05:16 16 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
156 0 0

Көз карандысыздык алгандан бери Украина көп өлкөлөргө мисал болду. Бирок андай "үлгү" болууну эч кимге каалабайт элек.

Заманбап дүйнөдө мамлекеттердин бир тобу (өлкөлөр уюму) башкаларга өрнөк боло алат. Маселен, Европа биримдиги бүгүнкү күндө кыйла майнаптуу интеграциялык бирикме болуп саналат.

Адамзат феодалдык бытырандылык шартында жашай албастыгын, кылымдап бири-бири менен согушуп келе жаткан өлкөлөр да бийик максаттар үчүн бириге алышарын белгилейт РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржылык университетинин доценти Геворг Мирзаян. Анын ушул теманын тегерегиндеги макаласын назарыңыздарга сундук.

Кошмо Штаттар кайсы бир убакта демократиянын жана ийгиликтүү өнүгүүнүн үлгүсү эле. Бирок ушул тапта эгер мыйзам жана максатка ылайыктуулугу жагынан чектелбесе, демократия жана адам укуктарын коргоо принциби эмнеге айланарына күбө болдук. BLM жана MeToo сымал кыймылдардын пайда болушуна ачык мисал жана америкалык коомчулукту ичтен иритет.

Россиянын башка функциясы бар. Ал (Кытай менен биргеликте жана жарым-жартылай Түркия менен) батыш үлгүсүндөгү демократия саясий тутумдун жалгыз ийгиликтүү модели эмес экенин тастыктайт. Ар бир мамлекеттин өз үрп-адаты, географиясы, турмуш деңгээли жана калктын керектөөсүнө негизделген ушул системанын өз түрүнө ээ болушу керектигине өрнөк болуп бере алат.

Бул жаатта Украинанын мисалы бир топ кейиштүү. Кошмо Штаттардын Киевге каршы пландары чоң экени эч кимге жашыруун эмес. Вашингтондун постсоветтик мейкиндикте "өнүгүү жана демократиянын багыт көрсөткүчүн" түзүү ниети көптөн бери бар. Бир өлкөнү Батышка ыктагандыгы үчүн жана либералдык, демократиялык реформаларды жүргүзүү маселелеринде анын бардык кеңештерине кулак салгандыгы үчүн гана авторитардык мамлекеттен гүлдөгөн заманбап коомго айландыруунун өрнөктүү үлгүсүн көрсөтүүнү көздөйт.

АКШ постсоветтик мейкиндикте өз саясатын көбүнесе Россияны ооздуктоо призмасы аркылуу карай турганы да жалпыга маалым. "Багыт көрсөткүчтү" түзүүдө алгачкы америкалык талапкер Грузия болгон. Бул өлкөдө Михаил Саакашвили бийликке "розалар революциясынын" күүсү менен келип, америкалык жана европалык каражаттар менен бир катар реформаларды жасаган.

Либералдар аны дароо калкан катары көтөрүп, "Эмнеге Грузияда ишке ашты, бирок грузиялык эксперимент ийгиликтүү боло албады?" деген китептерди чыгара баштады. Буга себеп толтура эле, атап айтсак, аткаруучулардын ашкере көптүгү, либерализмдин ченемсиздиги (мисалы, дан-эгинди импорттоого төлөмдөрдүн алып салынышы грузиялык айыл чарбасына сокку урган), Грузиянын өнүктүрүү ресурстарынын жетишсиздиги, ошондой эле грузиндердин орустарга терең русофобиясынын жоктугу да буга түрткү болгон.

Анан күчтүн баары калкы көп, ресурстарга бай, каймактары канчадан бери өз мамлекетин Россиядан оолак тутуу саясатын жүргүзүп келе жаткан Украинага бурулган. 2014-жылы биротоло "АнтиРоссияга" айланып, ал эми постмайдандык бийлик америкалык кураторлор либералдык жана демократиялык реформаларды баштаган. Натыйжада чындап эле Украина үлгүгө айланды, бирок дал америкалыктар күткөндөй чыкпады. Калкынын басымдуу бөлүгү орусча сүйлөп, орусча ойлонуп жана өздөрүн орус санаган өлкөдө агрессивдүү русофобия туруктуу жана гүлдөгөн коомду түзө албай турганын далилдеди. Тескерисинче, ал элди бөлүп-жарып, жарандык жаңжалдашууну, ал тургай жарандык согушка кептейт. Россия менен чектешкен өлкөдөгү агрессивдүү русофобия көбүнесе өзүнө жараша болорун, коопсуздукту жана мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө болуп бере албайт.

Украина россиялык рынокко пошлинасыз чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылды. Тек гана Кремлдин сабырдуулук жана болушунча жумшак позициясынан улам (дал ушул үчүн россиялык серепчилердин бир даары РФ президенти Владимир Путинди сындап келишет) визасыз режим, жарандарынын Россияда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган жок.

Анан да олуттуу экономикалык санкциялар салынбады. Бул аталган республика Батыштын Россияга каршы тирегинин ролун ыктыярдуу түрдө алуу эч кандай орчундуу дивиденд алып келбегенин айгинелейт.

Себеби Украинадагылар Вашингтон жана Брюссель өз таянычын бардык жактан колдоп турарына бекем ынанышат. Акча салып, саясий капитал менен камсыздап, ал тургай батыштык интеграциялык блокторго (эгер Европа биримдиги болбосо да НАТО) кошушат деп ишеним артышат.

Бирок мунун эч бири аткарылган жок, тескерисинче, Батыш акырындык менен Украинадан кол үзүп бараткандай. Европа биримдигиндегилер Россия менен жаңжалдашуу кажетсиз экенин, жеңүүгө үмүттүн жоктугун аңдашты. АКШда да айрымдар муну акыры түшүнүп, натыйжада Батыш Москва менен сүйлөшүүгө тырышууда.

Украина өзүнүн русофобиялык аракеттери менен тарыхый процесстин четинде, ал эми болочокто Россиянын маңдайында жалгыз калары бышык. Себеби АКШнын союздаштык милдеттенмелери эбак бир катар жерлерде ишенимсиз экенин көрсөттү. Далилдердин эң соңкусу – Афганистан, өзгөчө Кабул аэропорту. Ошондуктан бардык өлкөлөр украиналык тажрыйбаны тыкыр талдап көрүп, аны кайталабаганы оң.

Айрыкча бул Россия менен ымалалаш, маңызында жакырчылыктан сактоого, тышкы коркунучтардан коргонууга Россиядан көмөк алган постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерге тиешелүү.

Тема боюнча

Россиядан баш тартып Украина эмнеден утулду. Януковичтин кайрылуусу
Янукович: Россия менен байланыш Украинаны социалдык коллапстан куткарган
Белгилер:
Украина, эгемендүүлүк, сабак, Батыш, Россия, саясат, экономика

ЭҢ МААНИЛҮҮ