11:58 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (221)
393 0 0

Талибдер расмий Кабул ушу тапта административдик борборлорду эле көзөмөлдөп калганын, ал эми айылдарда эмирликтин бийлиги жүрүп жатканын айтты.

Америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өкмөт жакшы куралданган душман менен бетме-бет жалгыз калды. Бул кудум туура 32 жыл мурун Афганистандан советтик армия чыгып кеткенденден кийинки көрүнүштү эске салат. Тарыхтын кайталанып-кайталанбаганы жана согуш кандай кесепеттерге алып келгени туурасында РИА Новости агенттиги репортаж даярдады. 

90-жылдардагы балалык жана жаштык

Кабулдуктар бири-бирине Жо Байдендин "Талибандын" талаа командири Абдулла Гани Барадар менен өбүшүп жаткан сүрөтүн салууда. Кадимки Леонид Брежнев менен Эрик Хоннекердин түспөлү. Калаа тургундары арасында америкалык лидер курал-жарагы менен техникасын моджахеддерге атайылап таштап кеткен деген тамаша күчөп жатат.

Талибдердин согуш талаасындагы ийгилиги эки ача пикирди жаратууда: АКШ менен НАТОну жеңип, өлкө аймагынан баскынчылардын куулушу бир жагынан сыймыкка бөлөп жатса, "Талибандын" өз эмирлигинде орноткон тартиби көптөрдүн эсинен кете элек.

"Алар "Байден, курал үчүн рахмат!" деп жатышса керек", — дешет кабулдуктар.

Америкалыктар талибдер менен 20 жыл согушту, албетте, аларга жардам берүүнү деле ойлобосо керек. Афганистандын Вашингтонго ыктаган азыркы өкмөтү бийлик деп өз элин эмес АКШны эсептеп, бир жаңылды. Эми союздаштары кеткенден кийин режим абада калкып, кырдаал бийликтин тарапташтары аз экенин көрсөтүп койду. Бул тууралуу жергиликтүү саясатчылар ачык да, жашырынып да айтып жүрүшөт.

Самандар телефонунан өбүшүп жаткан саясатчылардын мемин көрсөтүп, андан соң кайра олуттуу боло түштү. 1996-жылы, талибдер Кабулга эч каршылык көрбөй кирип келгенде, ал болгону 10 жашта эле. Афганистан Ислам Эмирлигинин борборунда өткөн бала чагын, жаштыгын эстеп кетти. "Тартип бекем болчу, уурулукка жол берилчү эмес. Колуңду чаап салышчу. Бүттү, ошентип колу жок калчусуң, ай-буйга келишчү эмес" деп эскерет Самандар.

"Чынын айтсам, туура эмес эле болчу. Кимди көрсөтсө ошол ууру болуп калар эле, балким анын таптакыр күнөөсү жоктур. Ошентсе да уурулук кылганы үчүн колдон ажыратуу — жакшы иш эмес". Самандар этият сүйлөйт, согуш жүргөн Афганистанда тилиң тишиңе күбө. Дароо жеткиришет.

Ошентсе да көңүлүнө көк таштай тийген учурду айтып алды: "Болгон нерсенин баарына кийлигишишчү. Жинсыга да тыюу салышкан, улуттук кийим кий деп кыйнашар эле, же анысы улуттук болсочу, Пакистандан алып келинген кийим. Жинсы кийген боз бала элем, жеткиришиптир. Камчы менен сабашкан. Ооруганын сурабаңыз. Анан да элдин көзүнчө сабалганым аябай катуу тийген".

Шишкебекчи Халик да 1996-жылы кичинекей бала эле. Атасын өлтүрүп кеткенден кийин жети жаштагы бала бүлөгө баш болот.

"Ошондон бери баарынын милдети менин мойнумда. Эми "Талибан" келет. Жашаш керек", — дейт ал. Халик эртеңки күнгө баш ооруткусу келбейт, келечек алдап коерун жакшы түшүнүп калган. 20 жыл мурун америкалыктардын келгенине абдан кубанган эле, эми алар жок. "Мындан көрө таптакыр эле келбей коюшса болмок экен, эптеп баары ордуна келмек да". Советтер Союзу тууралуу да айтып, СССР Афганистанга көп нерсе куруп кеткенин белгиледи.

Туткундан качуу

Изатулло айрым шарт менен сүйлөшүүгө макул болду. Жолдон айдоочуну коопсуз жердеги дүкөнгө токтотуп, тамеки — мыйзамдуу баңгизат сатып алды. Эч ким ага кой-ай дебейт, камуфляж кийген Изатуллодон баарын күтүүгө болот.

Таксист кайтарым акчаны көпкө чейин санады окшойт, жини келген Изатулло рулдун жанында турган акчанын баарын алып кетти. Жанынан түңүлгөн айдоочу унчуккан да жок.

Кафеде Изатулло офицердик погондорун жашырып келген жоолугунун учун эки жакка жыйнап койду. Спецназдын да белгилерин алып салган. Туткундалышы да кадимкидей эле болгон.

"Курчап алышты, ок түгөнгөн. Туткунга түшкөндөрдү бөлүштү. Адатта дайым ушундай кылышат, мындан улам башкалардын эмне болгону боюнча кабарым жок. Анан колумду байлап, оттон алып чыккан бычак менен кескилей башташты. Эмнеге дейсизби? Жок, сырымды билели деле дешкен жок, жөн гана өч алышты. Биз көбүн жок кылганбыз да", — деди ал.

Изатулло эсин жоготкон кишидей болуп жатып калган. Ошондой эле болуптур, баңгизат колдонгон согушкер көпкө чейин кыйнаган экен. Ошентип аны жерде жаткан боюнча таштап кетишет. Изатулло бычак таап, жиптерди кесип, качып чыккан. Жеңин түрсө колунун баары кесик. Курткасын да өйдө кылды эле, денесинин баарында бычактын изи.

"Талибдер жолуман чыксабы?.. Кандай эмне кыласың, буга чейин деле өлтүрүп келгем, эми деле ошентем. Алар эч кимди аябайт. Согушка бир нерсе сайгандан кийин чыгышат, эмне сайып жатышканын бир кудай билет", — дейт жоокер. Туткундан качып чыккан спецназдын эч ким менен элдешкиси жок.

Сүйлөшүүгө кызыгы тарап кеткендей. Бир маалда аябай каржалып турганын айтты: жаракат алгандан кийин көпкө чейин өзүнө келе албай жүргөн, пенсиясы жарытпайт. Акча алгандан кийин автоунааларды аралап, жолду кесип эле өтүп кетти. Афганистандыктардын баары эле ушинтип жүрөт деңизчи, бирок Изатулло эки жакты да караган жок. Айдоочулар андан өздөрү кыйгап өтүүгө аракет кылып жатышты.

Узак согуштун баатырлары

Кабул — дарбазалар шаары, расмий имараттар дарбаза менен курчалган. Бардык жерде баатырлардын сүрөтү илинген, Ахмад Шах Масуддун сүрөтү көбүрөөк. "Панжшер арстаны" мультфильм каармандары менен биргеликте кондитердик дүкөндө да илинип турат. "Афган балдары үчүн кимиси кыйын: Масудбу же Спайдерменби?" деген тамашалуу суроого дүкөнчү: "Алар мультик көрөт да, ошентсе да Масуд го. Анткени өлкөдө согуш жүрүп жатат. Балдарга ата-энелери айтып берет", — деп жооп берди.

Масуд легендарлуу саясатчы Бурхануддин Раббани тарабынан негизделген "Афганистандын ислам коому" саясий партиясынын командири эле. Раббани Афганистандын президенти болуп, кийинчерээк, Каршылык маалында (1996-2001-жылдар) "Талибан" менен күрөшкөн Түндүк Альянсты жетектеп келген. 2011-жылы жан кечтинин колунан каза тапкан. Бурхануддиндин баласы Салахуддин Раббани ички иштер министри болуп, ушу тапта атасы түптөп кеткен партияны жетектейт.

Салахуддин Раббани өлкө 1990-жылдарга кайтты дегенге кошулбайт. "Эл аралык коомчулук афган эли тарапта. Ал эми талибдер көп эле нерсенин башын айтып жатышат, бирок эл алардын системасын, динди интерпретациялашын кабыл албайт, маселе ушунда. Экинчи жагынан коомчулуктун түркүн катмарынан турган инклюзивдүү өкмөт зарыл. Афганистан — мультиэтникалык өлкө, биздин күчүбүз да ушул ар түрдүүлүктө", — дейт маектеш.

"Афган эли чет өлкөлүктөр качандыр бир кезде кетерин жакшы билчү. Бирок аскерлерди чыгарып кеткен ыкма биз күткөндөй болгон жок, жоопкерчиликсиз кадам жасашты. Дохада келишимге кол коюлгандан кийин эле аскерлер чыгарыла баштады, өлкөдө күчүнө ишене түшкөн талибдер менен макулдашуу процессине катышпаган өкмөт калды. Тынчтык сүйлөшүүлөрдө эч кандай прогресс болгон жок. Бирок талибдердин азыркы ийгилигине карабастан алар артка чегинет. Жеңилүү аларды сүйлөшүүгө барууга аргасыз кылат".

Афган маселесин күч менен чечүү мүмкүн эмес, бир пикирге келүү абзел. Муну "Талибан" да жакшы түшүнүп турат.

Коштошуп жаткан маалда Раббани: "Баграмда болдуңузбу? Чындап эле качып кетишиптирби?" деп сурады. Жооп уккан соң колун сунуп: "Жеңилсе да советтик жоокерлер күндүз кадыр-баркы менен чыгып кетти эле", — деди. Сыягы, бул тарых кайталанат деген учур эмес окшойт.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (221)

Тема боюнча

Максатыбыз бийлик эмес. Талибдер Афганистанда эмнени көздөп жатканын айтышты
Белгилер:
Афганистан, "Талибан" кыймылы, согушкер, өкмөт, бийлик, АКШ, НАТО, Аскер, келишим, сүйлөшүүлөр, тынчтык, согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ