Баягы эле катасын кайталап... Газ жаатында Европа эмнеден адашты эле?

© AP Photo / Bela SzandelszkyТранспортировка природного газа в Венгрии
Транспортировка природного газа в Венгрии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Узак жылдар бою Европа Россиядан газ көз карандылыгын чабалдатууга тырышкан. Негизги инструменттердин бири – рынокту либерализациялоо, споттук бааларга келишимдерди байлоо.
Наталья Дембинская
Көгүлтүр от жетиштүү жана мунайдан арзан болуп турганда бул жакшы иштеп жаткандай болгон. Батыштын ошондо жаңылыштык кетиргени, бул үчүн жазасын тартып турганы эми билинүүдө.

Рынокту реформалоо

Газ рыногун либерализациялоо — бул эң оболу бааны түзүү механизмин өзгөртүү. Келишимдердин көпчүлүгү мурда мунай бааларына байланган. Жыйырма жыл мурун Европа биримдиги мындан баш тартуу керектигин чечкен. Ага альтернатива катары газ хабдарындагы баалар каралган. Маңызында бул – баары суроо-талап жана сунуштан көз каранды болгон күйүүчү май биржасы.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Путин менен Жонсон Афганистандагы абалды талкуулады: НАТОнун уяты ойгондубу?
Нидерланд жана Улуу Британияда хабдарды түзгөн. АКШ жана Катардан алынган көлөмдү көбөйтүшкөн. 2008-жылдагы глобалдык каржылык каатчылыгында сырьё кескин түрдө арзандаган. Бул ЕБдин газдын споттук баалары менен импортко байлоо каалоосун күчөткөн. The WallStreet Journal басылмасы европалык аткаминерлер жана ишканалар соңку он жылдыкта "Газпромго" кысым көрсөтүп келген.
2019-жылы ЕБ менен россиялык үлкөн компаниянын келишимдеринин жарымынан көбү споттук же форварддык бааларга негизделген.

Стратегия үзгүлтүккө учурады

Европа: "жабдуучулар атаандаштыгы бар диверсификацияланган рынок" түптөлдү. Газ мунайдан дайым арзан болду. Көз карандысыз энергетикалык консультанттардын эсеби боюнча Европа биримдиги 70 миллиард доллар үнөмдөгөн. Бирок быйыл абал өзгөрдү. Көгүлтүр оттун биржалык баалары үч жүз-төрт жүз пайызга көтөрүлүп кетти. Узак мөөнөттүү келишимдерде бир нече айга кечеңдөө да эсепке алат. Бирок кошумча көлөмдү азыркы баада сатып алууга туура келет.
"Орустар көпкө чейин бизге: мындайды кылбагыла, бул натуура иш, мунайга байланган бааны кармагыла деп келишкен. Алардын айтканы чыкты", — деген Оксфорд энергетикалык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Жонатан Стерндин сөзүн келтирет WSJ журналы.
Газ жетиштүү көлөмдө болуп турганда стратегия күчүндө эле. Таңсыктык жаралып, баалар өскөндө ал заматта үзгүлтүккө учурады. Эл аралык энергетикалык агенттиктин эсеби боюнча Европа биримдиги 2021-жылы мурунку эрежелердеги бааларга караганда орточо 30 миллиард долларга көбүрөөк.
Европалык министрлер көйгөйдү чечүүгө баш катырууда. Бирок WSJ басылмасы алардын колунан көп нерсе келбейт, себеби Россия жардамдашпаганын, Москва келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө гана газ менен жабдыганын белгилейт.
АКШнын президент Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
АКШ президенти Европада. Россияны кантип "күнөөсүн" мойнуна алдырып, төлөтүшөт?
"Энергетикалык каатчылыкка Европа биримдигинин бийлигинин кадамдары түрткү болду, анткени алар альтернативдик энергетиканын мажбурланган өнүгүшүнө басым жасап, "Энергетикалык үчүнчү пакеттин" кабыл алынышы сымал башка аракеттерди эсепке албастан "Газпромдун" OPAL газ түтүгүнө жолун чектеген. Натыйжада Россиядан газ аз келип, ал эми "Газпром" сырьёну аукциондо сатууну туура көрүп, көлөмдү көбөйтүүгө ашыкпайт", — деп түшүндүрөт көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов.
Анткен менен стратегия дале жокко чыгарыла элек. Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен октябрдын башында жабдуучулардын санын арттыруу, ошондой эле таза энергияга өтүүнү тездетүү керектигин айтты. "Европа бүгүнкү күндө газды импорттоого аргасыз, — дейт ал. — Бул бизди чабалдатат".
Бирок башка, маселен, Борбор Азиядан тарта европалык тоолуу тектерге чейинки булактардан газ алуу үмүттөрүн да таш капты. Европа биримдигинин өзүндө көгүлтүр отту алуу көлөмү Нидерланддагы Гронингендеги кендин тез түгөнүшүнөн улам азайып кеткен.
Ал эми суюлтулган газ мурдагыдай эле түтүк аркылуу берилген газдан 30га кымбат. Инфраструктуралары да жетишерлик. Ал эми курулушу ашкере чыгымдуу. Европа биримдиги пайдаланган газдын 90 пайызы импорттолуп, анын жарымына жакыны Россиядан алынат.

Кырдаалды өзгөртүү

Bloomberg Москва эрежелерди кайра карап чыккысы келерин, Европага споттук бааларда газ берүү пайдалуу болсо да, Россия үчүн узак мөөнөттүү келишимдер мааниге ээ. Дал ушундай ойду "Россиялык энергетикалык жума" форумунда Путин да белгилеген.
"Германия эки эмес, бир жарым миңден, ал эми куб метрин 250–230 доллардан алат. "Газпром" мында жоготууларга да тушугат... Бирок өндүрүшчү да бул абалдын турукташуусуна кызыкдар. Анткени ал кандайдыр бир көлөмдү минимумдук көрсөткүчтөгүдөй эле баада сатып, бул менен өз инвестициялык саясатын тийиштүү образда түзөт", — деген РФ президенти.
Полиция Стокгольмдогу демонстрация учурунда климат активисттерин эвакуациялап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Россияга каршы экотеррорчулар тапталып жатабы?
"Узак мөөнөттүү келишимдер бир нече жылга газ менен жабдуудагы туруктуулукту жана ачык баа түзүмүн камсыз кылат, — деп тастыктайт Хазанов. — Споттук соода шартында түшүнүксүз каржылык чыгымдар менен чакан сатып алууларды салыштырууда күчтүү туруксуздук болушу мүмкүн. Споттук убаракерчиликтен көрө узак мөөнөттүү келишимдин пайдасы артык".
Эксперттер көйгөйдү мунайга байлоодон баш тартуудан эмес, соңку 10-15 жылда экономикалык саясаттагы карама-каршылыктардын айынан европалык энергетикада түзүлгөн кыйчалыш жагдайлардан көрөт.
"Классикалык мунайга байлоо ыкмасы айрым мааниде эскирди, анткени газ Европада эч бир сегментте мунай өндүрүмдөрү менен дээрлик атаандашпайт. Мунай рыногу алда канча өнүккөн, газ спотундагы акыркы 18 айдагы солгундоолор көптөн бери байкала элек болчу. Башында баа беш-алты эсеге түшкөн, кийин тез эле 20 пайызга көтөрүлүп кетти", — дейт РФ Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы директорунун орун басары Алексей Гривач.
Узак мөөнөттүү келишимдер тармактын өзгөчөлүктөрү, атап айтканда, узакка созулган инвестициялык цикл, фазалардын бардыгындагы жогорку капиталдык чыгымдар, сезондуулук, сактоо кыйынчылыктары үчүн абдан маанилүү. Европалык реформаторлор дал ушул мүмкүнчүлүктү жоюп салууга тырышканын айтат Гривач. Европанын бул кейиштүү тажрыйбасын эске алып ЕБ мурдагы тутумга кайра кайтууга даярдыгын билдириши толук мүмкүн. Бирок россиялык монополист мунайга да, спотко да эч байланышы жок бааларды сунуштоо менен ири европалык компаниялар менен макулдашуу кыйла оңой экени да маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0