15:43 30 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Сүрөт

"Кайра куруунун" атасы Михаил Горбачев 85 жашка чыкты

Кыскача шилтеме алуу
187 0 0
  • Михаил Горбачев Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетин 54 жашында жетектеген. 74 жаштагы Константин Черненкодон кийин жаңы жетекчинин курагы өспүрүм сыяктуу кабыл алынган. 1986-жылдын 6-мартында Горбачев Башкы катчылыкка кайрадан шайланып, 1990-жылдын 15-мартында СССРдин президенти болуп шайланган. Бул улуу державанын тарыхындагы биринчи жана акыркы президенттик болду
  • Михаил Горбачев РСФСРдин Түндүк-Кавказ крайынын Привольный айылында төрөлгөн. Эмгек жолун Улуу Ата Мекендик согуштан кийин баштап, 15 жашында машина-трактор станциясында механизатор болуп иштеген. Сүрөттө: Михаил Горбачев, 1935-жыл
  • Михаил Горбачевдон улам эл Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетин башчысынын да үй-бүлөсү — жубайы, балдары, неберелери бар экенин билген
  • Леонид Брежневдин түшүнүксүз тилинен кийин Михаил Горбачевдун сөзү мазмуну жагынан да, формасы жагынан да кескин айырмаланып турган.  Сүрөттө: Михаил Горбачевдун 1988-жылдын март айында Югославияга болгон сапары
  • СССРдин президенти Казакстандын дың жеринде
  • Михаил Горбачев советтик лидерлердин арасынан биринчи болуп жубайын элге алып чыкты. Сүрөттө: АКШ президенти Рональд Рейган жубайы Нэнси Рейган менен жана ССКП БКнын башкы катчысы Михаил Горбачев жубайы Раиса Максимовна менен театрдагы балет кечесинде
  • Михаил Горбачев биринчи болуп эл аралып, СССРдин тышкы саясатын өзгөрттү, ачык-айкындуулукту колдоду
  • Жубайлар 46 жыл бирге өмүр сүрүштү. Раиса Максимовна 1999-жылы 20-сентябрда Германиянын Мюнстер шаарындагы ооруканалардын биринен лейкемиядан каза болгон
  • 1990-жылы Михаил Горбачевго тынчтыктын өкүм сүрүүсүнө кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы тапшырылган. Бүгүнкү күндө ал аталган сыйлык ыйгарылган Россиядагы экинчи адам. Ага чейин Нобель сыйлыгы 1975-жылы Андрей Сахаровго берилген. Саясый куугунтукта жүргөн Сахаровду Горбачев өлкөгө кайтарган
  • ССКП БКнын башкы катчысы Михаил Горбачев менен ССКП БКнын саясий кеңешинин мүчөсү, СССР министрлер кеңешинин төрагасы Николай Рыжков америкалык товарлардын көргөзмөсүндө
  • Горбачевдун башкаруу мезгилин кансыз согуштун аякташы менен байланыштырышат
  • Нобель сыйлыгынан алган бир миллион долларга чукул каражатты Горбачев жубайынын ишмердүүлүгүн колдоо максатында бир катар ооруканаларга бөлүштүрүп берген. Раиса Максимовна Советтер Союзунда кайрымдуулукту түптөп кетти. Биринчи айым болбой калганда да лейкоз менен жабыркаган наристелерге жардам берип келген
  • 1991-жылдын 19-августунда Горбачевдун санаалаштары ӨКМК (ГКЧП) түзүлгөнүн жар салышкан. Алар Крымда эс алып жүргөн президенттен өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыялоону же бийликти убактылуу вице-президент Геннадий Янаевге өткөрүп берүүсүн талап кылышкан. Горбачев бул талапты кабыл албай, Форостон үч күнгө чейин чыга албай калган. 1991-жылдын 25-декабрында Беловеж макулдашуусунан кийин Горбачев СССР президенти катары ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялап, стратегиялык өзөктүк куралды башкарууну Россиянын президенти Борис Ельцинге өткөрүп берген
  • Михаил Горбачев жана жубайы Раиса Горбачева Улуу Британиянын премьер-министри Маргарет Тэтчер. СССР делегациясынын Улуу Британияга болгон иш сапары
  • Горбачевдун алган сыйлыктарына эсеп жетпейт. Бир нече наамдарынын катарын 2000-жылы ыйгарылган Доор адамы толуктаган. Сүрөттө: Владимир Путин менен Михаил Горбачев Дрезден шаарында өтүп жаткан россия-германиялык форумда
  • Михаил Горбачевдун тарыхтагы ордуна бир тараптуу баа берүү кыйын. Бийликте турганда эл аны ар кандай атап, урушуп жатты. Бирок ошол эле өлкө Горбачев элге жаңы жашоого үмүт тартуулаганын да мойнуна алат.
© AP Photo / Boris Yurchenko
Михаил Горбачев Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетин 54 жашында жетектеген. 74 жаштагы Константин Черненкодон кийин жаңы жетекчинин курагы өспүрүм сыяктуу кабыл алынган. 1986-жылдын 6-мартында Горбачев Башкы катчылыкка кайрадан шайланып, 1990-жылдын 15-мартында СССРдин президенти болуп шайланган. Бул улуу державанын тарыхындагы биринчи жана акыркы президенттик болду

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Сергеевич Горбачев 1931-жылы 2-март күнү РСФСРдин Түндүк-Кавказ крайынын Привольный айылында төрөлгөн.

Анын башкаруу мезгилинде "кайра куруу" — СССРдин экономикалык жана саясий структурасында жаңы идеология таратуу менен масштабдуу реформа башталган. Анын максаты улуу державада калыптанып калган коомдук-саясий жана экономикалык түзүлүштү ар тараптуу демократиялаштыруу эле. 

Горбачевдун алган сыйлыктарына эсеп жетпейт. Бир нече наамдарынын катарын 2000-жылы ыйгарылган "Доор адамы" толуктаган.

Өзүнүн мааракесин Горбачев үй-бүлө жана досторунун арасында өткөрүүнү чечкен. Салтанатка саясатчылар, классташтары, тилектештери болуп жалпы жонунан 150 киши чакырылган.

Тема боюнча

Кайра куруу, улуу державанын кыйрашы жана эгемен мамлекеттин жаралышы сүрөттөрдө
Белгилер:
кайра куруу, маараке, Михаил Горбачев

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ