17:16 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Сүрөт

Сагындык... Улут атасы Айтматовдун сүрөттө калган жылмаюулары

Кыскача шилтеме алуу
336181
  • Ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо бүгүн кыргыз эли анын 87 жылдыгын белгилемек
  • Ал калемдештери жана замандаштары акын, жазуучулар (солдо) Кубанычбек Маликов жана (оңдо) Аалы Токомбаев менен
  • Улуу жазуучу советтик кинорежиссер, сценарийчи Марк Донскойду артынан кучактап турат. Сүрөт Кыргызстанда 1976-жылы өткөн кинофестивалда тартылган. Солдо, жоолукчан Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева турат
  • Айтматов италиялык кинорежиссер, сценарийчи, жакын санаалашы Микеланджело Антониони менен
  • Кыргыз элине керемет кинокартиналарды тартуулаган Кыргызфильм киностудиясынын 40 жылдыгын белгилөө учурунан бир ирмем. Сүрөттө кыргыздын кинодүйнөсүнүн дөө-шаалары Ала-Арча капчыгайында.
  • Башкалар таарынбай эле койсун, мен дүйнөнү көп кыдырып, ынанганым — көп окулуп, көптөрдү суктандырган  жазуучу советтик калемгер Чыңгыз Айтматов экен! Ал прозанын  акыны, — деген пикирин балкар акыны Койсын Кулиев алп жазуучу Айтматовдун 50 жылдык юбилейинде айткан
  • Кино үйүндөгү киноискусство өкүлдөрүнүн жылмаюусу. Жамал Сейдакматова, Чыңгыз Айтматов, Бакен Кыдыкеева, Бексултан Жакиев, Геннадий Базаров жана Төлөмүш Океев
  • 1997-жылы өткөн кезектеги Ысык-Көл форумунда акын, прозаик, режиссер, сценарийчи, публицист жана актер Евгений Евтушенко (солдо),  Айтматовдун үзөңгүлөш досу, калемдеши Мухтар Шаханов (оңдо) менен
  • Буларды ким күлкүгө салды экен... Чыгармачылык союздардын кезектеги пленумунда Чыңгыз Айтматов, Маданият министри Жамал Ташыбекова, арткы орунда Сүймөнкүл Чокморов
  • 1997-жылы өткөн кезектеги Ысык-Көл форумунун катышуучулары. Солдон оңго: СССРдин президенти – Михаил Горбачев,  Чыңгыз Айтматов, КР президенти - Аскар Акаев жана  ЮНЕСКОнун башкы катчысы (1987-1999-ж.ж.) — Федерико Майор
  • СССРдин президенти – Михаил Горбачев, Чыңгыз Айтматов – окурмандар менен. Албетте, окурмандардын башкы максаты —  кол тамга алуу.
  • Ата-бала. Кичүү уулу Элдар атасынын тизесинде отурат
  • Чыңгыз Айтматов жубайы Керез, уулдары Санжар жана Аскар менен
  • Ак кеме тасмасын тартып бүткүчө баары бир үй-бүлөдөй  болуп калышкан. Момун чал, орой кыял – Орозкул, каардуу таене, көздөрүн бакырайткан Нургазы...
  • Тирүүлүктүн бактылуу учурлары. Жылдызы жанган актерлор жана жазуучу.  Ак кеме тартылып жаткан учурда көп жагымдуу ирмемдер болгон деп алардын эскергендери бар. Сүрөттө баягы эле сөзү бүтпөгөн Орозкул элди күлдүрүп жатат.  Даамдуу шорпо, устукан жана 100 грамм
  • Сиздин карааныңызды, сиздин коңур үнүңүздү, күлкүңүздү сагындык...
  • Жазуучу Эл аралык сыйлык  Жылмаюу орденин тапшыруу салтанатында.  Бул сыйлык балдарга кубаныч алып келген дарыгер, жазуучу, музыкант, артист, саясатчы жана дин адамдарына ыйгарылат
  • Кайра төрөлүү, кайра жаралуу бу тек гана кыял-ойдо айтылат. Бул чоң философиялык маселе. Муну ар ким өзүнчө табыш керек. Өмүрдүн баркы, баасы мында деп... Мен айтаар элем өмүрдүн баасы — ишенимде. (Жазуучу, драматург Султан Раев менен болгон маегинен)
© Фото / Александр Федоров
Ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо бүгүн кыргыз эли анын 87 жылдыгын белгилемек

Бүгүн, 12-декабрь күнү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо кыргыз эли, дүйнө коомчулугу алп жазуучунун 87 жылдыгын белгилемек. Бул күнү журт атасын эли, замандаштары, чыгармаларын жаттап окуган окурмандары, калемдештери эскерүүдө.

"Аны кыргыз улуту өзүнүн жүздөгөн кылымдык генийлигинен жаратып, өз канына ээритип куйгандай болчу. Анын келбеттүү турпаты да Тянь-Шандын тунук аскаларынан чулу бойдон оюп алгандай эле. Ал — бороон сыяктуу канаттуу болчу", — деп жазган калемдеши, акын Сүйүнбай Эралиев.

Айтматов кеткенде кыргыз эли тоосу кыйрагандай абалда калып, улут атасы кеткендей жоксурады. Биз жазуучуну сагындык, анын караанын, салмагын, тирек болгонун, жылмайганын, ойлуу тарткан жүзүн сагындык. Төмөндө окурмандарга үлкөн жазуучу Айтматовдун сүрөттө калган жылмаюуларын тартуулайбыз.

Тема боюнча

"Ак кеме" 40ка чыкты – камера артындагы белгисиз кадрлар
"Биринчи мугалим" 50 жашка толду
Sputnik Чыңгыз Айматовдун туулган күнүнө карата викторина өткөрөт
Белгилер:
жазуучу, Мухтар Шаханов, Султан Раев, Чыңгыз Айтматов

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ