Саясий жана насыялык көз карандылык: ЕБ менен биригүү Украинага эмне берди?

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүУкраинанын жана Европа Биримдигинин желектери. Архив
Украинанын жана Европа Биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Украина бүгүн, 24-августта, отузунчу Көз карандылык күнүн өзгөчө шаң менен белгилегени турат. 1991-жылы ушул күнү өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялоо актысына кол коюлган.

Калктын биримдиги украиналык "көз карандысыздыктын" максаттарына кирген эмес деп белгилейт РФ президенти Владимир Путин өз макаласында. Бул украиналык каймактардын "чакан көлмөдө чоң балыкка айлануу" үчүн Россиядан кол үзүү аракети эле. Ушул үчүн "Украина – Россия эмес" деген жасалма концепция ойлоп табылган.

Россия менен бардык маселеде тирешүүдөн улам Киев Батыштын "куурчагына" айланып калганы жана Украина Европа биримдигине ыктагандан бери эмнеге ээ болгону тууралуу бул макаладан окуңуздар.

Украинанын мамлекеттик суверенитети жөнүндөгү декларациясында "келечекте аскердик блокторго катышпаган бейтарап мамлекет болууга ниетин жарыялайт" деген бөлүм бар. Бул жобо аткарылбаганын белгилейт РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин массалык коммуникация жана медиабизнес департаментинин доценти Геворг Мирзаян.

"Украиналыктар өздөрүн Батыштын бир бөлүгү катары көрөт. Анткен менен алар эч качан Батыштын бөлүгү болушкан эмес, боло албайт да. Себеби аларды Европа биримдигинин, балким НАТОнун чатырында кармап тура беришет", - дейт саясат таануучу.

"АнтиРоссия" концепциясынын алкагында Киев НАТО менен ымалалашууга ишенимдүү ыргакта баратат: 1997-жылдын 9-июлунда НАТО менен Украина "Өзгөчө өнөктөштүк жөнүндөгү хартияга" кол коюшкан. 2005-2006-жылдардан тарта Украина жыл сайын НАТОнун беш-алты, негизинен Кара деңиздеги аскердик машыгууларына катышат. 5-августта эле Dive-2021 окуусу өттү.

Тышкы таасир менен ЕБге карай бурулуп...

Петр Порошенконун тушунда Жогорку Раданын чечими менен Украинанын Конституциясына өлкөнүн "европалык жана евроатлантикалык багытын" бекиткен, башкача айтканда, Европа биримдиги жана НАТОго кирүү боюнча жоболор киргизилген. 2013-жылга чейин Украина өз алдынча мамлекет сымал көрүнүп келсе, "Евромайдандан" соң өлкөнүн Батыштын таасиринде калганы ачык байкалган.

"Майдандын" алдында Украинада толгон-токой көйгөй болгон. Виктор Янукович эки күчтүн эбин табууга далбас уруп, ошол аракети менен жеңип чыгарына үмүттөнгөнүн түшүндүрөт Интеграция перспективаларын изилдөө борборунун директору Сергей Рекеда.

Киев шаары, Украина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Баягы эле ката. Украинада бийлик эмне үчүн туруктуулукту камсыз кыла алган жок?
"Янукович Брюссель менен активдүү диалог жүргүзгөн. Дал ошол тушта Брюссель "бооруна" тартуу тактикасын ишке ашырып жаткан эле, кийин бул Беларуска да багытталды. Мындай жол менен режимди алмаштыруу эмес, ЕБдин азыркы режимине баш ийдирип, Украинанын тизгинин колго алууга тырышышкан", - дейт С.Рекеда. Айтымында, бул тактика реформалар боюнча Брюсселдин Киевге койгон талаптары камтылган "Фюле тизмеги" маселесинде ачык байкалат. Натыйжада реформалар жүргүзүлгөн жок, ал эми ассоциация тууралуу макулдашуу баары бир түзүлдү.

"Брюссель Киевге жок дей албады. Макулдашууга кол коюу Брюссель үчүн Киевдин акырындап ЕБге нугун бурушун туюндурган. Айтор Янукович да эч кандай реформа жүргүзүүгө кызыкдар болгон эмес", - деп түшүндүрөт ал.

Бирок Янукович Россиядан каржылык көмөк алууга макул болгон соң баягы тактика режимди кулатууга алмашкан. Батыштык күч борборун жактаган саясатчылар бийликке алып келинген.

"Майдандан кийин бул саясатчылар бийликке коюлуп, алар 2014-жылдан бери бара-бара Киевдин көзөмөл алдында калуусун камсыздашкан", - деп мүнөздөйт Рекеда. Буга айкын мисалдар – 2014-жылдын февралында Януковичтин оппозиция менен сүйлөшүүсүндө Германия, Франция жана Польшанын "ортомчулугу"; Байдендин Порошенкого буйрук бергени боюнча "Деркачтын тасмалары"; сотторду дайындоодо "чет элдик эксперттер" чечүүчү добушка ээ болору белгиленген сот реформасы жөнүндөгү мыйзам.

Катуу манипуляция жасалган

Украина менен Европа биримдигинин ассоциациясы туурасындагы макулдашуу 2017-жылы гана күчүнө кирген. Януковичтин тушунда бул өлкө ишканаларын банкротко кептей турганын аңдашкан украиналык ишкерлер, өнөр жайчылар аталган макулдашууга каршы чыгышканын белгилейт Мирзаян.

"Ассоциация жөнүндөгү макулдашууга ылайык, Украина европалык товарлардын баарына каалгасын толук ачып, ордуна европалык рыноктон чакан гана үлүш алат. Анан да бул өндүрүш кубаттуулугу толук олуттуу сертификациялык жаңылануудан өткөрүлгөндө гана ишке ашмак, өлкөдө бул жол-жобого каражат жок эле. Ошондо Янукович кайра карап чыкмайынча макулдашууга кол коюудан убактылуу баш тарткан", - дейт саясат таануучу.

"Бул үч жылга созулуп кетиши Украина ЕБ менен кайра сүйлөшүү аракетине байланыштуу. Анткени Майданда: "Биз Европага чыккыбыз келет, баарына кол коебуз!" деп кыйкырган башка, украиналык олигархаттын кызыкчылыгына каршы нерселерге түздөн-түз кол коюу бөлөк кеп", - деп кошумчалайт Мирзаян.

Рекеданын айтымында, ассоциация боюнча макулдашуу саясий максатта түзүлүп, экономикалык натыйжага ээ эмес эле. Маселен, Киев ЕБдин артта калган чыгыш өлкөлөрү үчүн түзүлгөн европалык теңдөө фонддоруна кире алган эмес. Ошондой эле Украинанын Европа биримдиктин эркин соода зонасына кирүүсү да катаал квтоталар менен чектелген. Андан улам украиналык өндүрүшчүлөр ЕБ өлкөлөрүнө пошлинасыз саналуу гана санда товар алып кире алышкан.

Митинг против коррупции в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Постсоветтик мейкиндикке сабак болчу украиналык тажрыйба
ЕБ менен биригүүнүн дагы бир маанилүү аспектиси визасыз режим эле. "Визасыз режим масштабдуу манипуляцияга айланган, анткени бул ЕБ аймагында иштөөгө уруксат берилишин эмес, туристтик максатта ЕБге кирүү мүмкүнчүлүгүн гана караган. Болбосо 2013-жылы "акыры биз ЕБдин бардык өлкөлөрүнө эркин кирип, иштей алабыз, турмуш деңгээлин жакшыртабыз" деген ойго басым жасалган", -деп эскерет Рекеда.

"Украинага бул ассоциация Европа биримдигине жакыныраак болууга психологиялык гана укук берди, бирок иш жүзүндөгү эч бир нерсе менен коштолгон жок", - деп талдайт Рекеда.

Эксперт аталган өлкөнү Армения менен салыштырат. 2013-жылы Ереван да ЕБге биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Ал эми 2013-жылдын сентябрында Евразиялык биримдикке кирерин жар салган. Евразиялык биримдикке кошулгандан кийин Армения Европа биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө тереңдетилген макулдашууга кол койгон.

"Бул – көп пунктулары боюнча ЕБ менен ассоциациянын кыскартылган варианты. Иш жүзүндө Армения бул кадамы аркылуу Украинага Евразиялык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуу менен евразиялык мейкиндиктен экономикалык пайда алып, ошону менен бирге эле ЕАЭБдин укуктук базаларына каршы келбеген учурларда Европа биримдиги менен мамилени тереңдетип жана өрчүтүүгө болорун көрсөтө алган", - деген оюн ортого салат Рекеда.

Кайра кайткыс чек

ЕБ менен биригүү Украинага саясий жана насыялык көз карандылыктан башка нерсе бербеди. Россия менен экономикалык байланыштарын үзүүгө умтулуу менен Украина Эл аралык валюта фондунун каржылык жардамынан толук көз каранды болуп калды.

Быйыл ушул айдын башында Зеленскийдин кеңсеси 2020-жылы июнда бекитилген Stand by программасынын алкагында МВФ 2,7 млрд. доллардан ашуун өлчөмдө өлкөгө кезектеги траншты "кайтарымсыз жана кошумча шарттарсыз" берерин жарыялады.

Бирок азыркы транш – Эл аралык валюта фондунун бардык өлкөлөргө пандемиядан кийинки өнүгүү үчүн бөлгөн көмөгү, аны Украина артыкчылык менен алып жаткан жери жок.

Анан да 2020-жылдын 10-июнундагы биринчи транш макулдашылган убакта Киев ЕБ жана Эл аралык валюта фонду менен бул шарттарды аткарган: айыл чарба багытындагы жерлерди сатууну баштоо жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган; Эл аралык валюта фондуна Украинанын Улуттук банкын де-факто (иш жүзүндө) көзөмөлгө берип, ал тургай аны Украинанын укуктук талаасынан жарым-жартылай четтеткен; эл аралык каржылык алып сатар жана трансулуттук компаниялардын кызыкчылыгы үчүн өлкөдөн каражаттарды чыгарууга тоскоолдуктарды жоюу менен салык төлөөдө олуттуу жеңилдиктерди берген.

Акция националистов в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Радикалдарга таянган бийлик, гүлдөгөн улутчулдук. Эгемен Украинанын саясаты
"РФ менен Батыштын алакасы азыркыдай абалда турганда же бузулуп баратканда Украинада көңүл жылытарлык өзгөрүү болбойт. Экономика андан ары кыйрай берет, калктын жашоо деңгээлине көп кам көрүлбөй, бай-кедей ажырымы тереңдейт", - деп жоромолдойт Рекеда. Эксперттин пикиринде, Украина – РФ менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамиленин абсолюттук чагылышы. Мындай эл аралык жагдайда Киев менен Москванын алакасы кайра жакшырышы мүмкүн эмес. Анын айтымында, Украинадагы каатчылык – "РФ менен Батыштын ансыз да начар мамилесинин" кесепети.

Биздин маектеш Батыш өзүндөгү курч көйгөйлөрдүн айынан Украинаны колдоодон баш тартарын белгилейт. Бирок Киев Россия менен мамилеси жөнүндө баары бир бачым эле акыл калчап үлгүрбөйт.

"Кайра кайтарылгыс абал. Ондогон жылдар бою русофобиялык маанайды өз коомуна сиңирип келгендиги үчүн деле Украина автоматтык түрдө Россияга кайрадан ыктай албайт. Өлкөдө "Россия бир тууган мамлекет эмес, ар кандай баалуулуктарга ээ ар бөлөк элбиз, Украинанын башына келген кыйынчылыктардын баарын Россия жараткан" деп эсептеген муундар бар", - деп түшүндүрөт Рекеда.

Жаңылыктар түрмөгү
0