20:17 18 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Сүрөт

Сүрөттөгү апта – Путин менен Обаманын кол алышуусунан тартып Кыргызстандагы шайлоого чейин

Кыскача шилтеме алуу
630 0 0
  • Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынан кийинки жолугушуусу (Нью-Йорк). Сессияда 150дөн ашык мамлекеттер менен өкмөт башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлери жана башка деңгээлдеги делегация жетекчилери чыгып сүйлөгөн.
  • Бишкектин карылар үйүнүн жашоочусу. Кыргызстанда Эл аралык карылар күнү белгиленди, ал 1991-жылы 1-октябрда БУУнун резолюциясы кабыл алынгандан тартып өткөрүлүп келет. Бул күнү Бишкекте түрдүү жарманкелер, концерттер жана кайрымдуулук акциялары уюшулду.
  • Британиялык актер, ЮНИСЕФтин элчиси Орландо Блум Македониянын Греция менен чектеш Гевгелия шаарынын кабыл алуу пунктунда болду.
  • Пекинде КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 66 жылдыгы белгиленди.
  • Серфер иттер Тынч океандын жээгинде жыл сайын өтүүчү Surf City Surf Dog таймашында (Хантингтон-Бич шаары, Калифорния, АКШ).
  • Rick Owens Париждеги мода жумалыгында. Модельер бул жолку көргөзмөсү менен айымдардын күчүн, алардын оор турмушун көрсөтүүгө аракет кылганын айтты. Бул мен үчүн табышмактуу аял дүйнөсүнө: энеликке, эжеликке, айымдык тилектештикке арналган. Аял кантип аялга айланып, аялды тарбиялап, бири-бирине кандай колдоо көрсөтө турганын баяндадым, — деп чечмеледи Рик.
  • Айдын бөтөнчө тутулушу анын дүйшөмбүдө өзгөчө толушуна туш келди. Жердин көлөкөсү Айдын бизге көрүнгөн бетин толук жаап, ага кызгылт-күрөң түс берди.
  • Акылсыз Макс каарманынын кийимин кийген Дезире Хепп (Desirae Hepp) Калифорниядагы Wasteland Weekend фестивалында. Иш-чарада Акылсыз Макстын стилинде жасалгаланган 100дөн ашык автоунаалар менен мотоциклдер болду.
  • Сириянын Хмеймим аэродромунда жайгашкан Россиянын авиациялык тобу ИЛИМ эл аралык террористтик тобунун жайгашкан жерлерине алгачкы жолу даректүү сокку урду. РФтин Федерациялык кеңеши россиялык аскерлерди чет мамлекетте пайдаланууну бир добуштан колдогон. Мурда тийиштүү өтүнүч менен Федерациялык кеңешке президент Владимир Путин кайрылган эле. Россиянын аскердик авиациясы Сирияга Башар Асаддын жардам сурап кайрылуусунан кийин жөнөтүлгөн.
  • New Horizons автоматттык станциясы биринчи жолу Жерге  Харондун толук түстүү жана жогорку сапаттагы сүрөттөрүн жиберген. Аларда Плутондун жандоочусунун бетин, анын ичинде тоолорду, каньондорду жана планетанын полюсуна тушташ бөлүгүндөгү Мордор деп аталган табышмактуу жерди айкын көрүүгө болот.
  • Шаршембиде Кытайдын Лючэнь аймагында 17 жардыруу болуп, жети адам каза тапты. Ал эми дагы экөө дайынсыз жоголуп, 51и жаракат алды. Алдын ала тергөөнүн маалыматына ылайык, жардыруучу заттар экспресс-посылкалардын ичине салынган болушу ыктымал.
  • Санта-Катарина-Пинула шаарынын (Гватемала) калк отурукташкан аймактарынын бириндеги катуу нөшөрдөн улам эл ири көчкүнүн алдында калды. Курман болгондордун саны 131ге жетип, 300гө жакыны дайынсыз жоголгон.
  • Сүрөттө: Бишкектин тургуну мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө кезек күтүп жатат. Бул иш-чара ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албай тургандар үчүн уюшулган. Мындай шайлоочуларга УШК мүчөлөрү байкоочулардын, ЖМК жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда үйлөрүнө барып добуш бердиришти.
  • Шайлоо участогунда добуш берүүчү урнаны көздөй бара жатат. Шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 670 миң 480 жаран кирген. Алдын ала маалымат боюнча, 5-октябрь күнү 11.00гө карата Жогорку Кеңешке шайлоого келгендердин саны 1 миллион 557 миң 442 адамга жеткен. Бул бардык шайлоочулардын 59,7 пайызын түзөт.
  • Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, жети пайыздык чектен КСДП, Республика — Ата-Журт, Кыргызстан, Өнүгүү — Прогресс, Бир Бол жана Ата Мекен партиялары өткөн. Бардык партияларга каршы шайлоочулардын 0,8 пайызы добуш берген. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштар кол менен саналып чыккандан кийин гана жарыяланат.
© Sputnik / Сергей Гунеев/POOL
Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынан кийинки жолугушуусу (Нью-Йорк).
Сессияда 150дөн ашык мамлекеттер менен өкмөт башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлери жана башка деңгээлдеги делегация жетекчилери чыгып сүйлөгөн.

Sputnik апта ичинде дүйнө боюнча болгон эң маанилүү жана кызыктуу окуялар жөнүндө сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Кыргызстанда депутаттарды шайлоонун добуштарын саноо, Сириянын ИМ жайгашкан жерлерине РФ авиациясынын соккулары, БУУнун Башкы ассамблеясында Владимир Путин менен Барак Обаманын жолугушуусу, Кытайдын Лючэнь аймагындагы жарылуулардын кесепеттери, Калифорнияда өткөн Wasteland Weekend фестивалы, Гватемаладагы жер көчкү, Тынч океандын жээгинде өткөн Surf City Surf Dog таймашындагы иттер жана башка окуялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн караңыз.

Тема боюнча

Путин менен Обама Сирия жана Украинанын көйгөйлөрүн талкуулашты
РФ Сириядагы Ислам мамлекетинин объекттерине алгачкы авиа соккуларынын видеосун жарыялады
БШК: шайлоого 1 млн. 557 миң шайлоочу катышты
Белгилер:
Барак Обама, утуш, сокку, ит, окуя, добуш, Биометрикалык маалыматтар, Жер көчкү, Шайлоо, Орландо Блум, Владимир Путин, Гватемала, Тынч океаны

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ