Өткөн кылымдардагы кыргыздардын сүрөттөрү. Бай менен томояк. Өргөө менен алачык

Жазылуу
Улуттук кийимдер, сөйкө-чачпактар жана кылымдардан бери жашап келген боз үй боюнча Sputnik Кыргызстан архивдик сүрөттөрдүн топтомун сунуш кылат. Манаптар менен кедейлер октябрь революциясына чейин кандай эле…

Сүрөттөр өткөн кылымдын башында тартылган. Анда элдин оюнда "ак падышанын" тактан кулай турганы боюнча үмүтү да болгон эмес. Калк өз жашоосун баштан кечирип, манаптары манчыркап, жармачтары эптеп жан багып күндөр адатынча агыла берген. 

Төмөндө "1899-жылдагы көргөзмөдөгү Түркстандык сүрөттөр" деп аталган музейлик коллекция.

© предоставлено Центральным Госархивом КРКыргыз элинин кийимдеринин өзгөчөлүгүнө көчмөндүк жашоо образы эле эмес, катаал климат да таасир эткен. Сүрөттөгү балдар кийип турган малакай менен кишилердин башындагы тебетей абдан жылуу болгон. Ал эми жылуу болуш үчүн береги кийип турган чапандардын ортосуна пахта салып, шырып тигишкен
Кыргыз элинин кийимдеринин өзгөчөлүгүнө  көчмөндүк жашоо образы эле эмес, катаал климат да таасир эткен. Сүрөттөгү балдар кийип турган малакай менен кишилердин башындагы тебетей абдан жылуу болгон. Ал эми жылуу болуш үчүн береги кийип турган чапандардын ортосуна пахта салып, шырып тигишкен - Sputnik Кыргызстан
1/12
Кыргыз элинин кийимдеринин өзгөчөлүгүнө көчмөндүк жашоо образы эле эмес, катаал климат да таасир эткен. Сүрөттөгү балдар кийип турган малакай менен кишилердин башындагы тебетей абдан жылуу болгон. Ал эми жылуу болуш үчүн береги кийип турган чапандардын ортосуна пахта салып, шырып тигишкен
© предоставлено Центральным Госархивом КРСыртына чий каланган боз үйүнүн жанында турган кыргыз үй-бүлөсү. Сүрөт "Көчмөн кыргыздын талаадагы боз үйү" деп аталат
Сыртына чий каланган боз үйүнүн жанында турган кыргыз үй-бүлөсү.  Сүрөт  Көчмөн кыргыздын талаадагы боз үйү деп аталат - Sputnik Кыргызстан
2/12
Сыртына чий каланган боз үйүнүн жанында турган кыргыз үй-бүлөсү. Сүрөт "Көчмөн кыргыздын талаадагы боз үйү" деп аталат
© предоставлено Центральным Госархивом КРБул оокаттуу жердин кызы экендигин башындагы тебетейи, мойнундагы шуру-мончоктору жана кийип турган чапанынан боолголосок туура болчудай. Беш көкүл өрүлгөн чачы менен капкара каштары көзгө дароо урунат
Бул оокаттуу жердин кызы экендигин башындагы тебетейи, мойнундагы шуру-мончоктору жана кийип турган чапанынан боолголосок туура болчудай. Беш көкүл өрүлгөн чачы менен капкара каштары көзгө дароо урунат - Sputnik Кыргызстан
3/12
Бул оокаттуу жердин кызы экендигин башындагы тебетейи, мойнундагы шуру-мончоктору жана кийип турган чапанынан боолголосок туура болчудай. Беш көкүл өрүлгөн чачы менен капкара каштары көзгө дароо урунат
© предоставлено Центральным Госархивом КРБайлар менен манаптардын кыз-келиндери түркүн-түстүү жибек баштаган баалуу кездемелерден тигилген көйнөк-чапандарды кие турган. Сүрөттөгү атластан тигилген чапанчан жана анын жанындагы аял күмүш, баалуу таштардан жасалган чач уштуктар менен отурат. Башындагы элечекке караганда, кыязы булар түштүк аймактын жашоочулары
Байлар менен манаптардын кыз-келиндери түркүн-түстүү жибек баштаган баалуу кездемелерден тигилген көйнөк-чапандарды кие турган. Сүрөттөгү атластан тигилген чапанчан жана анын жанындагы аял күмүш,  баалуу таштардан жасалган чач уштуктар менен отурат. Башындагы элечекке караганда, кыязы булар түштүк аймактын жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
4/12
Байлар менен манаптардын кыз-келиндери түркүн-түстүү жибек баштаган баалуу кездемелерден тигилген көйнөк-чапандарды кие турган. Сүрөттөгү атластан тигилген чапанчан жана анын жанындагы аял күмүш, баалуу таштардан жасалган чач уштуктар менен отурат. Башындагы элечекке караганда, кыязы булар түштүк аймактын жашоочулары
© предоставлено Центральным Госархивом КРОрто жашаган кыргыздардын аялдары менен кыздарынын кийими өзгөчө бапестеп тигилген эмес. Ашыкча кооздолбостон, көйнөк, чапан жана баш кийимден турган. Албетте, колундагы оокатына карап, күмүштөн же ар кыл таштардан жасалган чолпу, чач уштук тагынышкан. Береги сүрөттөгү кичинекей кыздан башында – үкү топу. Кичинекейлерге шырылган чапандар кийгизилген
Орто жашаган кыргыздардын аялдары менен кыздарынын кийими өзгөчө бапестеп тигилген эмес. Ашыкча кооздолбостон,  көйнөк, чапан жана баш кийимден турган. Албетте,  колундагы оокатына карап, күмүштөн же ар кыл таштардан жасалган чолпу, чач уштук тагынышкан. Береги сүрөттөгү кичинекей кыздан башында – үкү топу. Кичинекейлерге шырылган чапандар кийгизилген - Sputnik Кыргызстан
5/12
Орто жашаган кыргыздардын аялдары менен кыздарынын кийими өзгөчө бапестеп тигилген эмес. Ашыкча кооздолбостон, көйнөк, чапан жана баш кийимден турган. Албетте, колундагы оокатына карап, күмүштөн же ар кыл таштардан жасалган чолпу, чач уштук тагынышкан. Береги сүрөттөгү кичинекей кыздан башында – үкү топу. Кичинекейлерге шырылган чапандар кийгизилген
© предоставлено Центральным Госархивом КРДербиш, думаналар жөнөкөй кыргыздардан кийген кийими, жүрүм-туруму менен кескин айырмалана турган
Дербиш, думаналар жөнөкөй кыргыздардан кийген кийими, жүрүм-туруму менен кескин айырмалана турган - Sputnik Кыргызстан
6/12
Дербиш, думаналар жөнөкөй кыргыздардан кийген кийими, жүрүм-туруму менен кескин айырмалана турган
© предоставлено Центральным Госархивом КРБул үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийинип тургандыгынан улам абдан эле оокаттуу экендигин байкоого болот
Бул  үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийинип тургандыгынан улам абдан эле оокаттуу экендигин байкоого болот - Sputnik Кыргызстан
7/12
Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийинип тургандыгынан улам абдан эле оокаттуу экендигин байкоого болот
© предоставлено Центральным Госархивом КРСүрөттөн XX кылымдын аягында жашаган кыргыздардын эркектеринин, аялдарынын, балдарынын кийингенин жана боз үйдүн ичин көрө алабыз. Төрдө жууркандар жана саймаланган оокат жыйылып турат. Отурган аялдын белдемчиси кештеленип сайылып, мыкты уздун колунан чыккандыгы көрүнүп турат
Сүрөттөн XX кылымдын аягында жашаган кыргыздардын эркектеринин, аялдарынын, балдарынын кийингенин жана боз үйдүн ичин көрө алабыз. Төрдө жууркандар жана саймаланган оокат жыйылып турат.  Отурган аялдын белдемчиси кештеленип сайылып, мыкты уздун колунан чыккандыгы көрүнүп турат - Sputnik Кыргызстан
8/12
Сүрөттөн XX кылымдын аягында жашаган кыргыздардын эркектеринин, аялдарынын, балдарынын кийингенин жана боз үйдүн ичин көрө алабыз. Төрдө жууркандар жана саймаланган оокат жыйылып турат. Отурган аялдын белдемчиси кештеленип сайылып, мыкты уздун колунан чыккандыгы көрүнүп турат
© предоставлено Центральным Госархивом КРҮй-бүлө анча оокаттуу болбогону менен аял жакшы көйнөк-чапан, жупуну эмес баш кийим жана шуру-чачпак менен отурат
Үй-бүлө анча оокаттуу болбогону менен аял жакшы көйнөк-чапан, жупуну эмес  баш кийим жана шуру-чачпак менен отурат - Sputnik Кыргызстан
9/12
Үй-бүлө анча оокаттуу болбогону менен аял жакшы көйнөк-чапан, жупуну эмес баш кийим жана шуру-чачпак менен отурат
© предоставлено Центральным Госархивом КРБиз көркөм чыгармалардан окуп жүргөн томояктар, кыязы ушундай шартта жашаган. Сүрөттө кадимки кара алачык
Биз көркөм чыгармалардан окуп жүргөн  томояктар, кыязы ушундай шартта жашаган. Сүрөттө кадимки кара алачык - Sputnik Кыргызстан
10/12
Биз көркөм чыгармалардан окуп жүргөн томояктар, кыязы ушундай шартта жашаган. Сүрөттө кадимки кара алачык
© предоставлено Центральным Госархивом КРБөбөгү менен турган өспүрүм кыз. Чачын беш көкүл өрүп, тебетей кийип алган. Чапаны топчулар жана тегерек күмүштөр менен кооздолгон
Бөбөгү менен турган өспүрүм кыз.  Чачын беш көкүл өрүп, тебетей кийип алган. Чапаны топчулар жана тегерек күмүштөр менен кооздолгон - Sputnik Кыргызстан
11/12
Бөбөгү менен турган өспүрүм кыз. Чачын беш көкүл өрүп, тебетей кийип алган. Чапаны топчулар жана тегерек күмүштөр менен кооздолгон
© предоставлено Центральным Госархивом КРСарыбагыш уруусунун манабы, эл башы Шабдан Жантаев. Кынаптап тигилген чапан, көкүрөгүндө орден, сыйлыктары, ал эми бутунда кымбат баалуу кепич-маасы.
Сарыбагыш уруусунун  манабы, эл башы Шабдан Жантаев.  Кынаптап тигилген чапан, көкүрөгүндө орден, сыйлыктары, ал эми бутунда кымбат баалуу кепич-маасы. - Sputnik Кыргызстан
12/12
Сарыбагыш уруусунун манабы, эл башы Шабдан Жантаев. Кынаптап тигилген чапан, көкүрөгүндө орден, сыйлыктары, ал эми бутунда кымбат баалуу кепич-маасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0