мүмкүн эмес
© Sputnik / Исмаил МамытовКечки базардагы тамшандырган тандыр нандары
Кечки базардагы тамшандырган тандыр нандары - Sputnik Кыргызстан
8/12
Кечки базардагы тамшандырган тандыр нандары
© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарында "Кылым курулушу" деп аталган эстакадалык көпүрө 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражатынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар төрт тилке менен жүрөт
Ош шаарында Кылым курулушу деп аталган эстакадалык көпүрө 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражатынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар төрт тилке менен жүрөт - Sputnik Кыргызстан
9/12
Ош шаарында "Кылым курулушу" деп аталган эстакадалык көпүрө 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражатынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар төрт тилке менен жүрөт
© Sputnik / Исмаил МамытовЭстакадалык көпүрөнүн төмөнкү көрүнүшү. Жаштар көбүнчө бул жерден жетелешип басканды жактырышат
Эстакадалык көпүрөнүн төмөнкү көрүнүшү. Жаштар көбүнчө бул жерден жетелешип басканды жактырышат - Sputnik Кыргызстан
10/12
Эстакадалык көпүрөнүн төмөнкү көрүнүшү. Жаштар көбүнчө бул жерден жетелешип басканды жактырышат
© Sputnik / Исмаил МамытовЖаңы эстакадалык көпүрө колдонууга берилген соң, бул жерди шаар тургундары "эски көпүрө" деп атап калышкан
Жаңы эстакадалык көпүрө колдонууга берилген соң, бул жерди шаар тургундары эски көпүрө деп атап калышкан - Sputnik Кыргызстан
11/12
Жаңы эстакадалык көпүрө колдонууга берилген соң, бул жерди шаар тургундары "эски көпүрө" деп атап калышкан
© Sputnik / Исмаил МамытовТүнкү шаар ай шооласында көз жоосун алат. Келген туристтер кечкисин Сулайман Тоого чыгып сүрөткө түшүүнү салтка айланткан.
Түнкү шаар ай шооласында көз жоосун алат. Келген туристтер кечкисин Сулайман Тоого чыгып сүрөткө түшүүнү салтка айланткан. - Sputnik Кыргызстан
12/12
Түнкү шаар ай шооласында көз жоосун алат. Келген туристтер кечкисин Сулайман Тоого чыгып сүрөткө түшүүнү салтка айланткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0