02:28 23 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Сүрөт

Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасындагы белгисиз кадрлар

Кыскача шилтеме алуу
112920
  • Прогресс түбөлүк тынчтыкты бузуп, чабан узак жылдар бою ээлеп, кан-жаны менен бир болуп калган жерден көчүүгө муктаж болот.
  • Тасма 1966-жылы тартылып бүтүп, кыргыз кинематографиясында бараандуу ордун табат.
  • Тасмага кыргыз театрынын дөө-шаалары тартылган. Бакайдын ролунда – Кыргыз Эл артисти Муратбек Рыскулов.
  • Бүркүт — Бакай карынын сырдашы
  • Чабандын аялы Урумдун ролунда Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова.
  • Кыргыз ССРнин эл артисти Советбек Жумадылов Адымдын образын мыкты жаратып берген
  • Бакайдын кичүү баласы мектеп окуучусу Калыктын ролун 10 жаштагы Насрет Дубашев ойногон.
  • Тартуу алдындагы даярдык.
  • Мал кармоо эпизоддорун актерлор өздөрү аткарышкан.
  • Режиссер Төлөмүш Океев кесиптештерине кадрдагы окуяны кандай ойноо керектигин түшүндүрүүдө.
  • Урум байбиче айтканын бербеген абышкасын кичүү уулу Калыкты шаарга кое берүүгө көндүрүп жатат.
  • Ушундай деңгээлдеги чеберлер менен бирге тасмада 10 жашар баланын ролун жараткан Насрет Дубашевдин ойногону ушунчалык ишенимдүү эле.
  • Режиссер айылдык балдарга кандай чуркоо керектигин өзү көрсөтүп жатат.
  • Тасма тартуу күлкүлүү окуяларга бай болот — Океев менен оператор актерлордун кезектеги тамашасына каткырып жатышат.
  • Тыныгуу учурларында Калык кадимки мектеп окуучусуна айланып калар эле.
  • Чабандын бүркүт менен коштошуу эпизоду: Сен да карыдың. Эми эркинсиң, кош бол
Александр Федоров
Прогресс түбөлүк тынчтыкты бузуп, чабан узак жылдар бою ээлеп, кан-жаны менен бир болуп калган жерден көчүүгө муктаж болот.

Кыргыз кинематографиясында бараандуу орду бар "Бакайдын жайыты" тасмасын жараткан режиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында белгиленет.

Аталган тасма бир катар ири байгелерди багындырып, түрдүү сыйлыктарга ээ болгон. 

"Бакайдын жайыты аркылуу автострада өтүшү керек эле. Прогресс түбөлүк тынчтыкты бузуп, чабан узак жылдар бою ээлеп, кан-жаны менен бир болуп калган жерден көчүүгө муктаж болот", — дейт сүрөтчү Александр Федоров.

Тасманы СССРдин мыкты кинооператору Кадыржан Кыдыралиев тарткан. Аны менен Океев кийин бир катар башка фильмдерди да жаратат.

"Тасмага кыргыз театрынын дөө-шаалары Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадыловдор тартылган. Ушундай деңгээлдеги чеберлер менен бирге тасмада 10 жашар баланын ролун аткарган Насрет Дубашевдин ойногону ушунчалык ишенимдүү эле", — дейт Федоров.

Белгилүү режиссердун замандашынын айтымында, Бакайдын өз жайыты менен коштошуп жаткан жери — жүрөк козгой турган курч эпизод. Жашы өтүп калган чабан жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мажбур болду. Балдарынын баары шаарга кетип, жадагалса кичүү уулу да чабан болууну каалабай турганын билдирет.

Океев аталган тасмада турмуш-тиричилик, көчмөн жашоо жана кылымдарды карытып келген адамдардын мамилесин жогорку чеберчиликте чагылдырып берген.

Тема боюнча

Отунбаева Баткенде балдар жана чек арачылар менен биргеликте Океевдин тасмаларын көрөт
Таш-Дөбөдөгү жайлоо бала бакчасында Океевдин "Бакайдын жайытын" көрсөтүшөт
Белгилер:
кинематография, актер, кино тасма, тасма, "Бакайдын жайыты" тасмасы, Төлөмүш Океев
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ