Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам

Жазылуу
Гуманитардык жардам Эски аянтта премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда жөнөтүлдү.

Чүй, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас областтарынын, о.э. Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү гуманитардык жардам үчүн акча каражаттарын бөлүп беришти.

Болжол менен алганда, ар бир облус 200 миңден 800 миң сомго чейин акча бөлүп берди. 5 миллиондой сом жумшалган гуманитардык жүктө курулуш материалдары, азык-түлүк, кийим, жылуу төшөк, таш көмүр бар. Алар жүк ташуучу он жети чоң автоунаага жүктөлүп, Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Ага кошумча өкмөт жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга 50 миллион сом бөлдү.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын бардык аймактары Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам беришүүдө.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
1/6
Кыргызстандын бардык аймактары Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам беришүүдө.
© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусу 400 миң сомдук гуманитардык жардам жөнөтүп жатат.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
2/6
Талас облусу 400 миң сомдук гуманитардык жардам жөнөтүп жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБолжол менен ар бир облус 200-800 миң сомдон бөлүп берди.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
3/6
Болжол менен ар бир облус 200-800 миң сомдон бөлүп берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖүктү жөнөтүүгө премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
4/6
Жүктү жөнөтүүгө премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздын салтына жараша аксакалдар жүктүн жөнөшүнө бата беришти.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
5/6
Кыргыздын салтына жараша аксакалдар жүктүн жөнөшүнө бата беришти.
© Sputnik / Табылды КадырбековГуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаалар чак түштө жолго чыкты.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
6/6
Гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаалар чак түштө жолго чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0