Катылгандын катыгын берүүгө даяр. Күчтөнгөн Кара деңиз флоту

© Photo / страница Canadian Armed Forces Operations в TwitterУчения кораблей НАТО в Черном море
Учения кораблей НАТО в Черном море - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Деңиз чек араларын бузуу, антироссиялык багыттагы окуулар жана союздаштарды курал менен колдоо... Британиялык "Дефендер" эсминеци менен Фиолент тумшугундагы окуядан кийин кечирим суроонун ордуна жаңы опузалар жаңырууда.
НАТОдогулар Кара деңизден альянс алыс кетпестигин ушундай кадамдар менен так билдиришти. Ал түгүл деңиздеги ордун бекемдеп, Россиянын территориялык сууларынын жанында чагымчылыктарын уланта бермекчи. Ушул жагдайдан кеп салган макала РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Трибунадан берилген убада

НАТОнун башкы катчысынын Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай Түндүк атлантикалык альянс союздаштарын жана өнөктөштөрүн колдоо үчүн Кара деңизде каларын кабарлады.
"Кемелердин сүзүү эркиндиги жана Крым – Россия эмес, Украина экени маселесине келгенде НАТОнун позициясы так. Окуя болгон маалда ("Дефендер" эсминеци катышкан инцидент — ред. тактоосу) НАТОнун союздаштары бул принциптерди коргоодо бекемдикти көрсөтүшкөн", — деди Аппатурай. Өз кезегинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб да англиялык аскерди кемелер "Украинанын территориялык сууларына кирүүнү улантарын билдирген. Эсминец бараткан багыт Одессадан Грузиядагы Батумиге чейинки эң кыска эл аралык жол деп атады.
"Украиналык территориялык суулар аркылуу эл аралык жоболорго ылайык тоскоолсуз өтүүгө толук укугубуз бар. Биз муну улантабыз", — деп баса белгиледи британиялык аткаминер.
Россиялык Альтиус жаңы учкучсуз аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Мыкты үлгүлөр. Россия учкучсуз аппараттарды экспорттоого киришет
Россияга НАТО өлкөлөрүнүн Аскердик-деңиз күчтөрү тараптан мындан ары да чагымчылдыктар болору айкын. Раабдын сөздөрүнө жооп көп күттүрбөдү. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков деңиздеги мамлекеттик чек аралардан макулдашпастан өтүүгө аракет жасалган учурда Москва бардык тийиштүү чараларды көрөрүн белгиледи. Мындай окуяларга жол бербөөнүн эң майнаптуу ыкмасы тек гана эрежелерди бузбоо экенин кошумчалады. Айтмакчы, "Дефендер" өткөн күндүн эртеси анын "эрдигин" голландиялыктар кайталоого тырышкан.
Россиянын Коргоо министрлиги Нидерланды Аскердик-деңиз күчтөрүнүн нейтралдуу сууларда сүзүп жүргөн Evertsen фрегаты багытын өзгөртүп, Керчен кысыгын көздөй бет алган. Чек ара эрежелерин бузууга жол бербеш үчүн РФ Аба-космостук күчтөрүнүн учактары эскертүү иретинде кемеге жакын учушкан. Ал эми голландиялыктар истребителдер бир нече саат "чабуул жасагандай" болуп, "абдан жапыз жана жакын" учушту деп даттанышкан. Алар учактардан "аба – жер бети" тибиндеги бомба жана ракеталарды көргөнүн да айтышкан.
РФ Аскердик илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Судаков Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрү үчүн азыр Россия менен жаңжалды улам козгоп туруу маанилүү. Ошондуктан алар Кара деңизде чагымчылдыктарды уланта берет, россиялык территориялык суулар аркылуу мыйзамсыз сүзүп өтүүлөр байма-бай болот. Анан калса чек ара эрежелерин эми бир-бирден кемелер эмес, бир нече вымпелден турган кербендер бузушу мүмкүн.
"Айрыкча алар мамлекеттин аялуу маалында – адатта өлкөдө маанилүү бир окуяга болжол менен 90 күн калган убакта активдешет. РФте – бул сентябрга белгиленген Мамлекеттик Думага шайлоо. Ушул тапта кеңири масштабдуу менталдык жана маалыматтык гибриддик согуш жүрүүдө", — деп түшүндүрөт Судаков.

Кыйышпас достор

Акыркы жылдары НАТО Кара деңизге көп каттай баштады. Альянстын кемелери мында ар кыл форматтагы машыгууларды өткөрүп, шарттуу душман – окуунун уламышы боюнча адатта Россия белгиленет. НАТОнун жакын союздаштары – иш жүзүндө толук кандуу аскердик флотко ээ болбогон Грузия жана Украина. Грузиялык Аскердик-деңиз күчтөрү 2008-жылдагы жаңжалдан кийин жок экени белгилүү. Шарттуу түрдө Жээктеги күзөт гана ишке жөндөмдүү, ага флоттун ички курамын жана бир нече катерди кошушкан. Күбөлөрдүн айтымында, Грузияны тынчтыкты мажбурлоо операциясынын жүрүшүндө Россиянын Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрү Поти портундагы аскердик белгиси бар бардык катер жана кемелерди жардырышкан. Дагы бир нече вымпелди россиялык моряктар коопсуздук аймагы деп жарыяланган Абхазия жээктериндеги салгылашта жок кылышкан.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Лавров АКШ, Европа, тышкы саясат жана өзгөрүлмөлүү позициялар туурасында
Акваторияны Кара деңиз флотунун эки чоң десанттык жана бир-эки чакан ракеталык кеме күзөтүп турган. Алар чек араны бузуп, жакындап келе жаткан грузиялык аскердик катерлердин тобун көрүшөт. Грузиялык эки чакан ракеталык катер кемеге каршы ракеталар менен чөктүрүлүп, калгандары чегинген. Бүгүнкү күндө НАТО, атап айтканда, АКШ грузиялык флотту кайра жандандыруу далалатында. Түркия да Тбилисиге ыкчам күзөт катерин берди, америкалыктар дагы экөөнү калыбына келтирип, жаңылоого көмөктөштү. Ошондой эле Грузияга Жээктеги күзөттөн алынган эки кемени тартуу кылышты. Булардан тышкары Вашингтон грузиялык сүзүүчү каражаттарды оңдоого бир нече миллион доллар бөлдү.
НАТО моряктары коопсуздукту колдоо жана өнөктөштүктү чыңдоо акцияларынын алкагында Грузия портторуна көп катташат. Биргелешкен окууларды улам өткөрүп турушат. Май айында эле күзөтүүчү "Гамильтон" кемеси жана Грузиянын Жээк күзөтүнүн катерлери деңизде бир нече машыгуу өткөрүштү.
Украина флоту да кейиштүү абалда. 2014-жылы ансыз да аз сандагы Аскердик-деңиз күчөрүндө жарактуу кемелер дээрлик калган эмес. Берилген баалар менен потенциалынын 80 пайызга жакынын жоготушкан.
Бүгүнкү күндө Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүндө 30 чакты кеме бар, бирок жарактуусу сейрек. Вымпелдердин көпчүлүгүнүн кыймылдаткычтары, радиолокациялык станциялары жана курал тутумдары иштебей калган. Бирок НАТО грузиялык флотко караганда украиналык Аскердик-деңиз күчтөрүнө көбүрөөк көмөктөшөт. Америкалыктар союздаштарынын флотторун Mark VI күзөт катеринен 16 бирдик жана Island классындагы мурда пайдаланылган эки катер менен бекемдөөгө убада беришкен.
Англиялыктар Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жоокерлерин окутуу үчүн бүтүндөй программа иштеп чыккан. Аларга навигация, ыкчам пландоо, деңиз чалгындоосу, ок атуу даярдыгы жана кемелерди сактап калууга күрөшкө машыктырышат. Жакында Киев менен Лондон аскердик чөйрөдө кызматташууну чыңдоо жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Анын алкагында британиялыктар Кара деңизде жана Азов жээктеринде эки база курууну пландоодо. Наточулар Монтре конвенциясынан буйтап мында согуштук кемелерди жайгаштыра алары айтылат. Анан да украиналыктарга жаңы вымпелдерди куруу жана эскилерин жаңыртууга кол кабыш кылышат.

Шайкеш жооп

Кандай болгон күндө да Россиянын Кара деңиз флоту – азыр аймактагы негизги күч. Соңку жылдары бирикме түп-тамырынан бери жаңырып, эми ал – РФ Аскердик-деңиз флотундагы эң заманбап жана күрөшкө жөндөмдүүлөрдүн бири. 260 чакты кеме, катер, суу түбүндөгү кайык жана камсыздоочу кемелер менен жабдылган. Суу бетиндеги аскердик вымпелдер 70тин тегерегинде, анын ичинде авиаташуучу топторду жок кылууга багытталган флагмандык "Москва" ракеталык крейсери бар. Ал деңиздеги дээрлик бардык буталарын кыйрата алат. Кеме 1980-жылдардан бери пайдаланылат, бирок жакында эле толук заманбапташтырылды. Бул ага дагы ондогон жылдар бою майнаптуу кызмат өтөөгө мүмкүндүк берет.
Россиялык Крымдын жээгине жакын британиялык Defender эсминеци - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Россия британиялык эсминецтин чагымчыл аракетине кескин жооп кайтарды. Себеби
РФтин Аскердик-деңиз флотунда Кара деңиз флоту алгачкылардан болуп дүйнөдөгү жапжаңы жана дабышсыз – 636.3 долбоорундагы суу түбүндө жүрүүчү "Варшавянка" дизелдик кайыктарын өздөштүрдү. Кара деңизде бирикменин алты субмаринасы НАТОнун Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кадамдарына көз салып, Жер ортолук деңизге күзөтүүгө чыгып турушат. Флоттун мурдагы командачысы адмирал Владимир Комоедов жыйырма жыл мурун эле баары башкача болгонун айтат. Аскердик күчү боюнча бирикме, маселен, түркиялык флоттон беш эсе артта эле. Ал эми аймакка Жер ортолук деңизден НАТОнун тобу сүзүп кирсе, алардын артыкчылыгы он же ал түгүл жыйырма эсе экени байкалчу.
"Мени дайындаган убакта флотто суу түбүндөгү бир жарым кайык — бир "Варшавянка" жана 641 долбоорундагы дагы бир кеме ремонтто болчу. Азыр кайыктар жетиштүү, таптакыр башкача куралданган, тактикалык гана тургай ыкчам-стратегиялык милдеттерди аткара алат", — деп белгилейт адмирал.
2016-жылы кара деңизчилер 11356 долбоорунун "Калибр" канаттуу ракеталары менен куралданган ыраак аралыкка багытталган көп буталуу заманбап фрегаттарды алышкан. Ошондой эле күзөтүүчү жана чакан ракеталык кемелер менен жабдылган. Айтор, Кара деңиз флотунда ушул тапта түндүк атлантикалык альянстын бардык чагымчылдыктарына "жооп" табылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0