Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду

© REUTERS / Carlo AllegriРабочие перемещают флаг США
Рабочие перемещают флаг США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Америкалык өнөктөштөр кайрадан ызы-чуу түштү. Орустар тараптан кооптуулук сезген АКШлыктар бул ирет аны Венадан таап чыгышты.

Вашингтондун Австриянын борбор калаасындагы элчилигинин айрым кызматкерлери башы ооруп, жүрөгү айланып, тынчы кетип жатканын айтышкан. Көпчүлүк анын эмнеси бар экен дейт да. Дипломатиялык кызмат кооптуу, оор эмеспи, ар кыл жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, протокол дегендей. Мындай иш-чаралардан кийин, өзгөчө эртеси бир топ эле кыйналып каласың. Бирок америкалык диипломаттар көп жыл бою мындай "оорудан" аспирин менен сактанып келгени маалым.

Эми дипломаттардын баш оорусу расмий түрдө "гавана синдрому" деп жарыяланды. Көрсө баш жазуу, ой, "гавана синдрому" кайсы бир ойго келбес фантастикалык куралдан пайда болот экен. Аны Венада орустардын атайын кызматы пайдаланат имиш. Дал ушул кырдаалга Виктория Никифорова көз салып, макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Айтылган кепке караганда, бул курал түз эле америкалыктарга каршы колдонулуп, миллиондогон веналыктар менен аларга ыктаган мигранттар аман-эсен эле эч нерсе сезбей жүргөнү кызык. Же балким аспирин ичип жаны калып жаткандыр.

Нью-Йоркская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Кайтпас чекке жетти: талдоочулар АКШ экономикасынан кооптонууда
Бүгүн "гавана синдрому" тууралуу Американын кадыры күч басылмалары да жазып, Вашингтондо бул окуя кадимкидей эле иликтөөгө алынды. Мамлекеттик департамент окумуштуулардан экспертиза жасоону өтүнүп жатышат. ЦРУ директору Уильям Бернс "ден соолугу белгисиз нерседен зыянга учураган кызматкерлер" менен өзү сүйлөшүүдө.

Мындайга Россия деле көнүп бүттү деңизчи. Жакында эле америкалык өнөктөштөр орустар аларды көздөй НЛО учуруп жатканын айтып, дүйнө коомчулугун ишендирүүгө аракет кылышты. Анан "гавана синдрому" менен Вена кайдан жүрүп илешип калды?

Көрсө кеп мамдепартаменттин сценаристтери жедеп тамтыгы чыккан трафарет менен иштеп көнүп калышканында экен. Ушундай эле сөздөрдү 2016-жылы маалымат талаасына чыгарып турушкан. Анда Гавана тандап алынган болчу.

Ошого чейин президент Обама Кубага каршы санкцияларды жумшартып, Гаванага барып да келген эле. Мындай аракеттин кульминациясы АКШ элчилигинин жарым кылымдык тыныгуудан соң ишинин жанданышы болду. Келген дипломаттарды Хемингуэйдин жакшы көргөн барында коктейль менен жакшы эле сыйлашкан.

Бирок АКШнын кийинки президенти Дональд Трамп Обаманын буйруктарынын баарын, анын ичинде Куба менен жаңы гана башталган достукту да жокко чыгарып салды. Мамилелер сууп баратканын элчиликтин кызматкерлери азая баштаганынан билүүгө болор эле.

Анан эле Гаванадагы америкалык дипломаттар менен ЦРУнун кызматкерлеринен ошол эле баш оору, угуусу начарлоо, тынчы кетүү сыяктуу белгилер аныктала баштаган. Кулактарына кандайдыр бир үндөр угулуп жатканын айтып даттанышкан эле. Мамлекеттик департамент окумуштууларга иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. Америка бийлиги дипломаттарга "микротолкундуу" же "үн куралы" менен чабуул жасалганын божомолдогон болчу.

Акыл-эстүү кишиге микротолкундуу курал кандай болорун элестетүү кыйын. Идеянын авторлоруна америкалык дипломаттардын жашаган жерине дат баскан унаа менен келген Петров менен Боширов микротолкундуу мештерди алып чыгып, мээлеп жаткандай көрүнсө керек.

"Үн куралы" тууралуу кеп деле кызык. Аскер адамдары чындап эле акустикалык каражат пайдаланат. Катуу добуш чыгарган курал жоон топ элди таратууда колдонулат. Арам ойлуу орустар үн толкундары менен америкалык дипломаттардын мээсине таасир этүүгө аракет жасаса, аны гаваналыктардын баары укмак да. Жок, бул америкалыктар эле уга ала турган үнсүз курал экен. Логика кайда?

Нефть качалкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт?
Ал кезде мамдепартаменттин сөзүнө америкалык ЖМКлар да күлгөн. Vanity Fair журналы YouTube каналына чыккан "үн чабуулу" тууралуу роликтерин эксперттер кантип иликтеп чыкканын жазган. Көпкө чейин ойлонуп, ал үндөр "чымчыктардын чырылдагы" экенин айтышкан. Зоолог, орнитолог, биолог, невролог жана психиатрлар менен сүйлөшүп, илимий жактан негизделген корутунду чыккан: кызыктай добуштар кубалык чегирткелерден экен.

"Кадимки эле чегиртке..., — деп мыскылдап жазган автор. — Айрым окумуштуулар цикада деп да чыгышты... Бирок биолог, профессор Аллен Санборн цикада адамдын кулагындагы каналга кирип кеткенде гана угууну начарлата турганын эринбей түшүндүрүп берди".

Күлкү күлкү менен деңизчи, бирок медиачабуул максатына жетип АКШнын Кубадагы элчилиги кыскарып, кызматкерлердин макамы төмөндөгөн. Өлкө кайрадан санкция кучагында калып, кубалыктар америкалыктарга чабуул жасады деп айыпталган. Анан кайра-кайра убара болбойлу деп орус изин да таап чыгышты. The New York гезити орустар көптөн бери эле "микротолкундуу технологиялар" жаатында иштеп жатканын жазды.

Кээде мындай сценарийдин авторлору жашы бир топко барып калгандар болсо керек деген ойго кетесиң. Микротолкундуу мештерден кооптонгон мезгил да болгон, бирок ал учур унутулуп деле калды. Же булар 80-жылдарда жазылган бестселлерлерди окуп алышабы, белгисиз.

"Гавана синдрому" боюнча Кубанын да, Американын да окумуштуулары бир пикирге келишти — америкалык дипломаттар жапырт жиниккен абалга туш болушкан. Орто кылымдарда монастырларда жашаган кечилдер бир маалда ак уруп, шайтан-шабыр көрө баштаганы эсиңиздеби?

Эми минтип беш жыл өтүп-өтпөй "ден соолукка билинбей жасалган чабуул" тууралуу кайрадан айтыла баштады. Америкалык басма сөздүн жазганына караганда, Венада бүгүнкү күндө жашоо коркунучтуу. "Байдендин администрациясы россиялык ГРУчулар өзүнүн микротолкундуу девайстарын америкалык кызматкерлерди карай буруп, ноутбук менен смартфондорунан маалымат алып жатат деген пикирде. Ушундай ыкма менен орустар америкалык дипломаттардын саламаттыгына залака келтирип жатат" деп жазды New Yorker журналы.

Ооба десеңиз. Чаламандын чак түшүндө эле Риннгштрассада бараткан америкалык дипломаттын алдынан ГРУчу чыга калып "микротолкундуу девайсын" мээлеп жатканын элестетсеңиз.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Лавров: АКШ Россия менен сүйлөшүүдө үстөмдүккө аракет кылса жаңылышат
Америкалыктар россиялык атайын кызматты күнөөлөп чыгары турулуу болчу. The New York Times гезити бул жөнүндө тээ жарым жыл мурда эле жазган, Венадагы дипломаттар ал кезде ден соолугу начарлап жатканын айтууга жетишкен да эмес.

Гавана сценарийинен америкалык маалымат чабуулунун максаты Россия эмес Австрия экени көрүнүп турат. Орустар го көнүп калган, ал эми Вена үчүн бул Вашингтондун нааразычылыгын туюндурган кооптуу белги.

Австрия өкмөтү өзүнүн көз карандысыздыгы жана Россия менен мамиле түзө билгени менен АКШ бийлигинин кыжырын кайнатып келет. Өлкөнүн OMV Group башкы нефтегаз компаниясы Россия менен советтик мезгилден бери иш жүргүзүп, "Түндүк агым — 2нин" курулушуна катышкан. Австрия канцлери Себастьян Курц маал-маалы менен курч сүйлөп коет. Вашингтон болсо аны нарциссизмге, оппортунизмге жана Москва менен өтө эле жакындашып кетти деген айыптагандан чарчабайт.

Вашинтондун максаты деле айкын — Венаны коркутуп, "шпиондордун уюгу" деп атап, Москва менен байланышын токтотуу. Бирок жасалган чагымчылык ушунчалык одоно болгондуктан анын ишке ашарынан авторлор деле күмөн санап турат.

Кээде америкалык стратегдер өз кадырына канчалык зыян келтирип жатканын аңдабайт окшойт деген ой кетет. Тээ илгери Вашингтонго болгон суктануу күч эле, өзгөчө интеллектуалдык жактан алдыда жүрчү. Бүгүнкү күндө андан эч нерсе калган жок. Жаңыларды кой, эски өнөктөштөрдү да кармап калуу татаал болуп бара жатат. Деменциядагы өлкө кимге керек?

Жаңылыктар түрмөгү
0