Вакциналар согушу: Европа "Спутник V" менен күрөшүүдө

© Sputnik / Медиабанкка өтүүВ Казахстане началось производство вакцины Sputnik V
В Казахстане началось производство вакцины Sputnik V - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Франция бийлиги бир катар кесип ээлерине COVID-19га каршы милдеттүү эмделүүнү киргизүүгө ниеттенүүдө. Алардын катарында бардык деңгээлдеги медиктер, карылар үйлөрү жана башка социалдык мекемелердин кызматкерлери да бар.
Милдеттүүлүгү тийиштүү мыйзам актысын кабыл алууну туюндурат, эмдөөдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн да жөнгө салат. Эгер ынандырарлык жүйөсү болбосо, вакцина албай турган адамга эл менен түз байланышпаган башка жумушка которулуу же акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгуу сунушталат. Вакцинацияга РИА Новости баам салган.
Эгер маянанын өлчөмү кичирейсе, аны эч ким компенсациялап бербейт. Ушул сыяктуу эле эрежелер Италияда да бар. Демократиянын нормаларына так шайкеш келтирүүгө аракет кылышканы менен өзгөчө деле майнап жок. Соттор буга окшогон арыздарды анчалык ынтызарлык менен деле карашпайт, ал эми юстиция чечимдерин иштин материалдарын карабастан эле болжоого болот.
Ковивак COVID-19 каршы вакцинасын өндүрүү учурунда лабораториянын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
"КовиВак": коронавируска каршы вакцинанын өзгөчөлүктөрү
"Эгер социум жана коомдун жыргалчылыгы коркунучка тушукса, анда жеке жагдай жана каалоо экинчи орунга жылат". Европа биримдиги ондогон жылдар аралыгында жеке укук жана эркиндиктин маанилүүлүгүнөн шек саналган эмес, бирок пандемия баарын өзгөртүп, коронавирус баарын өз-өз ордуна койгондой. Ким эмне деген күндө да жамааттык абал жеке кызыкчылыктан өйдө турары айкындалды. Пандемияга бет келишкенде бардык деңгээлдеги менеджмент бузулду. Брюсселдик ареопаг жана биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бийлиги илдеттин таралышын жапырт эмдөө менен бөгөт коюуну чечишти.
Анткен менен инфекциянын жайылуу ыргагы ушунчалык тез болгонуна, толкун бир жарым жылдан бери каптап турса да жалпы европалык күрөштүн негизги бутасын кымындай да өзгөртө албаптыр.
Вируска каршы күрөш Россия менен тирештин бир эпизодуна, россиялык вакцинанын жасалышы жана сыналышы, анын өндүрүшкө чыгарылышы жана эмдөө кампаниясынын башталышы бул мелдештин баскычтарына айланды. Көздөгөндөрү – коронавируска каршы эң таасирдүү "Спутник V" препаратын начар көрсөтүү жана РФтеги жапырт эмдөөгө жолтоо болуу.
Россияда эмдөө кампаниясы ушунчалык так уюштурулганын мындан билиңиз, Европада жашаган жарандар Sputnik V вакцинасынын эки ченемин алуу үчүн атайын РФке келип кетишти. Эгер Брюсселдин кыртышы сүйбөй турса да Венгрияга "Спутник V" сатып алууга уруксат эткени менен Словакияга макулдук беришпеди.
Старт вакцинации от коронавируса в Казахстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Коронавируска каршы вакцина алчулар үчүн маанилүү 8 суроого жооп
Ошол эле маалда Россия тарабынан берилген препараттардын документтеринин Дары каражаттар боюнча Европа агенттиги тарабынан жайбаракат каралышынын себептери белгилүү болду. Брюссель өзүнүн бюрократиялык тарабын жана кош стандарттуулукту көрсөттү.
Pfizer/BioNTech жана AstraZeneca вакциналары боюнча тапшырыктар бардык нормаларды бузуу менен тездетилген режимде каралып, "Спутник V" жагдайы бир топ аптага созулду.
Россия өз жарандарынан эмделүүнү өтүнсө, Европа муну "Кремлдин диктатордук адаты" катары сыпаттайт, ал эми Европа биримдигинин өлкөлөрүндө COVID-19га каршы милдеттүү эмдөөнүн киргизилиши жактырылып, кубатталат. Ошентсе да Россия эч нерсеге карабастан, ар бир адамдын өмүрү баа жеткис экенин күн сайын белгилеп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0