"Тылда башаламандык уюштуруу". НАТОнун Украинага карата жаңы пландары

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСовместные учения стран НАТО и Украины "Три меча-2021"
Совместные учения стран НАТО и Украины Три меча-2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
НАТО Россия менен тирешинде "оюнду кызытууда". Британия Украинага жүздөгөн элиталык жоокерлерин жөнөтүүгө ниеттенет.
Альянстын өлкөлөрү Киевди соңку үлгүдөгү курал-жарак менен жабдууда. Бул активдүүлүк эмнеге байланыштуу экени тууралуу Андрей Коцтун материалы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Армиянын каймактары

The Mirror таблоидинин маалыматы боюнча, Британия өкмөтү башында шектенген, бирок акыры аскерлер Кремль тарабынан коркунучтун реалдуу экенине ынандырган имиш. Россиялык танкалар чек араны кесип өткөнү калды, жеңиш маршы менен Киевге карай умтулуп жаткан имиш. Лондондун оюнда 600 элиталык жоокер андай "айлакер пландарды бузат".
Атайын багыттагы топтун өзөгүн Экинчи дүйнөлүк согуш убагынан бери белгилүү SAS спецназы жана 16-десанттык-чабуул коюучу бригаданын жоокерлери түзөт. Бул бөлүктүн "куржунунда" бүт дүйнө жүзүндөгү ондогон ийгиликтүү операция бар.
Lockheed Martin F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
F-35 кайрадан жаза басты. Аппарат Жер ортолук деңизде кырсыкка кабылды
Дал ошонун үлгүсүндө даңазалуу атайын отряддар, атап айтканда, америкалык "Дельта" түзүлгөн. Британиялык спецназдардын өзгөчөлүгү — фронттун чегинен тыш аракеттер, душмандын тылына бүлгүн салуу жана тереңден чалгындоо.
Басылманын булактары Украинага күчтөрдү жөнөтүүгө буйрук "Москва ага кол салганда" гана берилерин да тактап өткөн. Бирок дасыккан аскерлер ушул тапта бул милдетти аткарууга дапдаяр. Улуу Британиянын Башкы штабынын жетекчиси генерал Ник Картер маалымат каражаттарында айтылгандарды кайталап, Россия менен Батыштын ортосунда согуштун капыстан тутануу мүмкүндүгү "болуп көрбөгөндөй" жогору экенин айтты. Айтымында, орчундуу убакты "өткөрүп жибербөө" зарыл.
Кооптондурган риториканы британиялыктар Украина менен чектешкен жерге "россиялык күчтөрдүн тартылышы" менен түшүндүрөт. Анткен менен Москва алар пландуу машыгуулар экенин, суверендүү чек араларда гана өтүп жатканын, мында өзгөчө деле эч нерсе жок экенин кайталап келет.

"Аскердик өздөштүрүү"

Киев жана батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү " Кремлдин агрессиясы" жөнүндө улам катуу жар салууда. Союздаш деген шылтоо менен НАТОнун Украинага бекем жайгашканы, аталган өлкөнү курал-жарак менен жабдууну улантып жатканы жашыруун эмес. Атап айтканда, жакында эле Киевге ар кыл багыттагы 80 тонна ок-дары жеткирди. Андан мурун, ноябрда эле АКШдан атайын кеме Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн керектөөлөрү үчүн Island тибиндеги эки катер менен сүзүп келди. Жакында дагы жөнөтүшөт өңдүү. Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес үч күн мурун Украина Куралдуу күчтөрүнүн "мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтүүнү" убада кылды.
Украинада НАТОнун бир нече аскердик объектиси бар. Маселен, 2015-жылдан тарта Львов облусундагы Яворовск полигонунда Пентагондун инструкторлору Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерин окутат. Формалдуу түрдө полигон Киевге таандык, иш жүзүндө бул – альянстын базасы. Жөн гана "украиналык кесиптештерин" киргизип турушат.
Аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
"Кобальт", Hamkorlik жана башкалар. Борбор Азияда аскердик машыгуулар уланууда
Николаев облусуна караштуу Очаковдогу АКШ деңиз пехотасынын батальону тарабынан курулган кеме башкаруу пунктунан айырмаланып, мында америкалыктар Крым жээгинен алыс кетпей өз вымпелдерин ремонттоп жана тейлөө үчүн сүзүүчү док (кеме куруучу жана оңдоочу жай) жабдууну пландоодо.
Британиялыктар болсо Одессадан 30 чакырым ыраактагы Түштүк портун кыялданып коюшту. Суучулдар анда аскердик-деңиз базасын куруу үчүн алдын алуучу тийиштүү иштерди аткарышты. Украинанын Аскер-деңиз флотунун жайгашары тууралуу кеп да жок. Лондон Азов деңизиндеги да ушундай эле объектини алууга ниетин билдирген.
Украиналык маалымат каражаттарына таянсак, Мариуполдун четинде америкалык атайын багыттагы аскерлер украиналык көзгө атарларды, ал эми Херсон облусундагы Алешкиде — диверсанттарды, Змеиный аралындагы чалгындоо борборунда — чалгындоочулар жана аскердик суучулдарды, Михайловканын чет жакасында — учкучсуз аппараттардын операторлорун даярдайт. Маңызында Кошмо Штаттарда Украинаны өз территориясындай эле көрүшөт. Жакында эле конгрессмен Майк Тернер ал жакта Пентагон "туруктуу жайгашканын" ачык эле айтты.

НАТОнун салымы

Ошентсе да бул Киевге аз өңдөнөт. "Элдин кулу" партиясынан депутат Олег Дунда Коргоо министрлигинин: "Кошмо Штаттарды дагы тыгыз кызматташууга тартуу" милдетин ачыктап койду. Муну аталган мамлекеттин бийлик төбөлдөрү деле ачык айтууда. Россия Тышкы иштер министрлигинде Киевдин жоокердик риторикасын "курал жөнөткүлө" деген кезектеги талабы менен байланыштырышты.
Штабной корабль шестого флота ВМС США Mount Whitney - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
АКШнын Аскердик-деңиз флоту Кара деңизде отурукташуунун ыгын тапты
"Зеленский Остап Бендер айткандай, "чет өлкө бизге көмөктөшөт" деген эсеп менен кандайдыр бир чырларды козгоодон артка кайтпайт. Менимче, аздыр-көптүр кабары бар жана баарына көз салып турган батыштык эксперттер кептин төркүнүн жакшы түшүнөт", — дейт Сергей Лавров.
Украинадагылар да муну жакшы билишет. ZN.ua басылмасынын маалыматы боюнча, "түштүк-чыгыштагы абалдын курчушунан" улам Пентагонго "Гарпун" (деңиз буталары үчүн) жана кургактагы SLAM (Standoff Land Attack Missile) ракеталарын сурап кайрылган. Андан мурун Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин, F-16 истребителдерин же JAS 39 Gripen, ошондой эле зооттолгон техниканы сурап кайрылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0