02:29 23 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Сүрөт

"Сүйүү закымдары" же сириялыктар эротика талап кылганда

Кыскача шилтеме алуу
315950
  • Тасманын өзөгүн түзгөн сүрөтчү Манинин окуясы бала кезинен тартып дасыккан чебер болгонго чейинки өмүрүн баяндайт.
  • Кыргыз сулуусу – бийчи Алтынбүбү
  • Тасма тартыла турган жерлерди караштырып жатышат. Режиссер Төлөмүш Океев жана оператор Нуртай Борбиев Ысык-Көлдүн чет-жакасында
  • Бийчини каракчылар уурдап бара жатканы
  • Төлөмүш Океевдин мекени Төрт-Күл айылынын тоо этектеринде фильмдин кыргыз бөлүгү тартылган. Массалык сюжеттердин көбүнө режиссердун айылдаштары менен туугандары катышкан.
  • Орто кылымдагы Бухаранын кул базары
  • Карапачынын устаканасы. Байыркы Хива шаарынын курулуштары менен көчөлөрү…
  • … шаар натурасын тартуу үчүн аянтча болгон
  • Тасманын көпчүлүк бөлүгү Вахдат районунун байыркы кыштактарынын бири Симиганчта тартылган
  • Карапачы Муфаззалдын ролун түркмөн актеру Ходжадурды Нарлиев аткарган
  • Күң Алтынбүбүнү белгилүү Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова ойногон
  • Кино тартуунун ортосундагы тыныгуу учурунда. Сулуулар жана режиссер.
  • Мураскор Мани он эки жашында карапачылыкты кылдат үйрөнүп, эл сүймөнчүлүгүнө гана ээ болбостон, көрө албастарга да туш болот. Дал ошолор анын оң колун мунжу кылып коюшат.
  • Хивада тасманы тартуу учурунда
  • Дубана айыктырганы менен, Мани баары бир оң колу менен эч нерсе жасай албай калат
  • Улан эмнеси болсо да жалгыз колдуу Чеберди табууну чечет
  • Төлөмүш Океев тасманы тартып жатканда
  • Советтик прокатка кирбей калган бөлүмдүн жалгыз сүрөтү
  • Эркиндикке умтулуп жана өз мекени Ысык-Көлдүн жээгине кайтып келүүнү дегдеген Алтынбүбүнү уулу Манинин төрөлүшү да токтото албайт
  • Тасма Борбордук Азиянын аты белгисиз калган сүрөтчүлөрү менен чеберлерине арналган. Алардын ким болгонун эч ким билбейт, бирок колдорунан жаралып, элдердин улукмандыгын, көөнөрбөс акылмандыгын көрсөткөн чыгармалары биздин заманга чейин сакталып калган.
Александр Федоров
Тасманын өзөгүн түзгөн сүрөтчү Манинин окуясы бала кезинен тартып дасыккан чебер болгонго чейинки өмүрүн баяндайт.

1986-жылы советтик экранга кыргыз режиссеру Төлөмүш Океевдин Кыргызфильм, Тажикфильм дана Сириянын Ganem-film студиялары биргелешип тарткан "Сүйүү закымдары" көркөм тасмасы чыккан.

Тасманын сценарийин Океев менен бирге жазган Тимур Зульфикаров өз чыгармачылыгында перс, араб, түрк мотивдерин кеңири колдонот. Ошон үчүн режиссер алдыңкы Азиянын улуттук жана маданий өзгөчөлүктөрү менен тоолук кыргыздардын кулк-мүнөзүнүн айкашуусунан тасма үчүн жакшынакай материал чыгарын көргөн.

Тасманын оператору Океев менен мурда да бир топ фильмдерди жараткан Нуртай Борбиев болгон. Тасма Кыргызстанда, Сирияда жана көпчүлүк бөлүгү Тажикстандын борбору Душанбеге жакын жердеги байыртан бери калк отурукташкан Симиганч кыштагында тартылган. Ал эми Хива шаарынын эски курулуштары жана илгертен сакталып калган көчөлөрү тасманын шаардык сюжеттерин тартууга жасалма эмес, чыныгы аянтча болуп берген.

Төлөмүш Океевдин мекени Төрт-Күл айылынын тоо этектеринде фильмдин кыргыз бөлүгү тартылган. Массалык сюжеттердин көбүнө режиссердун айылдаштары менен туугандары катышып, фильмди жаратууга колдорунан келген жардамын көрсөтүшкөн. 

Фото сүрөтчү Александр Федоров тасма тартылып жатканда "Ганем-фильмдин" өкүлү Душанбеге келип, материалдарды көргөндөн кийин, эротика жетишпей жатканын айтканын эскерет. 

Көпкө талашып-тартышкандан кийин Муфазал менен Алтынбүбүнүн сүйүү сценасын тартууну чечишет. Бирок Асел кийимсиз тартылгандан таптакыр баш тартып, анын ордуна дублер табышат. Аталган эпизодду жабык павильондо аз кишинин катышуусу менен тартышкан. 

"Ганемдин өкүлү менден ошол сцена тартылган пленкаларды сүрөтүн өзүбүз чыгарабыз деп алып кетип, менин камерамда бир эле кадр калган. Тасманын советтик прокатында ал эпизод көрсөтүлгөн эмес", — дейт Федоров.

Бул поэтикалык тасмада өтө чебер сүрөтчүнүн өзүн курчаган дүйнө менен татаал карым-катнашы баяндалат. Өз сезимдерин көркөм чыгармаларында чагылдырган сүрөтчүнүн өмүрү жөнүндөгү бул фильм Төлөмүш Океев өзү айткандай, Борбордук Азиянын аты белгисиз калган сүрөтчүлөрү менен чеберлерине арналган; алардын ким болгонун эч ким билбейт, бирок колдорунан жаралып, элдердин улукмандыгын, көөнөрбөс акылмандыгын көрсөткөн чыгармалары биздин заманга чейин сакталып калган. 

Тасманын өзөгүн түзгөн сүрөтчү Манинин окуясы бала кезинен тартып дасыккан сүрөтчү болгонго чейинки өмүрүн баяндайт.

Бул укмуштай кооз жана көз алдыңдан бир кайып сыяктуу закымдап өткөн кереметтүү чыгыш жомогун мурдатан көргөндөр же болочокто көрө тургандар окуянын кайгылуу аякташы жөнүндө дагы көп жолу эч тыянаксыз талашып-тартышар.

Белгилер:
фотограф, Сүрөт, кино, "Сүйүү закымдары" кинолентасы, Төлөмүш Океев
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ