Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө

© AFP / WILLIAM WESTАскерлер кеп танкага каршы Javelin комплекстеринен атуу учурунда. Архив
Аскерлер кеп танкага каршы Javelin комплекстеринен атуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Кошмо Штаттар Россияга каршы "украиналык картаны" ойнотууга чындап киришти, эми киевдик режимди Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун катышуусундагы пландуу чагымчылдык уюштурулган жерлерде Россия менен аскердик кагылыштан керемет гана сактап кала алчудай.
"Россия басып кирет" деген Вашингтон тараптан чыккан дүрбөлөңдүн күүсү менен АКШ ыкчам түрдө Украинанын Борисполь аэропортуна 80 тонна ок-дары жеткирди. Ошондой эле Украинага жаңы курал-жарак жана аскердик кеңешчилерди да жөнөтүү варианттары каралууда. Куралдын кандай түрлөрү келет? Кеңешчилер келсе эмне иш аткарат? Россия мындай аракеттерге кандай чара көрөт? Ушул соболдордун тегерегинде аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой жүгүрткөн.
Кеп танкага каршы Javelin комплекстери туурасында гана эмес, Кошмо Штаттар Киевге Ми-17 тик учактары жана абадан коргонуу тутумдары – Stinger көчмө зениттик-ракеталык комплекстерин (ЗРК), Patriot ЗРКлардын "афган партиясын" берүүнү көздөп турат.
"Пэтриоттор" Украинага берилип калса, анда аларды өз багытында колдонуу үчүн Пентагондун адистери(бөлүктөрү) да келет (Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин окутууга чолоосу тийбейт). НАТОнун стандарттары боюнча, ыкчам пландоо жана согуш майданында украиналык күчтөрдү жетектөө үчүн (2008-жылы Грузиядагы жана 2021-жылдын августуна дейре Афганистандагыдай) америкалык аскердик кеңешчилер зарыл.
Lockheed Martin F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
F-35 кайрадан жаза басты. Аппарат Жер ортолук деңизде кырсыкка кабылды
Америкалык курал жана аскердик кеңешчилердин Донбасска кирер-кирбеси чоң маселе, бирок кыймыл бул багытка баратканы айдан ачык. Украинанын Куралдуу күчтөрү алгач жолу Javelin танкага каршы ракеталык комплексин байланыш сызыгында пайдаланды. Киевдеги АКШ элчилигинин аскердик атташеси полковник Брендон Пресли Пентагондун чалгындоо кызматынын офицерлер тобу менен биргеликте 20-ноябрда Донбасстагы – Пески жана Марьинка калктуу конуштарынын аймагындагы алдыңкы топко барды. Жазалоочу күчтөр тобунун командачысынын орун басары Анатолий Шевченко америкалыктардын алдына "картаны жайып" жана оперативдик абалды ачыктады.
Иш жүзүндө чалгындоо жүргөндөй эле болду, согуш талаасында душманды баалоо АКШ элчилигинин өкүлүнүн кызматтык милдеттерине дегеле жатпайт. Өткөн аптада НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "россиялык күчтөр украиналык чек араларга жакын көп топтолушу түшүнүксүз" деп билдирди. Буга кошумча, Пентагон европалык союздаштарына "агрессияга" даяр россиялык бөлүктөр – 100 чакты батальондук тактикалык топ (100 миң аскер) белгиленген карталарды берди. Алардын божомолунда, андай "агрессия" 2022-жылдын январь–февралында бир убакта бир нече багытта башталат имиш.

Вашингтондун түрткүсү

Киев Кошмо Штаттардын чечкиндүүлүгүн дароо баалай албаганы айдан ачык. Украинанын Куралдуу күчтөрү ушул айдын башында эле чек араларга жакын россиялык күчтөрдүн топтолгону тууралуу Вашингтондун тынчсызданган маалыматын төгүндөгөн.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников 18-ноябрда АКШда Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен кезиккенден кийин "Украина менен Россиянын уланып келе жаткан согушу" боюнча андай эки башка маалыматтар токтой түштү. Украина Куралдуу күчтөрүнүн чалгындоо кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов 21-ноябрда "келерки жылдын январь-февралына россиялык агрессиянын даярдануусун" тастыктады. Ал түгүл "абадан урулган сокку, артиллериялык жана зооттолгон танк чабуулдары камтылган россиялык кол салуунун" картасы боюнча да үн катты. Анын жоромолунда, бул кадамдардын артынан чыгыштан аба-десанттык операциялар, Одесса жана Мариуполдон деңиз десанттары жана Беларустан кошумча сокку келет имиш. Ошону менен бирге эле Буданов Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 14 миң кишиден ашышы ыктымал деп боолголойт.
Беларусь аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
НАТОнун "баш оорусу": Беларусь моюн сунгусу жок
Ал эми апта башында Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов россиялык армия чабуул койгон учур үчүн Батыштан алган "кепилдиктер" жөнүндө кабарлады. Адегенде Киев Вашингтондон абадан жана ракетага каршы коргонуу каражаттарын талап кылат. Мындай типтеги курал АКШ Мамлекеттик департаменти жана Конгрессинин макулдугу менен гана сатылат. Ал ортодо кошумчалай кетчү нерсе, Украинаны аскердик каражаттар менен тегиз колдоого НАТОдогу бардык эле союздаштары даяр эмес. Эске салсак, Грузияны ондогон өлкөлөр куралдандырып турган, бирок 2008-жылдагы агрессиясы үчүн азапты көбүнесе грузин жоокерлери тартканы маалым эмеспи.
Киевдик аскердик-саясий маскарапоздук жана украиналык багыттагы АКШнын аракеттери Донбасстагы ири чагымчылдыктын даярдалып жатканын айгинелейт. Балким, Украина америкалык Outside the Wire (2021) тасмасынын сюжетиндегидей болжол менен 2036-жылга чейинки өзүнүн "тынчтык орнотуу" операциясына камынып жаткандыр.
Кокус согуштук аракеттер кайра тутанып калса, украиналык аба мейкиндигинде НАТО Аскер-аба күчтөрүнүн "полициясы" жана чалгындоо учактары, ал эми Киевдин чет жакасында абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдары пайда болушу мүмкүн. Андайда Россия Украинаны өз чек араларынын жанындагы НАТОнун эбегейсиз авиаташуучу катары кабылдайт.

Россиянын позициясы

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 21-ноябрда НАТОнун машыгуулары деген шылтоо менен Донбасста күч колдонууга умтулуп жатканын расмий түрдө билдирди. Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын басма сөз бюросунун башчысы Сергей Иванов да жагдай боюнча: "АКШ мамлекеттик департаменти Украинага кол салуу үчүн өлкөбүздүн аймагында күч топтолуп жатканы туурасында чындыкка дегеле коошпогон маалыматты дипломатиялык каналдар аркылуу өз союздаштары жана өнөктөштөрүнө таратууда", - деди. РФ Тышкы чалгындоо кызматынын баамында, учурда Украинадагы абал 2008-жылдын августундагы Грузияны эске салат.
Москва "өнөктөштөрүнө" андай агрессиянын болжолдуу кесепеттерин ачык эле эскерткендей болду. Америкалык Bloomberg агенттиги: "Путин үчүн азыр согуш жүргүзүү эмес, газды сатуу – артыкчылыктуу маселе" деп белгилеп, Батыштын картасын алдыбызга жайып койду. Агенттик россиялык күчтөрдүн Украинанын чыгышындагы салгылаштарга түздөн-түз катышы "Түндүк агым – 2" газ түтүгүн жок кыларын боолголойт.
АКШнын шейшемби күнү ушул долбоорго каршы жарыялаган жаңы санкциялары европалык энергетикалык коопсуздукка коркунуч келтирет, ал эми андай чектөөлөрдүн эч бири РФтин эгемен тышкы саясатын өзгөртө албасы айдан ачык. Буга акылдары жетпегени кейиштүү. Москва коңшуларына каршы агрессивдүү пландарды түзбөйт. Бирок батыш чек араларындагы коопсуздугу жана Донбасстын аймагындагы бир жарым миллиондон ашуун россиялык жарандын алдындагы милдеттенмелери өзүнчө бир энергетикалык долбоордон өлчөөсүз баалуу.
РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев кечээ өлкөсүнүн "өнөктөштөрүнө": "Батыш Украина коомун мыйзамсыздык жана ал түгүл жакырчылыкка чейин жеткирүү менен экономикасын кыйратты. Миллиондогон украиналыктар баш калкалаар жай издеген качкындарга айланып калышы ажеп эмес" деп тегин жерден эскертпеген чыгар.
Кандай болгон күндө да Россия АКШ жана НАТОнун Донбасстагы агрессиясына болушунча катаал чара көрөрү турулуу иш, башкача болушу да мүмкүн эмес. РФ Коргоо министрлиги Украина менен чек арасын келечекте автоматташтырылган тескөө тутуму орнотулган "Тосочка" ТОС-2 жаңы оор огнеметтук системалар жана мамлекеттик суверенитеттин ынанымдуу кепилдиктери менен бекемдейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0