"Кызыл чийин" жана Украина: Путин менен Байдендин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы

© REUTERS / The White House/HandoutПереговоры президента РФ В. Путина и президента США Дж. Байдена
Переговоры президента РФ В. Путина и президента США Дж. Байдена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Владимир Путин онлайн сүйлөшүү маалында Жо Байденге "кызыл чийиндер" жана Москваны тынчсыздандырган коркунучтардан сөз козгогон. АКШ президенти өз кезегинде Украинанын тегерегиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу кооптонууларын айткан.
Россиялык лидердин жардамчысы Юрий Ушаковдун билдирүүсүнө таянуу менен РИА Новости агенттиги макала жарыялады. Эки үлкөндүн аралыктан баарлашуусундагы урунттуу учурларга токтололу.

"Кызыл чийиндер" жана коопсуздукка кооптонуу

Путин Байденге НАТОнун чыгышка карай жылышы, Украина жана Россияга чектешкен башка өлкөлөрдүн аймагына чабуул коюучу куралдарды жайгаштыруусуна "кызыл чийиндерди" белгиледи.
РФ лидери америкалык кесиптешине Вашингтонду россиялык территориядагы россиялык күчтөр санааркатып турган убакта, Москваны глобалдык масштабдагы өз коопсуздугу кабатырга саларын билдирген. Ушаковдун айтымында, Россия президенти өз сөзүн: "Сиздер, америкалыктар, АКШдан миңдеген чакырым ыраактагы россиялык территориядагы батальондорубуздан чочулап жатсаңыздар, бизди чындап биздин, Россиянын глобалдык маани жана масштабдагы коопсуздугубуз кооптондурат", — деп жыйынтыктаган.
 Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байден онлайн-форматта жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Путин менен Байден эки саат сүйлөштү. Талкууланган маселелер
Украина менен чек арасынан аскердик күчтөрдү алыстатуу талабы боюнча Ушаковдун айтымында, РФ башчысы "россиялык күчтөр өз аймагында жана эч кимге коркунуч жаратпаганын" айткан. Кремлдин өкүлү билдиргендей, Путин Байденге Украина менен НАТО аскердик күчтү жогорулатып жатканына тынчсыздануусун да жашырган эмес.
"Буга байланыштуу, албетте, өлкө башчысы биздин коопсуздугубузду камсыздап, кадимки нукта өнүгүүбүз үчүн шарттарды жарата турган так, ошол эле учурда юридикалык пландагы кепилдиктер керектигин белгиледи", — деп кошумчалады ал.
Байден россиялык кесиптешине Москванын тынчсыздануусун АКШнын союздаштары менен талкууга аларына убада кылды. Президенттер бул боюнча өз өкүлдөрү жана жардамчылары менен биргеликте диалогду баштоого макулдашты.

Украина туурасында көп сөз болгон

Путин менен Байдендин баарлашуусунда Украина тууралуу сөз көпкө созулганын белгилейт Ушаков. Атап айтканда, россиялык лидер океан ары жагындагы кесиптешине Киевде Минск келишимдериндеги жоболор бузулуп жана атайын аткарылбай, ошондой эле байланыш тобунун алкагындагы сүйлөшүү процесси создуктурулуп жатканы жөнүндө маалымдады. Өз кезегинде Байден да россиялык күчтөрдүн Украина менен чек арасына карай жылып келишине АКШ жана НАТОнун кооптонуусун билдирди.
Вашингтондогу Ак үйдүн алдында АКШнын желектери менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Россиянын изин издөө уланууда. Америкалык саясаттагы оюндарга сереп
Ушаковдун кебине таянсак, Ак үйдүн башчысы да Путинди Украинанын айланасындагы кырдаал ырбай турган болсо, бул масштабдуу санкцияларга алып келерин эскерткен. Булар америкалык президент белгилеген шартта экономикалык, каржылык, саясий планда пайдаланыларын тактады РФ лидеринин жардамчысы. Ошону менен бирге эле Ушаков Байденге Путин Украинага аскердик күчтөрдү жөнөтпөөгө сөз берип-бербегени тууралуу суроону орунсуз деп баалап: "Бул жөнүндө кеп да болбоду. Украинага кантип күч жөнөтсүн? Бул эмне? Кол салуубу же эмне бул? Мындай сөз дегеле козголгон жок", — деди ал.
Бул жагдай Россияга АКШнын жаңы санкциялары күтүлбөй турганын туюндурабы деген журналисттердин соболуна Ушаков жаңы чектөөлөргө эч кандай негиз жоктугун айтты.

Жылыш болбоду, көйгөйлөр жылдап чечилет

Путин менен Байдендин онлайн саммити жылыш алып келген жок, азырынча аны күтүү кыйын, анткен менен лидерлер диалог жана иштөөгө ниетин ачык көрсөтүшкөнүн белгилейт Ушаков. Анын баамында, Россия менен АКШ алакаларындагы маселелерди чечүүгө көп убакыт жумшалат. "Көйгөй ушунчалык көп топтолуп калды, бир ай эмес, жылдап жөнгө салынышы ыктымал. Көрө жатарбыз", — деди ал.
Эки өлкөнүн тең башчылары диалогго баруу керектигин, тынчтык жана туруктуулукту колдоо үчүн өзгөчө жоопкерчилик моюндарында экенин түшүнүшөт деген ойдо РФ президентинин жардамчысы. Лидерлер мамилени жакшыртуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуу зарыл деп эсептешет. "Ушул нерсе онлайн баарлашуунун өзөгү болду", – дейт Ушаков.

Дипломатиялык миссия маселеси

Байден Путин менен сүйлөшүү убагында дипломатиялык миссиялардын көйгөйүнөн да кеп козгоп, кызматкерлеринин жетишсиздиги тууралуу да токтолду.
АКШ президенти Жозеф Байден Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Сыпайылыктын кереги жок. Байдендин Путин боюнча айтканына пикир
"Москвадагы элчи иштөөгө мүмкүн болбой калганын, кызматкерлер жетишпей, дипломаттар, элчиликти жана өзүн жеке коргоо каражаттары жоктугун айтып жатканын кабарлады. Биз бул жагдай АКШнын беш жыл мурунку акцияларынын, тагыраагы, биздин өкүлдөргө кандайдыр тыюу салуулардын, россиялык дипломаттардын жапырт чыгарылышы, эң маанилүүсү дипломатиялык менчиктин тартып алынышынын кесепети экенин айттык", — деди РФ президентинин жардамчысы.
Путин менен баарлашууда Байден биринчи кадам катары россиялык дипломаттардын конфискацияланган менчигине анын абалын баалоо үчүн кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн экенин билдиргенин белгилейт Ушаков.

Эки үлкөндүн сүйлөшүүсү

РФ жана АКШ лидерлери шейшембиде онлайн-форматта эки саатка чукул сүйлөшкөн. Ак үй бул баарлашуунун жыйынтыгы боюнча Байден Путинге Украинанын айланасындагы кооптонууну билдирип, дипломатиялык жөнгө салууга чакырып, аскердик эскалация болсо, чечкиндүү экономикалык жана башка чаралар түрүндө Батыштын жамааттык жообу келерин эскерткенин маалымдады.
Россия "агрессивдүү аракеттер" жөнүндөгү Батыш жана Украинанын айыптоолорун төгүндөп, эч кимге коркунуч жаратпаганын жана эч кимге кол салууга ниеттенбегенин кайталайт. Ал эми "агрессия" жөнүндөгү билдирүүлөр россиялык чек араларга жакын НАТОнун аскердик техникасын жайгаштырууга шылтоо иретинде колдонулуп жатканын түшүндүрүп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0