22:13 18 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (258)
26310

"Талибан"* согуштук аракеттерди күчөтүп, Афганистандан чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышынан улам курал-жарагын да белендеп алууда.

Соңку күндөрү согушкерлер Афган ислам республикасынын өкмөттүк армиясынын базаларындагы, арсенал жана бөлүктөрүндөгү жүздөгөн аскердик техника бирдигин, тонналаган ок-дарыны басып алышты. Өздөрү баштаган аскердик-саясий түзөтүүлөрүнүн жыйынтыгын көзөмөлдөбөстөн, иш жүзүндө талибдерге багынып берүү менен Кошмо Штаттар террордук топторду ушинтип кайра куралдандырууда.

АКШ менен НАТОнун күчтөрү Афганистандан кетүүдө, ал эми "Талибан"* расмий өкмөттүк күч структураларына калтырылган америкалык өндүрүштөгү заманбап, жогорку технологиялык куралдардын эсебинен өзүнүн аскердик потенциалын өстүрүп жатат. Ушундай кейиштүү жагдайдан жана анын болжолдуу кесепеттеринен аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой учугун чубаган.

Учурда дүйнөнүн көңүл чордонундагы бул мамлекеттен чет өлкөлүк күчтөр толугу менен келерки айда чыгып кетиши керек эле. Бирок бул ушул айда эле аяктачудай болуп турат.

Өлкөдө батыш күчтөрүнүн саны азайган сайын талибдердин активдүүлүгү күчөп, өкмөттүк армиянын аскердик жөндөмү төмөндөөдө. НАТО стандарттарына ылайык түптөлүп жана жабдылган Афган ислам республикасынын улуттук куралдуу күчтөрү алдан кетип жана тарачудай абалда.

Талибдердин ийгилиги артып, бир нече жуманын ичинде эле америкалык өндүрүштөгү зооттолгон техниканын ондогон бирдигин, оор артиллерия тутумдарын, 715 "Хаммер" жана башка армиялык автомобилдерди басып алды. Мындай маалымат талибдерге чоң көлөмдө курал жана техникасын өткөрүп берип жаткан афган коопсуздук күчтөрү тартылган сүрөттөр менен тастыкталат. Ушундай эле көрүнүштөр ИМдин* катышуусунда Иракта да болгон.

Афган ислам республикасындагы мындай терс жагдай Борбор Азия өлкөлөрү менен Россия Федерациясынын ортосунда эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү активдештирет. Апта башында Россия менен Өзбекстандын президенттери Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу Афганистандагы, айрыкча түндүктө чектешкен провинциялардагы абалдын курчушун талкуулашты.

Ага дейре россиялык лидер ушундай эле маселени Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да сүйлөшүп, Тажик Республикасына ЖККУ алкагында жана эки тараптуу форматта колдоого даяр экенин билдирген.

Тажикстан 5-июлда түштүк чек арасын 20 миң аскер менен бекемдеди. Афганистанда жаңжалдын күчөшүнө Иран менен Пакистан да тынчсыздануусун билдирди.

"Баграм" жашыруун операциясы

"Америкадан кийинки" Афганистандын тагдыры арсар. Ислам республикасындагы америкалык куралдын арсеналы башка колго өтүшү согуштук аракеттердин күч алышын, туруксуз кырдаалдын Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө чагылышынан коңгуроо кагууга аргасыз кылат. Америкага ыктаган Кабулдагы өкмөт кулаган күндө да талибдер тынчтыкка жакындабай турганы айкын. Айрым провинцияларда каршылык көрсөтүү (элдик кошуундар) очогу дале уланат. Булардан тышкары, талибдер менен куралдуу күрөшкө ага атаандаш "Ислам мамлекети"* террордук уюму да кошула алат. Ал да бир топ мезгилден бери Афганистандын түндүк провинцияларына жайгашып, таасирин күчөтүп келет.

Өткөн айдын аягында Вашингтонго болгон сапарында афган президенти Ашраф Гани америкалык союздаштарын жок дегенде сентябрга дейре Баграмдан авиациялык колдоо көрсөтүүнү суранып жалбаргандай эле болгон.

Бул афган коопсуздук күчтөрү үчүн өтө маанилүү. АКШ жана НАТОнун авиациясы тийиштүү даражада "Талибандын"* чабуулун ооздуктап турган. Бирок АКШнын акыркы күчтөрү Баграмдан күтүүсүздөн, жергиликтүү бийлик менен макулдашпастан 2-июлда учуп кетишти.

Көп өтпөй ондогон жергиликтүү мародерлор кайтаруусуз калган дарбазалардан кирип келип, афган коопсуздук күчтөрү базаны колго алганча эле болушунча талкалап салышкан. Андай "майда-барат" көрүнүштөр америкалыктардын кылын кыйшайткан жок. Болбосо дал ушул авиабаза 20 жыл бою АКШнын Афганистандагы Аскердик-аба күчтөрүнүн операциялык активдүүлүк борбору катары кызмат өтөгөн. 77 чарчы чакырымдык аянтта мурунку жылдары 100 миңге чейинки америкалык жоокер, ондогон авиациялык бөлүктөр жайгашкан.

Баграмдын 4 чакырым узундуктагы учуш-конуш тилкеси каалаган типтеги учактарды кабыл алууга шарт түзгөн. Базанын аймагында 110дон ашуун имарат жана коргондор курулуп, аскерлердин ыңгайлуу тиричилиги үчүн инфраструктура түзүлгөн.

Ушул тапта Баграм авиабазасына командачылык кылган афган офицери Мир-Ассадула Кохистанинин айтымында, америкалык тарап толук кетерин кабарлаган эмес, эч кандай коштошуу иш-чарасын да өткөрбөй учуп кеткен. Жөн гана түндө базада капыстан жарык өчүп, катуу добуш чыккан. АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн өлкөдөгү соңку C-17A Globemaster аскердик-транспорттук учагы абага көтөрүлгөн.

Америкалык учкучсуздар согушкерлерге акыркы ирет 25-июнда түндүктөгү Кундуз провинциясында сокку уруп, 35 талиб жок кылынган. Эми "Талибан"* Кошмо штаттардын жана НАТОнун Аскердик-аба күчтөрүнө кылчактабастан Афганистандын 34 провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө чабуул коюп, чечкиндүү түрдө Кабулду курчай кысымга алышы ыктымал.

Бир эле күн ичинде (1-июлда) Бадахшан жана Багландагы согушта 23 аскер кызматкери жана элдик кошуундун ыктыярчысы набыт болду. Талибдер Афганистанда алардын көзөмөлүндөгү аймактын кеңейиши тууралуу ачык эле жар салып, маалымат каражаттарына чыккан "радикалдуу кыймылдын афган өкмөтүнө тынчтык жөнүндөгү кандайдыр сунуш берүү пландарын" төгүндөөдө. Афган террорчуларына Катар жана Кипр аба майдандарынан сокку уруу божомолу тууралуу америкалык жана британиялык декларациялар ынандырарлык эмес, анткени мейкиндик чегиндеги күрөштө аралык жана убакыт дайым талибдердин пайдасына иштейт.

Афган ислам республикасынан күчтөрдү чыгарардан мурун Пентагон Катардагы Аль-Удейд авиабазасына B-52 бомбалоочуларын жана Перси кысыгына "Эйзенхауэр" авиа ташуучусун жайгаштырган. Бирок ал жактан Афганистанга дейре төрт саат учуу абзел.

Пентагондун "горизонт чегинен тыш" пландары

Кошмо штаттагылар "Талибандын"* Афганистанды кыйратуучу стратегиясын жана ИМдин* "хорасандык бөлүмү" тараптан олуттуу коркунуч болорун жакшы билишет. Бирок америкалык аскердик командачылык Афган ислам республикасын "горизонттон" колдой турганын билдирүүдө. Пентагондун планы боюнча Перси булуңунан учуп чыккан MQ-9 Reaper сокку уруучу дрондорунун миссиясы АКШ өкмөтү "эң жакын жайгашуу вариантын аныктаганча" абада кармалат.

Америка коргоо министри Ллойд Жеймс Остиндин Өзбекстан жана Тажикстандагы кесиптештери Абдусалом Азизов жана Шерали Мирзо менен активдүү сүйлөшүүлөрүнө караганда "жакынкы вариант" катары дал ушул эки мамлекет караларын жоромолдоого болот. Экөө болбосо, АКШнын расмий өкүлдөрү тез-тез каттап жаткан Казакстан каралган чыгар.

Эгер болжолдуу түрдө АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн америкалык аскердик базалары өзбек жана тажик аймактарында пайда болсо (ЖККУ жана Россиянын реакциясын айтпаганда эле), бул эки объекти тең дароо "Талибандын"* чабуулунун буталарына айланат. Борбор Азия өлкөлөрүнө террорчулардын согуштук "рейддерине" шылтоо да болот. Ошентип, Пентагондун пландарын ишке ашыруу афган согушун Борбор Азияга түз чагылтуу болуп саналат. Тынч жашап жаткан калкка болжоп болгус бүлүк салып, талибдер (ИМ* жана "Аль-Каида"*) менен согушууга Россия жана ЖККУ күчтөрүнүн тартылышына мажбур кылат. Канткен күндө да АКШнын ийгиликсиз аскердик-саясий эксперименттеринин айынан планетанын ар кандай чөлкөмдөрүндөгү жергиликтүү калк тушуккан көйгөйлөр Вашингтонду эч качан түйшөлткөн эмес.

Эске салсак, 1970-жылдары демократиялык Афганистан чөлкөмдөгү экономикалык жактан эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири эле. Батыштын "колдоосу", Пакистан жана араб-радикалдык исламчыл козголоңчулук кыймылынын кыйратуучу таасири 1979-жылы аягы көрүнбөгөн жарандык согушка, өлкөнүн социалдык-экономикалык деградацияга алып келген.

* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (258)

Тема боюнча

Тажикстан чек арасын бекемдөө үчүн 20 миң аскерин мобилизациялады
Белгилер:
Афганистан, АКШ, НАТО, Аскер, курал, база, согуш, "Талибан" кыймылы, террорчулук

ЭҢ МААНИЛҮҮ