21:19 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Сүрөт

Турдакун Усубалиевдин сүрөттөгү элесине сүртүмдөр

Кыскача шилтеме алуу
Турдакун Усубалиев дүйнөдөн өттү (15)
553 0 0
  • Турдакун Усубалиев  Кыргызстанга  келген  КПСС БКнын 1-катчысы, СССР  министрлер Советинин  төрагасы Никита Хрущевду  аэропорттон  тосуп алууда.
  • Кыргызстан компартиясынын жана Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата Достук аллеясында Турдакун Усубалиевдин катышуусундагы бак отургузуу салтанаты.
  • Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата СССР министрлер советинин төрагасы Алексей Косыгиндин Кыргызстанга келиши.  Аны менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов жана Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Турдакун Усубалиев кошо жүрөт.
  • Усубалиев Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов  жана Армениянын кинематографисттер союзунун биринчи катчысы Калонтарь менен.
  • Сузак районундагы Коммунизм колхозунун пахта терүүчүлөрү менен.
  • СССР Жогорку Советинин депутаттыгына талапкер Турдакун Усубалиев Лейлек районун шайлоочулары менен жолугушуу учурунда.
  • Усубалиев Мозамбиктин президенти Самора Машел менен жолугушуу учурунда
  • Кыргыз ССРинин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө Владимир Ильич Лениндин эстелигин ачып жатат.
  • Усубалиев Фрунзе шаарында жазуучу Максим Горькийдин эстелигин ачуу салтанатында сүйлөп жатат.
  • Усубалиев башында турган Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин жетекчилери Күрп-Сай ГЭСинин курулушу менен таанышып жаткан учуру.
  • Турдакун Усубалиев кезектеги юбилейинде замандаштары, шакирттерди, аны сыйлаган мекендешери менен.
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Турдакун Усубалиев Кыргызстанга келген КПСС БКнын 1-катчысы, СССР министрлер Советинин төрагасы Никита Хрущевду аэропорттон тосуп алууда.

Кыргызстанды чейрек кылымга жакын башкарган мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 96 жаш курагында дүйнө салды. Ал Кыргызстанды жетектеп турган жылдары өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон, андан сырткары, өлкөдөгү мамлекеттик кызматчылардын бир нече муунун тарбиялаган.

"Турдакун Усубалиевич 25 жылга жакын иштеп Кыргыз Республикасын айыл чарба мамлекетинен индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Ошол кездеги көрсөткүч боюнча бизди Советтер Союзундагы он беш республиканын ичинен үчүнчү орунга чыгарды",— дейт анын шакирттеринин бири Жамин Акималиев.

Улуу инсандын шакирттери жана кыргызстандыктар анын эң башкы эмгектеринин бири катары ошол кездеги Фрунзе, азыркы Бишкектеги бир катар ири курулуштарды түптөгөндүгүн айтып келишет. 

Биз жогоруда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин өмүр жолун чагылдырган сүрөттөрдү назарыңыздарга тартуулайбыз.

Тема:
Турдакун Усубалиев дүйнөдөн өттү (15)

Тема боюнча

Усубалиевдин замандашы: ал таза саясатчы эле
Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт
Белгилер:
Сүрөт, Турдакун Усубалиев, СССР, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ