12:41 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Сүрөт

Апта ирмеми: "фитоняш" купальниктеринен тартып Киевдин "сүйүүсүнө" чейин

Кыскача шилтеме алуу
491 0 0
  • Бишкекте Кыргызстан менен Борбордук Азиянын бодибилдинг боюнча биринчи чемпионаты болду. Мелдешке Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Монголиядан 50дөн ашык атлеттер катышты. Алар чымыр денесин, күчүн жана кубатын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында көрсөтүштү
  • Россиянын ички иштер министрлиги француз полициясына белекке Париждин четиндеги Сен-Дениде атайын операция учурунда өлгөн Дизель аттуу кызматчы иттин ордун ээлей турган Добрыня аттуу немис овчаркасынын күчүгүн берди
  • Таиландда жашыл-көк футболкачан он миңдеген велосипедчендер Бангкоктун жолдорунан Таиланддын падышасы Пхумипон Адульядеттин 88-туулган күнүн майрамдоонун урматына уюшулган Bike for Dad веложүрүштөн өтүштү
  • Сириянын түндүк-чыгышындагы Эль-Хасаке провинциясынын кыштактарынын биринин жашоочусу ДАИШтин согушкерлери тарабынан жок кылынган Ыйык Георгийдин храмында сыйынып жатат. Июндун аягында ДАИШтин согушкерлери Сирияда жашоочу күрддөрдүн административдик борборлорунун бири болуп эсептелген Эль-Хасаке шаарына чабуул жасоого аракет жасашкан
  • Воронеж шаарындагы психоневрологиялык интернатта өрт чыгып, 23 киши каза болуп, 24 адам жабыркады. Аймактын башчысы 14-декабрды Воронеж облусунда аза күнү деп жарыялады
  • Америкалык Натан Чен Барселонада муз тебүү боюнча юниордук Гран-приде биринчи орунду ээледи. Күмүш россиялык Дмитрий Алиевге тийди, ал эми япониялык Сота Ямамото үчүнчү болду
  • Футбол боюнча Европанын чемпионатынын финалдык турниринин бардык топторунун курамы аныкталды. Чүчүкулак кармоо ишембиде Париждин түндүк-батышындагы Конгресстер сарайында өттү. Сүрөттө: Евро-2016нын В тобуна туш болгон Словакиянын, Англиянын, Россиянын жана Уэльстин курамаларынын башкы машыктыруучулары: Ян Козак, Рой Ходжсон, Леонид Слуцкий жана Крис Коулман (солдон оңго)
  • Журналисттер Франкфурт-на-Майнеде имараттын курулушуна көз салып жатышат. Бул Гессендин жеринин эң ири жана чоңдугу боюнча Германияда бешинчи шаар
  • Дубайдагы Над аль-Шеба чөлү
  • Англиянын түндүк-батышында дем алыш күндөрү башталган суу каптоолор менен катуу шамалдан эки миңден ашык үй толук кыйрап калды, көп жолдорду суу каптап, темир жол каттамы бузулган. Он миңдеген үйлөр жарыксыз калды
  • Биринчи жолу терактан кийин Eagles of Death Metal рок-группасынын катышуучулары Парижге барышты. Калифорниялык музыканттар ирландиядык U2 тобунун чоң концертине катышты. Ошондой эле топтун катышуучулары Жесси Хьюз (биринчи планда) менен Жош Хомме 13-ноябрда алардын концерти учурунда террористтер тарабынан басып алынган Батаклан концерттик залына гүл коюшту
  • Россиянын президенти Владимир Путин бейшембиде RT телеканалынын эфирге чыкканынын 10 жылдыгына арналган мультимедиалык көргөзмөнү көрдү. RTнын башкы редактору Маргарита Симоньян Путинге телеканалдын кызматкерлерин тааныштырып жана ноутбуктан ЖМКнын иши жөнүндө тамашалуу ролик көрсөттү. Russia Today телеканалы 2005-жылдан тарта эфирге чыккан. Бүгүнкү күндө анын аудиториясы дээрлик миллиард кишини камтыйт
  • Орус православ чиркөөсүнүн Бишкектин жана Кыргызстандын епархиясы Бишкекте улуу князь Владимирдин ыйык тең апостолдук жаңы храмына касиет киргизүү ырымын жасады. Чиркөө Орто Азияда эң чоң деп эсептелет. Анын бийиктиги 34 метрге жакын, ага 2,5 миң сыйынуучуну батат. Жаңы чиркөөнүн аянты 1000 чарчы метрден ашык
  • Аба шарлары Бириккен араб эмирлигиндеги Бүткүл дүйнөлүк аба оюндары учурунда. Иш-чара бир нече багыттарды бириктирип турат: парашюттук спорт, моторсуз планердик аэробатика, моторлуу планердик аэробатика, эксперименталдык жана колго жасалган учактар ж.б.
  • Дүйнөнүн көп жолку чемпиону Рой Жонс нокаут менен британиялык Энцо Маккаринеллиге Москвада Легендалардын аренасында жеңилип калды. Маккаринелли мурдагы төрт салмактык категорияларда түрдүү версиялар боюнча дүйнөлүк чемпионду оор нокаутка жиберди
  • Украинанын парламентинде премьер-министр Арсений Яценюк сүйлөп жатканда мушташ чыкты. Петр Порошенконун блогунан депутат Олег Барна трибунага премьер-министрге розадан гүлдесте алып келип, Яценюкту трибунадан сүйрөп түшүүгө аракет кылгандан кийин депутаттардын ортосунда мушташ болду.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте Кыргызстан менен Борбордук Азиянын бодибилдинг боюнча биринчи чемпионаты болду. Мелдешке Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Монголиядан 50дөн ашык атлеттер катышты. Алар чымыр денесин, күчүн жана кубатын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында көрсөтүштү

Sputnik агенттиги өткөн аптада дүйнө жүзүндө болгон эң маанилүү жана кызыктуу окуялар жөнүндө сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

12-декабрда Москванын "Легендалардын аренасында" атактуу америкалык мушкер Рой Жонс-кичүүсү британиялык Энцо Маккаринелли менен анын акыркы карьералык күрөшүндө таймашты. Төрт салмактык категорияда түрдүү версиялар боюнча дүйнөнүн чемпиону Жонс аны рейтингдик күрөштүн төртүнчү раундунда оор нокаутка жиберген британиялыкка утулуп калды. 

Англиянын түндүк-батышында дем алыш күндөрү башталган суу каптоолор менен катуу шамаалдан он миңдеген үйлөр жарыксыз калып, эки миңден ашыгы толук кыйрап калды. Аймакта көп жолдорду суу каптап, темир жол каттамы бузулган. Бороон ошондой эле Шотландияга да тийип өттү.

Украинанын парламентинде премьер-министр Арсений Яценюк сүйлөп жатканда депутаттар жакалашып мушташа кетти. Мушташ "Петр Порошенконун блогунан" депутат Олег Барна трибунага премьер-министрге розадан гүлдесте алып келип, Яценюкту трибунадан сүйрөп түшүүгө аракет кылгандан кийин болду. 

Шейшембиде Бишкекте Кыргызстан менен Борбордук Азиянын бодибилдинг боюнча биринчи чемпионаты болду. Мелдештерге Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Монголиядан атлеттер катышты. Чымыр денелүү кыздар да четте калбай мелдештерге катышты. 

Бейшембиде Бишкекте Ташкенттин жана Өзбекстандын митрополити Викентий Орто Азияда эң чоң деп эсептелген улуу князь Владимирдин ыйык тең апостолдук храмына касиет киргизүү ырымын жасады. Салтанаттуу кызматта митрополит Викентийге Ашхабаддын жана Түркмөнстандын архиепискобу Фиофелакт, Душанбе жана Тажик епискобу Питирим жана Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил жардам берди.

Тема боюнча

Апта ирмеми: Трамптын аялдын көкүрөгүнө койгон колу, жети күн бою айтылган Манас
Белгилер:
апта, Сүрөт, Украина, Дубай, Кыргызстан, Россия

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ