Суусамырдын фермерлери аба ырайын СМС аркылуу биле алат

Жазылуу
Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу билдирүсү Суусамыр өрөөнүнүн малчыларынын уюлдук телефондоруна келип турат. Бул тууралуу эксперт Калый Сүйүналиева билдирди.

БИШКЕК, 30-окт  Спутник Кыргызстан. Бул жерде иштеп турган эски метеостанция бийик тоолуу аймактардагы калк отурукташкан жерлер үчүн аба ырайын алдын ала айта алган эмес. Буга чейин Чүй өрөөнү боюнча аймактын микроклиматтык өзгөрүүлөрүнө байкоо салуу мүмкүнчүлүгү жок эле. Жалпы аба ырайы тууралуу маалымат алуу көйгөй болуп келген. Фермер жашаган аймактар боюнча аба ырайынын берилиши жакшы саамалык болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековСуусамыр өрөөнүнүн фермерлери аба ырайы туурасындагы маалыматты эми СМС-билдирүү менен ала алышат. Күндүн көзү кандай болору тууралуу маалымат алуу үчүн малчыларга СМС-таркатмага жазылып коюу жетиштүү. БУУӨПтүн "Айыл чарбасындагы климаттык тобокелчиликтерди башкаруу" деп аталган сынамык долбоорунун аркасында жашоочулар мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
Суусамыр өрөөнү - Sputnik Кыргызстан
1/6
Суусамыр өрөөнүнүн фермерлери аба ырайы туурасындагы маалыматты эми СМС-билдирүү менен ала алышат. Күндүн көзү кандай болору тууралуу маалымат алуу үчүн малчыларга СМС-таркатмага жазылып коюу жетиштүү. БУУӨПтүн "Айыл чарбасындагы климаттык тобокелчиликтерди башкаруу" деп аталган сынамык долбоорунун аркасында жашоочулар мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
© Фото / Спутник Кыргызстан / Табылды Кадырбеков"Айыл чарбасындагы климаттык тобокелчиликтерди башкаруу сынамык долбоорунун уюштуруучулары жергиликтүү эл үчүн Суусамыр өрөөнү жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу туурасындагы маалыматтарды CD-диск түрүндө даярдап берди. Эл аба ырайы туурасындагы маалыматтарды өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонууну түшүнгөндө бул кызматка көптөрү жазылып башташат деп ойлойм. Күн суук болгондо мал чөптү көп жей турганы маалым. Андыктан аба ырайы тууралуу маалымат алуу менен мал чарбасына кеткен чыгымдарды да азайтууга болот", — деди долбоордун адиси Калый Сүйүналиева.
Суусамыр өрөөнү - Sputnik Кыргызстан
2/6
"Айыл чарбасындагы климаттык тобокелчиликтерди башкаруу сынамык долбоорунун уюштуруучулары жергиликтүү эл үчүн Суусамыр өрөөнү жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу туурасындагы маалыматтарды CD-диск түрүндө даярдап берди. Эл аба ырайы туурасындагы маалыматтарды өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонууну түшүнгөндө бул кызматка көптөрү жазылып башташат деп ойлойм. Күн суук болгондо мал чөптү көп жей турганы маалым. Андыктан аба ырайы тууралуу маалымат алуу менен мал чарбасына кеткен чыгымдарды да азайтууга болот", — деди долбоордун адиси Калый Сүйүналиева.
© Фото / Спутник Кыргызстан / Табылды КадырбековСуусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Мырзакматов айылдыктарга жаңы системанын ыңгайлуулуктары туурасында айтып берди. Ал эми чабан Зоодонбек Асаналиев өзүнүн таасирлери менен бөлүштү. "Биз үч аптадан бери аба ырайынын өзгөрүшү туурасында СМС-билдирүүлөрдү алып жатабыз, маалыматтар так чыгып жатат. Нөшөрлөгөн жамгырга чейин эгин менен чөптү жыйнап алганга жетиштик. Биздин айылда 30га жакын адам бул жаңылыкты колдонуп, калгандары да СМС-таркатмага жазылганы турушат",— деп айтып берди фермер Асаналиев.
Суусамыр өрөөнү - Sputnik Кыргызстан
3/6
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Мырзакматов айылдыктарга жаңы системанын ыңгайлуулуктары туурасында айтып берди. Ал эми чабан Зоодонбек Асаналиев өзүнүн таасирлери менен бөлүштү. "Биз үч аптадан бери аба ырайынын өзгөрүшү туурасында СМС-билдирүүлөрдү алып жатабыз, маалыматтар так чыгып жатат. Нөшөрлөгөн жамгырга чейин эгин менен чөптү жыйнап алганга жетиштик. Биздин айылда 30га жакын адам бул жаңылыкты колдонуп, калгандары да СМС-таркатмага жазылганы турушат",— деп айтып берди фермер Асаналиев.
© Sputnik / Табылды КадырбековСМС билдирүү үч күндүк аба ырайына келет, бирок маалыматын өзгөрүшүнө жараша оңдолуп турат. Эгер чоңдор үчүн аба ырайын билүү маанилүү болсо, ал эми атка минип чаптырып жүргөн кичинекейлерге күн кандай болбосун, баары бир эмеспи.
Суусамыр өрөөнү - Sputnik Кыргызстан
4/6
СМС билдирүү үч күндүк аба ырайына келет, бирок маалыматын өзгөрүшүнө жараша оңдолуп турат. Эгер чоңдор үчүн аба ырайын билүү маанилүү болсо, ал эми атка минип чаптырып жүргөн кичинекейлерге күн кандай болбосун, баары бир эмеспи.
© Sputnik / Табылды КадырбековОкумуштуулардын алдын ала божомолдоолоруна караганда, 2100-жылы антропогендик өзгөрүүлөрдүн жана башка факторлордун себебинен жер шарындагы орточо жылуулук 4 градуска жогорулайт. Бул жаан-чачындардын азайышына алып келет, ошондуктан азыртан эле ыңгайлаштыруу иштерин жүргүзө баштоо зарыл, — деп айтты долбоордун жетекчиси Жылдыз Узакбаева. Тоолуу райондо да жылуулуктун көтөрүлүшү аз болсо да сезилүүдө.
Суусамыр өрөөнү - Sputnik Кыргызстан
5/6
Окумуштуулардын алдын ала божомолдоолоруна караганда, 2100-жылы антропогендик өзгөрүүлөрдүн жана башка факторлордун себебинен жер шарындагы орточо жылуулук 4 градуска жогорулайт. Бул жаан-чачындардын азайышына алып келет, ошондуктан азыртан эле ыңгайлаштыруу иштерин жүргүзө баштоо зарыл, — деп айтты долбоордун жетекчиси Жылдыз Узакбаева. Тоолуу райондо да жылуулуктун көтөрүлүшү аз болсо да сезилүүдө.
© Фото / Спутник Кыргызстан / Табылды КадырбековСуусамыр өрөөну деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан, узундугу 155 чакырымды түзөт, бийик тоолор менен курчалган (4500 метрге чейин) жана өзүнүн өзгөчө шамалсыз кургак микроклиматына ээ. Кар каптамынын калыңдыгы 70 см.ге жетет, жана кар 130-160 күн жатат. Калк отурукташкан беш аймак бар. Алар Суусамыр, Кожомкул, Тунук, 1-Май, Кайсар жана Кызыл-Ой. Андан сырткары чабандардын, туннелде жана жолдо иштеген жумушчулардын, жол жээгиндеги боз үйлөрдө иштегендердин, туристтик фирмалардын, тоо-лыжа комплексинин, аңчылардын, балыкчылардын ж.б. убактылуу турак-жайлары бар.
Суусамыр өрөөнү - Sputnik Кыргызстан
6/6
Суусамыр өрөөну деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан, узундугу 155 чакырымды түзөт, бийик тоолор менен курчалган (4500 метрге чейин) жана өзүнүн өзгөчө шамалсыз кургак микроклиматына ээ. Кар каптамынын калыңдыгы 70 см.ге жетет, жана кар 130-160 күн жатат. Калк отурукташкан беш аймак бар. Алар Суусамыр, Кожомкул, Тунук, 1-Май, Кайсар жана Кызыл-Ой. Андан сырткары чабандардын, туннелде жана жолдо иштеген жумушчулардын, жол жээгиндеги боз үйлөрдө иштегендердин, туристтик фирмалардын, тоо-лыжа комплексинин, аңчылардын, балыкчылардын ж.б. убактылуу турак-жайлары бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0