00:06 23 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Сүрөт

"Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти

Кыскача шилтеме алуу
362 0 0
  • Концерт фольклорно-этнографического ансамбля Камбаркан

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ноябрдын аягында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти болду.

"Камбаркан" — бүгүнкү күндө кыргыз фольклордук музыка өнөрүнүн айдыңында угуучулардын суроо-талабы арбын болгон ансамбль.

"Камбаркан" тобу 1988-жылы түзүлгөн. "Камбаркандан" байыркы музыкалык аспаптар — комуз, кыл кыяк, темир комуз, керней, сурнай, сыбызгы, жылаажын, добулбас, зуулдак, аса-таяк, чоор, чопочоор, чогойно чоордун үнүн угууга болот. Ансамблдин репертуары Токтогул, Ниязалы, Муратаалы, Атай, Ыбрай, Карамолдо, аны менен катар эле композиторлор Эсенгул Жумабаев, Рысбек Жумакунов, Нурак Абдрахмановдун чыгармаларынан турат.

Ансамблдин көркөм жетекчиси — КРдин Эл артисти жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Эсенгул Жумабаев.

Белгилер:
Эсенгул Жумабаев, Филармония, Музыка, Камбаркан, Маданият, Токтогул Сатылганов
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ