Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай

© AFP / WAKIL KOHSARКабулдун четиндеги талибтер
Кабулдун четиндеги талибтер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Кабулдан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылып, Афганистанда америкалык өкмөт кулагандан бери деле ири шаарларда терактылар уланууда.
Өлкөнүн түштүгүндө талибдер саясий атаандаштары менен кармашып, республиканын экономикасы күндөн-күнгө кыйрап барат. Убактылуу өкмөт эл аралык саясий активдүүлүгүн көрсөткөнү менен көп улуттуу 40 миллион калктын мүдөөсүн эске алган жок.
20-октябрда афган борбор калаасынын кыйма-чийме түшкөн Дехмзанг кесилишинде теракт болду. Бул кайгылуу окуяга кейиген аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы жагдайга кайрадан сереп салган.
Бул каргашанын курмандыктарынын так саны азырынча белгисиз. Middle East Press агенттиги куралчандар кесилиштеги полиция тилкесин аткылап, бир кызматкер набыт болуп, дагы бири жарадар болгон. Кол салгандар изин жашырып кеткен, эч бир топ бул окуяга жоопкерчилик албаганы менен ИМ* уюмунун мурдагы терактыларын эске салат.
Афганистандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ("Талибандын"* мүчөлөрү): "Бүлгүн салуучу күчтөр кырдаалды туруксуздаштырып, жаңы өкмөттү өлкөдөгү, анын ичинде борбор калаадагы абалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз катары көрсөтүүнү көздөп жатат",  — деп билдирүүдө.
Талибдер Афганистандагы ИМ* ишмердигин чет өлкөлүк атайын кызматтар тескейт деп эсептешет. Кантсе да талибдер мамлекеттик башкаруу жана жай жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу аракеттерине караганда "бүлгүн салуучу күчтөр" туруксуздаштырууда кыйла ийгиликтүү болууда.
Россиялык Су-25 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык
Ушундай жагдайдан улам Москвада 20-октябрда РФ тышкы иштер министри, Пакистандын атайын өкүлү, талибдердин делегациясынын катышуусунда Афганистан боюнча жолугушуу өттү. Анда аталган өлкөдөгү абал жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу боюнча эл аралык аракеттер талкууланды.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров афгандыктарга коркунуч негизинен ИМ* жана "Аль-Каид"* тарабынан жаралып жатканын белгиледи. Анын алдында эле РФтин аталган республикадагы элчиси Дмитрий Жирнов талибдердин бийлигин таанууга азырынча эртелик кыларын айткан. Ошентсе да жакын арада Москва Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтмөкчү. Ал эми АКШ Каржы министрлиги миллиондогон афгандыктар кабылган капсалаңга карабай Афганистандын мамлекеттик резервдерин ачууга ашыкпайт.

Жардыруулар, салгылаш, экономикалык кыйроо

"Талибан"* кыймылы Пентагон жана НАТО күчтөрү менен кармашта ийгиликке жетишкени Афганистанга Ирак, Сириядагы согуштук аракеттерде бир топ дасыгып калган ИМ* террорчулары агылды. 15-октябрда согушкерлер Кандагардагы шииттердин мечитине чабуул койду, 130дан ашуун адам жабыр тартты. Болгондо да теракты атайын операциядай уюштурулган. Адегенде автоматтык куралдар ок чачып, жанкечти өзүн жардыруу менен аяктаган. Мечитке кол салууга жоопкерчиликти Афганистанда талибдердин бийлигинин негизги атаандашына айланып бараткан "Ислам мамлекети"* мойнуна алды.
Кабулдагы америкалык өкмөт кулагандан бери эле афган маалымат каражаттарында 17 теракты тууралуу кабарланды. Көпчүлүгүнүн аркасында "Ислам мамлекети"* турат. Борбордогу, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы терактыларда 600 чакты киши жабырланган.
8-октябрда Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги жардыруу 120 кишинин өмүрүн алды. 160тан ашуун адам жаракат алды. Терактылар ачык эле талибдерге каршы мүнөздө. Мисалга, 3-октябрда Кабулдагы Идгах мечити таасирдүү талибдердин бири Забихулла Мужахиддин апасын узатуу зыйнаты өтүп жаткан маалда жардырылды.
Түндүктөгү Баглан провинциясынын аймагында талибдер Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун кошуундары менен салгылашууда. Эске салсак, аталган кыймылды тажик тектүү кенже Ахмад Масуд жетектейт. Пули-Хисар жана Дих-Салах уезддеринде талибдер 60 жоокеринен айрылып, чегинүүгө аргасыз болушту.
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Батыш карызын төлөөдөн баш тартууда. Талибдерди таануу керекпи же жокпу?
Ахмад Масуд мекендештерине террорчул "Талибан"* кыймылынын бийлигине каршы көтөрүлүүгө кайрадан чакырык таштады. Анан да өзү башында турган каршылык көрсөтүү күчтөрү "Панжшер өрөөнүн куткаруу ниетинен" кайтпай турганын белгиледи. Андан мурдараак Масуддун кошуундары "Гиндукуштагы партизандык аракеттер Пакистанга "Талибанга"* түз жардам көрсөтүүгө" жол бербестигин жар салган. Ошол себептен Панжшер провинциясын толук көзөмөлгө алды деген талибдердин маалыматы чындыкка коошобу деген түкшүмөл суроолорду жаратат.
"Талибан"* бийлигине "ички легитимдүүлүк" жетишпей турганы анык. Мунсуз жаңы бийликтин эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы мүмкүн эмес экенин айтат Афган ислам республикасынын мурдагы президенти Хамид Карзай.
Тажик-афган чек арасынан күн сайын Афганистандан 600гө чукул жаран өтүүгө жан үрөйт. Тажикстанда алардын саны 15 миңден ашып калды. Мыйзамсыз афган качкындарынын алды Польша чек арасына дейре жетти.
"Эмирликте" азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы өсүүдө. Эл аралык валюталык фонд 2021-жылы афган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт деп жоромолдоодо. Ошол эле убакта Дүйнөлүк банк, АКШ Каржы министрлиги сымал эле аталган фонд да талибдердин ресурстарды алышына бөгөт койгон.
Сыягы учурда өлкөдө кармана турган жалгыз киреше булагы маңзат трафиги жана кызыкдар коңшуларга америкалыктар калтырып кеткен куралдарды сатуу же алмашуу жолу гана калды өңдөнөт.

Чек арадагы кырдаал

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Москвада талибдер менен гуманитардык маселени чечип жатса, коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстан жана Өзбекстан аймагында афган чек араларына жакын жерлерде аскердик машыгууларга көз салууда. Россиялык эки министр тең Россия жана өз союздаштарынын коопсуздугун ар кыл ыкмалар менен камсыздоо далалатында.
Афганистанда жыйырманын тегерегинде террордук топ бар. Алардын айрымдары Борбор Азияга басып кирүүгө даяр. Маселен, экстремисттик "Хаккани түйүнү"* бийликтеги "Талибандын"* курамында туруп да өз алдынча аракеттерге барып, "Аль-Каида"* менен тыгыз байланышта.
Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолукканда Афганистандын түндүгүндө ИМдин* эки миңге чукул согушкери турганын кабарлап, Афганистан чек арасында террорчуларды биргеликте ооздуктоого чакырган.
Географиялык коңшулардын реакциясы мыйзам ченемдүү. Тажикстандын Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө алты мамлекеттин күчтөрү Афганистандан күтүлгөн террорчулардын мизин ыкчам кайтаруунун варианттарын иштеп чыгууда.
Панджшер провинциясында Талибан согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Путин: Афганистанга тажрыйбалуу согушкерлер тартылууда, чек араларды бекемдөө керек
"Эшелон", "Издөө" атайын операцияларын жана ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын Россиянын Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин жеке өзү көзөмөлдөөдө. Аскердик окууларга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 4000 жоокер катышып, 500дөн ашуун аскердик техника тартылган.
Тажикстандагы бул иш-чарада душмандын жерин аныктап, жок кылуучу жаңы технологиялар сыналып, мобилдик радиолокациялык станциялар, чалгындоочу-сокку уруучу дрондор, ыраактан көзгө атар винтовкалар, радио электрондук күрөш тутумдары пайдаланылууда.
Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасынын төрт даана СУ-25 чабуул коюучу учагынын Тажикстанга жеткирилиши да авиациялык күчтү даана көрсөтүүдө. Булардын баары көйгөйлүү республикага чектеш аймактарда күтүлгөн куралдуу кагылыштардын баштапкы баскычында басып, чечкиндүү сокку урууга мүмкүндүк берет. Россиялык аскерлер Борбор Азия өлкөлөрүндө жок жогорку технологиялык курал жана аскердик тажрыйбага ээ экенин белгилей кетели.
* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0