Кара деңизде дагы бир америкалык эсминец "жок кылынды": мындан ары эмне болот?

CC BY 2.0 / Naval Surface Warriors / MC3 Chris CavagnaroАмерикалык эсминец. Архив
Америкалык эсминец. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Россиянын жээктерине жакын жерлердеги Пентагондун машыгууларына авиация жана флоттун күчтөрү менен активдүү каршы туруу — РФтин коопсуздук шарты. Ошондуктан Россия согуштук аракеттерге даяр жана кысылып турган пружинаны эске салат.
Кара деңиздин акваториясына 28-январда быйыл экинчи ирет америкалык эсминец сүзүп кирди. "Портерди" РФтин Кара деңиз флоту жана АККнын күчү жана каражаттары ыкчамдык менен тапкан.
Машыгуунун жүрүшүндө 30-январда сегиз истребитель жана бомбалоочу (Су-30СМ, Су-24М, Су-27, Су-34 менен катар) Крым жана Краснодар крайындагы авиабазалардан абага көтөрүлүп, Кара деңиздин батыш бөлүгүндөгү кемеге шарттуу түрдө ракеталык-бомбалык сокку урган. Америкалыктарга союздаш Болгария жана Румыниянын Аскердик-аба күчтөрү "кыбыр" эткен да жок, аскердик жооп берүүнү чагылдырууга да үлгүрүшпөдү. Эске салсак, "Портер" бирдей типтеги, 23-январда Россиянын Аба-космостук күчтөрү тарабынан шарттуу түрдө жок кылынган "Дональд Кук" менен чогуу аракет этүүгө багыт алган.
РФтин Тышкы иштер министрлиги Кара деңизде бул аймакка жат өлкөлөрдүн аскердик кемелери сүзүп жүрүшү туруктуулукту чыңдоого өбөлгө болбостугун көп ирет белгилеп келген. Украинадагы АКШ элчилиги 28-январда Кошмо штаттардын "Портер" эсминеци Кара деңизде НАТОдогу союздаш жана өнөктөштөрүнүн колдоо максатында коопсуздукту сактоо боюнча өз ара аракеттешүү иш-чараларына катышарын билдирген. Кыязы Монтрё конвенциясынын алкагында жана бейтарап сууларда сүзөт. Тилекке каршы, АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү деңиздин айрым тилкелери россиялык экенин тааныбай, жаңжалдык кырдаалга атайын түртөт.
Буревестник ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Технологиялык революция. Россияга "Буревестник" ракетасы эмне үчүн зарыл?
Мурда да америкалык "Жон Маккейн" эсминеци Петр Великий булуңунда (Владивостокко жакын) РФ чек арасын бузуп кирген. Тынч океандык флоттун кайыктарга каршы "Адмирал Виноградов" ири кемеси менен бейтарап сууларга куулган. "Деңизде эркин сүзүүнү" америкалыктар Крым жарым аралына жакын да көрсөтүшү мүмкүн. Мындай чагымчыл аракеттерди АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүндө "позицияны катаалдатуу жана эрктүү каршы туруу" деп аташат. Каршы турууну каалоочулар Кара деңизде январь жана февралда технологиялык басынуунун бүт ызасын өз жон териси менен сезишти. Реалдуулукка "кош келгиле" дегендей ишарат болду.

Кыл учунда

Америкалык "Дональд Кук" жана "Портер" эсминецтери 28-январда Кара деңизде кандайдыр бир операция жүргүздү, НАТОдогулар эсминецтердин пайда болушун Россиянын "аскердик күчүнүн өрчүшү" деп түшүндүрүштү. Жагдайга жакындан көз салалы.
"Арли Берк" тибиндеги эки ракеталык кеме алыска учуучу (1600 чакырымга дейре) жана таамай атчу "Томагавк" канаттуу ракеталарынан 120 бирдикти (алардын бир бөлүгү өзөктүк ракеталар) ташууга жөндөмдүү.
Эсминецтер ошондой эле ASROC кайыктарга каршы коргонуучу ракеталар, "Стандарт" зениттик ракеталары менен куралданып, аскердик маалыматтык-башкаруу тутумдары, "Ижис" ракетага каршы коргонуу системаларынын компоненттери менен жабдылган.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Америкалыктардын пикиринде, жарылуу кооптуулугу бар бул комплекс россиялык чек араларга жакын жерде аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана НАТОдогу союздаштары менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө кызмат өтөйт экен. Ал эми иш жүзүндө эки эсминецтин күчү менен Кара деңиздин тынч сууларын "ылайлатууга", Ливия менен Югославияга дегеле окшошпогон Россияны коркутууга болгон аргасыз аракетине күбөбүз. Пентагондогулар кандай жоопту күткөнү белгисиз, бирок аскердик кысым көрсөтүү аракети аябай аянычтуу болуп калды. Январдын аягында АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки эсминецин шарттуу, бирок чечкиндүү түрдө жок кылуу реалдуу куралдуу тиреште Кара деңизде "союздаштардын өз ара аракеттешүүсү" Россиянын көп ирет кайталанган жана жогорку технологиялык көзөмөлүндө каларын айгинелейт.
Кара деңиздик горизонтто туруктуу түрдө пайда болуп калып жаткан "кара деңизге жат" АКШ жана НАТОнун кеме жана учактарынан айырмаланып, россиялык коргонуу жөндөмү бардыгы жана дароо интеграцияланган ишти камтыйт. Маңызы ага канча күч жана каражат тартылганында эмес, ыкчам ойлонулган жана аны ишке ашыруунун технологиялык деңгээлинде. Анан калса, баары Россиянын жанында, миңдеген чакырым аралыктагы татаал логистика талап кылынбайт.
АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки ракеталык эсминеци жана Laramie май куюучу кеменин курамындагы тобу Кара деңизде Россиянын Аба-космостук күчтөрү жана Аскердик-деңиз флотунун истребителдик жана бомбалоочу авиациясы, аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктары, жээктеги ракеталык комплекстери жана радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын машыгууларында татаал буталык позиция катары гана кызмат кылат.
Бардык күч жана каражаттар күнү-түнү, макулдашылган тартипте жана дээрлик шайкештикте иштейт. Эки америкалык эсминецтин РФке карата достукка жатпаган визитинен улам "Адмирал Макаров" жапжаңы ракеталык фрегаты жайгашкан жеринен чыгып, деңизде окуу-аскердик милдеттерин аткарды.
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2021
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
Машыгуунун планы боюнча шарттуу душмандын кемеси Кара деңиз флотунун жээктеги объектилерине сокку урууга ниеттенет. Душманды бура бастырбаган "Адмирал Макаров" Кара деңиз флотунун жээктеги ракеталык комплекстери менен биргеликте деңиз кармашынын алгоритмдерин аткарды. "Калибр-НК" ракеталык комплекси менен душмандын кемелерин шарттуу түрдө кыйратты. Фрегаттын аскердик эсептери да аба буталары боюнча машыктырылды.
Мурда артиллериялык ок атуулар менен ушундай эле (даректүү) машыгуулардан күзөтүүчү "Пытливый" кемеси да өткөн. Ал дагы "шарттуу каршылашынын кемесин" ушундай эле ийгилик менен иштен чыгарган. Бул учурлардын бардыгында "Дональд Кук" жана "Портер" жакын жерде сүзүп жүргөн, Кара деңиз флотунун аскердик даярдык планы менен ушундай дал келип калган өңдөнөт.
Тынчсызданган америкалыктар Кара деңиздин аба мейкиндигине Boeing E-3 Sentry радиолокациялык аныктоочу учагын жөнөткөн. Реалдуу согуштук кырдаалда ал биринчи кезекте атып түшүрүлмөк.

Кыялга жетеленген союздаштар жана реалдуулук

Россиялык аба сокку боюнча машыгуулардын жүрүшүндө 23-январда румыниялык аскердик-аба күчтөрүнүн истребителдери америкалык "Дональд Кук" эсминецин коргоого тырышкан. Бирок кеме Аба-космостук күчтөрдүн шарттуу чабуулуна чейин эле жээктеги "Бал" ракеталык комплекстери үчүн бутага айланып, сканерлөө жана ракеталар ага карай мээленери жөнүндө эскертүү алган. Эске салсак, "Бал" мобилдик комплекси Х-35 ракеталарынан 64 бирдикке чейинки курал топтомуна ээ. Душмандын кемелерин 280 чакырым аралыктан кыйратып, башкача айтканда Крымдан туруп Кара деңиз акваториясынын басымдуу бөлүгүн "аткылайт".
Чыныгы жаңжал учурунда румыниялык истребителдер америкалык эсминецтерди "калкалай" алмак эмес жана Крымда жайгаштырылган – 400 чакырымга чейинки аралыктан кыйрата алчу С-400 "Триумф" россиялык тутумдарынын аяр буталарына айланып калмак.
МиГ-31 истретибели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2021
6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?
Натыйжада америкалыктар жана алардын союздаштары россиялык Крымдын түштүк-батыш жээгине жакын жерде биргелешкен машыгуу өткөрүү планын бузууга туура келди, "Дональд Кук" жана "Портер" Украинанын территориалдык сууларына такалды.
АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн PASSEX тибиндеги эки кемесинин жана Украина Аскердик-деңиз күчтөрүнүн катердик тактикалык тобунун чогуу машыгуулары тынч жана байкалбай өттү.
Украиналык командачылыктын маалыматы боюнча, "Көп улуттуу тактикалык топтордун курамында биргелешкен деңиз операцияларын аткаруу үчүн Кара деңизде коопсуздукту камсыздоо, окуу жана Украина менен АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелеринин экипаждарынын шайкештигин өркүндөтүү" боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Суудагы украиналык флоттон Island тибиндеги патрулдук бир катер жана сооттолгон эки чакан – "Никополь" жана "Костополь" артиллериялык катерлери катышкан.
Машыгуунун бардык элементтери НАТОнун стандарттарына ылайык пландалган жана иштелип чыгыптыр. АКШнын Аскердик-деңиз флотунун ракеталык эсминецинин командири Томас Ралстон жаңы "украиналык флот менен биргелешкен машыгууларды" чыдамсыздык менен күтөт имиш. Биргелешкен деңиз операцияларына чабал куралданган артиллериялык катер жана ракеталык эсминецтерди интеграциялоо технологиялык жактан мүмкүн эмес экени аларды тайсалдатып да койбойт.
Штаб-квартира НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп
Украина жана Грузия НАТОнун каалгасын өжөрлүк менен каккылайт. Болгария менен Румынияда аскердик жаңы инфраструктура, материалдык каражаттардын кору, кабыл алууну уюштуруу үчүн жана альянстын күчтөрүн ыкчам уюштуруу алдыңкы координациялык борборлору түзүлүүдө.
Румыниялык Câmpia Turzii авиабазасы АКШнын стратегиялык чабуул коюучу куралдарды уюштуруунун аянтчасына айланды. Мурун баары – саналуу мүнөттөрдө жок болчу ойдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр.
Америкалык аскердик кемелердин Кара деңизге сүзүп кириши азырынча Монтрё конвенциясын бузбайт жана бөтөнчө бир нерсе болуп саналбайт. Ошентсе да РФтин Аскердик-деңиз флотунун Башкы штабынын мурдагы башчысы адмирал Виктор Кравченко Россия мындай учурларда аларга ыңгайсыздык жаратууга тийиш деп эсептейт. Буга макул болбой коюш кыйын. АКШ жана НАТОнун стратегдери качандыр бир кезде Монтрё конвенциясын убактысы, уруксат берилген тоннаж, Кара деңиздеги аскердик кемелердин саны боюнча бузса, Россия "өнөктөштөрүн" басымдуулук кылган күчтөрү жана каражаттары менен тосуп алары турулуу иш.
РФтин Куралдуу күчтөрү – бул Кара деңиздик өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугу жана аймактагы туруктуулуктун реалдуу кепилдиги.
Жаңылыктар түрмөгү
0