Апта ирмеми: мушкерлердин жеңишинен Рим папасына алдында бийлеген кыздарга чейин

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бир жумада болгон олуттуу жана кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун тартуулайт.

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде. - Sputnik Кыргызстан
Канжалаган мурун жана жеңиштин даамы – сүрөттө калган мушкерлердин эмоциялары
Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктап, командалык эсепте КР курама командасы биринчи болду.

Зика вирусу Латын Америкага жайылууда, афганистандык бала атактуу футболист Мессини күтүп жатат.

Европа мамлекеттеринде карнавалдар өтүүдө. Кыштын аякташын жана жаздын келишин айкындаган майрамды Италиянын, Испаниянын жана Болгариянын тургундары белгилешти.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктап, командалык эсепте КР курама командасы биринчи болду
Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктап, командалык эсепте КР курама командасы биринчи болду - Sputnik Кыргызстан
1/15
Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктап, командалык эсепте КР курама командасы биринчи болду
© REUTERS / Marcelo del PozoИспаниядагы Flamenco Fashion Show мода көргөзмөсү. Анда 1200дөн ашык эксклюзивдүү кийимдер көрөрмандардын назарына сунушталды
Испаниядагы Flamenco Fashion Show мода көргөзмөсү. Анда 1200дөн ашык эксклюзивдүү кийимдер көрөрмандардын назарына сунушталды - Sputnik Кыргызстан
2/15
Испаниядагы Flamenco Fashion Show мода көргөзмөсү. Анда 1200дөн ашык эксклюзивдүү кийимдер көрөрмандардын назарына сунушталды
© AFP / KAZUHIRO NOGI Токиодогу зоопаркта качып кеткен жаныбарларды кармоо боюнча окуу өттү
Токиодогу зоопаркта качып кеткен жаныбарларды кармоо боюнча окуу өттү - Sputnik Кыргызстан
3/15
Токиодогу зоопаркта качып кеткен жаныбарларды кармоо боюнча окуу өттү
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКачкындар лагериндеги балдар үйүн жылытуу үчүн отун даярдап жатат. Хомс Баба Амр району
Качкындар лагериндеги балдар үйүн жылытуу үчүн отун даярдап жатат. Хомс Баба Амр району - Sputnik Кыргызстан
4/15
Качкындар лагериндеги балдар үйүн жылытуу үчүн отун даярдап жатат. Хомс Баба Амр району
© REUTERS / KCNAТүндүк Корея "Сохэ" космодромунан баллистикалык ракета учурду. Он мүнөттөн кийин ал Япониянын Окинава перфектурасынын аба мейкиндигинен учуп өткөн. Түндүк Кореянын бул аракетин бир катар мамлекеттер сынга алды. Өлкөнүн борбордук телеканалы "Кванменсон-4" жасалма спутниги ийгиликтүү учурулганын жарыялады
Түндүк Корея Сохэ космодромунан баллистикалык ракета учурду. Он мүнөттөн кийин ал Япониянын Окинава перфектурасынын аба мейкиндигинен учуп өткөн. Түндүк Кореянын бул аракетин бир катар мамлекеттер сынга алды. Өлкөнүн борбордук телеканалы Кванменсон-4 жасалма спутниги ийгиликтүү учурулганын жарыялады - Sputnik Кыргызстан
5/15
Түндүк Корея "Сохэ" космодромунан баллистикалык ракета учурду. Он мүнөттөн кийин ал Япониянын Окинава перфектурасынын аба мейкиндигинен учуп өткөн. Түндүк Кореянын бул аракетин бир катар мамлекеттер сынга алды. Өлкөнүн борбордук телеканалы "Кванменсон-4" жасалма спутниги ийгиликтүү учурулганын жарыялады
© REUTERS / KYODOЯпониянын түштүгүндөгү Кагосима провинциясында Сакурадзима жанар тоосу атылды. Ал "Сэндай" атом электр станциясынан 50 чакырым алыстыкта орун алган. Жанар тоонун атылышынан каза болгондор тууралуу маалыматтар түшкөн эмес
Япониянын түштүгүндөгү Кагосима провинциясында Сакурадзима жанар тоосу атылды. Ал Сэндай атом электр станциясынан 50 чакырым алыстыкта орун алган. Жанар тоонун атылышынан каза болгондор тууралуу маалыматтар түшкөн эмес - Sputnik Кыргызстан
6/15
Япониянын түштүгүндөгү Кагосима провинциясында Сакурадзима жанар тоосу атылды. Ал "Сэндай" атом электр станциясынан 50 чакырым алыстыкта орун алган. Жанар тоонун атылышынан каза болгондор тууралуу маалыматтар түшкөн эмес
© AP Photo / UncreditedТайвандын түштүк аймагындагы аралда күчү 6,4 магнитудага жеткен жер силкинди. Анын кесепетинен бир нече үйлөр урады. Кырсыктан 34 киши каза болсо, 515 киши жаракат алган. Куткаруучулар жер алдында калган 120 кишини куткарууга аракет кылууда. Ага 600дөн ашык киши катышууда
Тайвандын түштүк аймагындагы аралда күчү 6,4 магнитудага жеткен жер силкинди. Анын кесепетинен бир нече үйлөр урады. Кырсыктан 34 киши каза болсо, 515 киши жаракат алган. Куткаруучулар жер алдында калган 120 кишини куткарууга аракет кылууда. Ага 600дөн ашык киши катышууда - Sputnik Кыргызстан
7/15
Тайвандын түштүк аймагындагы аралда күчү 6,4 магнитудага жеткен жер силкинди. Анын кесепетинен бир нече үйлөр урады. Кырсыктан 34 киши каза болсо, 515 киши жаракат алган. Куткаруучулар жер алдында калган 120 кишини куткарууга аракет кылууда. Ага 600дөн ашык киши катышууда
© REUTERS / Akbar Nugroho Жакартада аткезчилик жолу менен алынган аң-терилер өрттөлүп жок кылынды. Жолборстун, крокодилдин, таш бакалардын жана башка сейрек кездешкен жаныбарлардын терилери атайын бочкаларда өрттөлдү
Жакартада аткезчилик жолу менен алынган аң-терилер өрттөлүп жок кылынды. Жолборстун, крокодилдин, таш бакалардын жана башка сейрек кездешкен жаныбарлардын терилери атайын бочкаларда өрттөлдү - Sputnik Кыргызстан
8/15
Жакартада аткезчилик жолу менен алынган аң-терилер өрттөлүп жок кылынды. Жолборстун, крокодилдин, таш бакалардын жана башка сейрек кездешкен жаныбарлардын терилери атайын бочкаларда өрттөлдү
© REUTERS / Paulo WhitakerЛабораториядагы Зика вирусун алып жүрүүчү Aedes albopictus чиркейлер. Бразилиянын 18 штатында Зика вирусунан жарым миллиондон ашык жаран жабыркаган. Бул вирусту алып жүргөн чиркейлерди жок кылуу үчүн өлкөнүн куралдуу күчтөрү 220 миң аскерди аймакка атайын химиялык кошулмаларды чачуу үчүн жөнөттү
Лабораториядагы Зика вирусун алып жүрүүчү Aedes albopictus чиркейлер. Бразилиянын 18 штатында Зика вирусунан жарым миллиондон ашык жаран жабыркаган. Бул вирусту алып жүргөн чиркейлерди жок кылуу үчүн өлкөнүн куралдуу күчтөрү 220 миң аскерди аймакка атайын химиялык кошулмаларды чачуу үчүн жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
9/15
Лабораториядагы Зика вирусун алып жүрүүчү Aedes albopictus чиркейлер. Бразилиянын 18 штатында Зика вирусунан жарым миллиондон ашык жаран жабыркаган. Бул вирусту алып жүргөн чиркейлерди жок кылуу үчүн өлкөнүн куралдуу күчтөрү 220 миң аскерди аймакка атайын химиялык кошулмаларды чачуу үчүн жөнөттү
© REUTERS / STEFAN WERMUTHБританиянын кино академиясы жана телеберүүдөгү искусство премиясы үчүн бет каптарды даярдоо. Аталган сыйлык кинематографиядагы, телеберүү искусствосунда, компьютердик оюндар дана балдар искусствосунда жетишилген ийгиликтер үчүн берилет
Британиянын кино академиясы жана телеберүүдөгү искусство премиясы үчүн бет каптарды даярдоо. Аталган сыйлык кинематографиядагы, телеберүү искусствосунда, компьютердик оюндар дана балдар искусствосунда жетишилген ийгиликтер үчүн берилет - Sputnik Кыргызстан
10/15
Британиянын кино академиясы жана телеберүүдөгү искусство премиясы үчүн бет каптарды даярдоо. Аталган сыйлык кинематографиядагы, телеберүү искусствосунда, компьютердик оюндар дана балдар искусствосунда жетишилген ийгиликтер үчүн берилет
© REUTERS / Kai Pfaffenbach4-февралда Германияда Weiberfastnacht карнавалы өттү. Иш чаранын катышуучулары жүрөк үшүн алчу каармандардын маскаларын тагып, алардын кейпин кийишет
4-февралда Германияда Weiberfastnacht карнавалы өттү. Иш чаранын катышуучулары жүрөк үшүн алчу каармандардын маскаларын тагып, алардын кейпин кийишет - Sputnik Кыргызстан
11/15
4-февралда Германияда Weiberfastnacht карнавалы өттү. Иш чаранын катышуучулары жүрөк үшүн алчу каармандардын маскаларын тагып, алардын кейпин кийишет
© REUTERS / Pilar Olivares Самба мектебинин окуучулары парад-конкурста. Рио-де-Жанейродо 5-февралда карнавал расмий түрдө ачылып, ал шаар мэриясынын алдында өттү. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча майрамдык иш чарага 1,026 миллион турист келери күтүлүүдө
Самба мектебинин окуучулары парад-конкурста. Рио-де-Жанейродо 5-февралда карнавал расмий түрдө ачылып, ал шаар мэриясынын алдында өттү. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча майрамдык иш чарага 1,026 миллион турист келери күтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
12/15
Самба мектебинин окуучулары парад-конкурста. Рио-де-Жанейродо 5-февралда карнавал расмий түрдө ачылып, ал шаар мэриясынын алдында өттү. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча майрамдык иш чарага 1,026 миллион турист келери күтүлүүдө
© REUTERS / Max RossiВатикандагы ыйык Петр аянтында Рим Папасы Францисктин алдында америкалык цирк артисттери бийлөөдө
Ватикандагы ыйык Петр аянтында Рим Папасы Францисктин алдында америкалык цирк артисттери бийлөөдө - Sputnik Кыргызстан
13/15
Ватикандагы ыйык Петр аянтында Рим Папасы Францисктин алдында америкалык цирк артисттери бийлөөдө
© AP Photo / Domenico StinellisВенециядагы Сан-Марко аянтындагы карнавалдын катышуучулары. Испанияда, Италия жана Болгарияда карнавал башталды. Шаардын көчөлөрүндө адаттан тыш кийим кийген кишилер майрамдык иш чарага катышууда. Бул майрам кыштын аякташын жана жаздын келишин айкындайт
Венециядагы Сан-Марко аянтындагы карнавалдын катышуучулары. Испанияда, Италия жана Болгарияда карнавал башталды. Шаардын көчөлөрүндө адаттан тыш кийим кийген кишилер майрамдык иш чарага катышууда. Бул майрам кыштын аякташын жана жаздын келишин айкындайт - Sputnik Кыргызстан
14/15
Венециядагы Сан-Марко аянтындагы карнавалдын катышуучулары. Испанияда, Италия жана Болгарияда карнавал башталды. Шаардын көчөлөрүндө адаттан тыш кийим кийген кишилер майрамдык иш чарага катышууда. Бул майрам кыштын аякташын жана жаздын келишин айкындайт
© REUTERS / Omar SobhaniМессинин күйөрманы кумири менен жолугууга даярданууда. Буга чейин интернетте желим баштыктан форма кийип, артына "Месси" деп жазып алып футбол ойногон баланын сүрөтү жарыяланган. Ал социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, баланы дүйнө боюнча издешкен. Журналисттер 5 жаштагы Муртаза Афганистанда жашарын аныкташкан. Месси кичинекей күйөрманына чыныгы майка белек кылууга сөз берген
Мессинин күйөрманы кумири менен жолугууга даярданууда. Буга чейин интернетте желим баштыктан форма кийип, артына Месси деп жазып алып футбол ойногон баланын сүрөтү жарыяланган. Ал социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, баланы дүйнө боюнча издешкен. Журналисттер 5 жаштагы Муртаза Афганистанда жашарын аныкташкан. Месси кичинекей күйөрманына чыныгы майка белек кылууга сөз берген - Sputnik Кыргызстан
15/15
Мессинин күйөрманы кумири менен жолугууга даярданууда. Буга чейин интернетте желим баштыктан форма кийип, артына "Месси" деп жазып алып футбол ойногон баланын сүрөтү жарыяланган. Ал социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, баланы дүйнө боюнча издешкен. Журналисттер 5 жаштагы Муртаза Афганистанда жашарын аныкташкан. Месси кичинекей күйөрманына чыныгы майка белек кылууга сөз берген
Жаңылыктар түрмөгү
0