Анатолий Антонов: Россияны ооздуктоо – АКШ саясатынын негизи

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүРФтин Кошмо Штаттардагы элчиси Анатолий Антонов. Архив
РФтин Кошмо Штаттардагы элчиси Анатолий Антонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ бийлигине Жо Байдендин келиши менен Россия конструктивдүү диалогго, эки тараптуу мамилелерде топтолуп калган көйгөйлөрдү жоюуга киришүүгө ниеттенет.
Ошол эле учурда Москвадагылар көптү деле күтпөйт, анткени Россияны ооздуктоо АКШнын тышкы саясатынын артыкчылыктарынын бири бойдон каларын түшүнөт. Мындай пикирин РФтин Кошмо Штаттардагы элчиси Анатолий Антонов билдирет.
Россиялык дипломат АКШнын 46-президентинин ант берүү аземинен соң РИА Новости агенттигине кеңири маек курган. Анда элчи быйыл Владимир Путиндин америкалык жаңы лидер менен жолугушуусу күтүлөр-күтүлбөсүн, Москва жана Вашингтон COVID-19га каршы күрөшүүдө кызматташуусу мүмкүн болуп-болбогонуна токтолуу менен Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жөнүндөгү келишимдин сакталышына дагы да мүмкүнчүлүк бар экенин, Россия АКШдан сунуштарды күтүп жатканын белгиледи.
— Шайлоодон кийин Жо Байдендин болочок администрациясынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөр болдубу? Кандай темаларды талкуулай алдыңыздар?
— Сүйлөшүүлөр болгон жок. Бирок жаңы өкмөттүн курамындагы тышкы саясий багыт боюнча дайындалгандардын көбү бизге жакшы тааныш. Алар мурдагы администрацияларда жетекчилик кызматтарды ээлешкен. Ак үй, Мамлекеттик департамент жана башка мекемелердин курамынын алмашуусунан улам эки тараптуу урунттуу жана эл аралык көйгөйлөр боюнча кесиптештер менен маңыздуу диалогго кирише алабыз деп турабыз. Эң оболу бул эки өлкөнүн ортосундагы алакада үйүлүп калган жагымсыз көйгөйлөрдү жоюу зарылдыгына байланыштуу.
Кызматташуунун так багыттары боюнча россиялык сунуштар бир нече ирет айтылган, сүйлөшүү жүзүндө гана калып келет. Биз прагматикалык жана Америка тарап ниеттенген деңгээлдеги эки тарапка тең пайдалуу диалогго даярбыз.
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАнтонов: АКШга стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимди эч кандай алдын ала шарттарды койбостон узартууну Россия бир жыл мурун эле сунуштаган
Президент РФ В. Путин выступил на совещании послов и постоянных представителей РФ - Sputnik Кыргызстан
Антонов: АКШга стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимди эч кандай алдын ала шарттарды койбостон узартууну Россия бир жыл мурун эле сунуштаган
— Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жөнүндөгү келишимди узартууга макул болорун болжоп турасыздарбы? 20-январдан кийин Россия бул багытта консультацияларды баштоого даярбы?
— Белгилүү болгондой, АКШга Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жөнүндөгү келишимди эч кандай алдын ала шарттарды койбостон узартууну Россия бир жыл мурун эле сунуштаган. Республикалык партия өкүлүнүн администрациясы келишимди мурда кол коюлган калыбында узартуудан караманча баш тарткан. Кабыл алынгыс шарттарды койгон. Маңызында өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө боюнча иштеп турган жалгыз россиялык-америкалык келишим саясий соодалашууга айланган. Жүрүп отуруп мындай позиция аталган келишимдин тагдыры жөнүндөгү эки тараптуу консультацияларды туңгуюкка кептегени таң каларлык эмес. Буга карабастан, биз бир катар маселелерде Вашингтон менен макул болдук. Азыркы администрация акылга сыярлык жана реалдуу принциптерге таянарына үмүттөнөбүз.
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жөнүндөгү келишимди узартуу боюнча маңыздуу (субстантивдүү) диалогго ачык. Келишимдин мөөнөтү аяктаганча, 2021-жылдын 5-февралына чейин тийиштүү макулдашууга жетишүүгө дагы мүмкүнчүлүк бар. Кезек азыр Вашингтон тарапта, конструктивдүү сунуштарды күтүп жатабыз.
— 2021-жылы Россия Федерациясы менен АКШ президенттеринин кезигүүсү күтүлөбү? Тышкы саясий мекемелердин жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуучу? Байденге "2+2" форматындагы консультацияны сунуштайсыздарбы?
— Пандемия шартында бетме-бет, анын ичинде жогорку деңгээлдеги жолугушуулар тууралуу азырынча кеп козгош кыйын. Саясий жолугушуулар графигин түзүү эпидемиялык абалдын турукташуусуна, мындай кезигүүлөрдүн мазмунуна, көп тараптуу иш-чаралар алкагында баарлашуу жана башка мүмкүнчүлүктөргө жараша болот. Кандай болгон күндө да бардык пландар АКШнын жаңы администрациясы менен талкуулоо жана макулдашылууга тийиш. "2+2" форматына келсек, америкалыктарга аны калыптандырууну бир нече ирет сунуштаган элек. Бирок оң жооп ала алган жокпуз. Антсе да демилге дале күчүндө.
© Sputnik / Михаил Тургиев / Медиабанкка өтүүАнтонов: пандемия шартында бетме-бет, анын ичинде жогорку деңгээлдеги жолугушуулар тууралуу азырынча кеп козгош кыйын
Посол Российской Федерации в США Анатолий Антонов - Sputnik Кыргызстан
Антонов: пандемия шартында бетме-бет, анын ичинде жогорку деңгээлдеги жолугушуулар тууралуу азырынча кеп козгош кыйын
— Байдендин тышкы саясий командасында жарыяланган талапкерлерди кандай баалайсыз? Иран, Сирия, Украина боюнча диалогду жандандырууга үмүт барбы? Сиздин пикириңизде АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин аппаратында Россия жана Борбор Азия боюнча өзүнчө директорду дайындоо эмнеден кабар берет?
— Байдендин тышкы саясий командасындагы талапкерлерди баалоо — биздин ишибиз эмес. АКШ президенти башка жетекчилер өңдүү эле өз ишенимине кирген адистерди тандайт. Менимче, жаңы командага тышкы саясий артыкчылыктар жана так бир маселелерди чечүү жолдорун аныктап алууга убакыт берүү абзел. Анан да анын эл аралык багыты жөнүндө шайлоо алдындагы айткандарынын негизинде эмес, иш жүзүндөгү кадамдарына карап баалоо керек. Кай бирөө таамай сүрөттөгөндөй, шайлоо алдында эки – кара жана ак боек болот, алардан соң тек бир – боз түстөгүсү бар. Чоң нерсе деле күткөндөн алыспыз. Эгер россиялык багыт өзгөрүлсө, негизинен эмес, болду-болбоду, өзгөрүү ньюанстарда гана орун алышы ыктымал.
Россияны системалык ооздуктоо америкалык саясаттын негизи бойдон калууда. Анткен менен администрациядагы жогорку кызматтагылардын көпчүлүгү Барак Обаманын убагындагы иштерден бери бизге жакшы тааныш. Маселен, азыр күтүлүп жаткандай, Ак үйдө жакынкы чыгыш көйгөйлөрү боюнча координаторлукту аркалай турган Бретт Макгурк менен биз ИГИЛге каршы коалицияда (ИГИЛ – Россияда жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) президенттин атайын өкүлү болуп турган кезинде биргеликте иш алпарганбыз.
Азиялык-тынч океандык багыттагы биздин дипломаттар Коопсуздук кеңешиндеги аймактык координатор кызматына көрсөтүлүп жаткан Курт Кэмпбеллди да билишет. Аны менен тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө маселелери, анын ичинде Корея жарым аралындагы конструктивдүү диалогго үмүт кылабыз. Иран боюнча демократиялык администрация шайлоо алдындагы өз программаларын аткарарын күтөбүз, эң оболу Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жөнүндөгү келишимге кайтуу – биздин планыбызда. Персид булуңунун аймагындагы кырдаалда саясий диалогду жана деэскалацияны калыптандырууга да өбөлгө болот деп турабыз.
Сирияда биздин өлкөлөрүбүздүн аскерлери жаңжалдардын алдын алуу максатында мезгил-мезгили менен байланышып калат. Мындан тышкары, Россия жана АКШ кызматташа турган тармактарды аныктап алуу да пайдалуу. Атап айтсак, гуманитардык көмөк көрсөтүү, жаңжалдан соңку калыптандыруу, миналарды зыянсыздандыруу, качкындардын жана өлкө ичинде жер которгондордун кайтуусуна көмөктөшүү, ошондой эле терроризмге каршы күрөш. Биз биргеликте мындай иш алпарууга, албетте, Сирия Араб Республикасынын суверенитетин сыйлоо шарты менен даярбыз. Украина боюнча арачылык кылган администрация Владимир Зеленскийдин тобун акыры Минск макулдашууларын ишке ашырууга киришүүгө көндүрүү менен чоң жакшылык жасамак. Ошондой эле Мамлекеттик департаменттин жаңы жетекчилиги Чара көрүү боюнча Минск комплексине Киевдин азыркыдай асылууларынын майнапсыздыгын белгилейт деген үмүттөбүз. Анан калса, документ эбак эл аралык укуктун бир бөлүгүнө айланган, юридикалык жактан милдеттендирүүчү жана аткарууга милдетүү болуп саналат.
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАнтонов: Байдендин тышкы саясий командасындагы талапкерлерди баалоо — биздин ишибиз эмес
Посол Российской Федерации в США Анатолий Антонов - Sputnik Кыргызстан
Антонов: Байдендин тышкы саясий командасындагы талапкерлерди баалоо — биздин ишибиз эмес
Соңку жылдары украиналык бийликтен "Минск" комплексинин кандайдыр модификациясы жөнүндө, ал түгүл эскилиги жеткендиги үчүн аны жок кылуу жөнүндөгү кооптуу демилгени угуп келебиз. Ошондой эле түз сүйлөшүүлөрдү "Нормандия форматындагы" Донецк жана Луганск менен болгон дискуссияларга айырбаштоого, Киев жактан үч тараптуу байланыш тобундагы украиналык сүйлөшүүчүлөрдүн катарын чексиз жана маңызсыз алмаштырууга умтулушканын көрүп турабыз. Мындай шартта Минск келишимдерине Обаманын администрациясынын тушунда кол коюлганын эске салуу орундуу. Аларды бекиткен БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2202 резолюциясы америкалык туруктуу өкүл Саманта Пауэрдин катышуусу менен жактырылган. Мурдагы вице-президент Жо Байден бул туурасында каршылыгын билдирген эмес. Мамлекет башчысы азыр да "Минск" макулдашуулары боюнча мындай позитивдүү оюнан кайта элек деп ойлойбуз.
Жаңы администрация бийликке келгенден кийинки Улуттук коопсуздук кеңешинин аппаратынын структурасындагы өзгөрүүлөр кадыресе көрүнүш болуп саналат. Кенже Жорж Буш жана Барак Обаманын тушунда Ак үйдө россиялык багыттагы ушул кызмат иштеп турган. Кеп Ак үй аппаратындагы америкалык кесиптештер менен үзгүлтүксүз диалогду жөнгө салуу туурасында.
— Россия Байдендин администрациясына БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Бештигинин" жолугушуусуна катышууну сунуштайбы? Бул планда барбы?
— Россиялык демилге мурда "Бештиктеги" өлкөлөрдүн жетекчилери тарабынан жактырылган жана күчүндө. Күн тартиби боюнча сунуштар кесиптештерге да жеткирилген. Маселе дүйнөлүк саясат, коопсуздук жана экономиканын абалына таасир этүүчү негизги көйгөйлөр жөнүндө. Андай жолугушуунун күнү жана орду азырынча аныктала элек. Жаңы администрация россиялык демилгени кылдат изилдейт, эпидемиологиялык жагдай жакшырары менен "Бештиктин" саммити уюштурулат деген пикирдебиз. Эл аралык иштерде жана көптөгөн жаңжал очокторун жоюу ыкмаларында биргеликте иш алпаруунун негиздери жөнүндө "Бештиктеги" мамлекеттердин башчыларынын түз сүйлөшүүлөрүнүн дал мезгили жана өтө зарыл деп эсептейбиз.
© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүАнтонов: АКШ президенти башка жетекчилер өңдүү эле өз ишенимине кирген адистерди тандайт
Посол Российской Федерации в США Анатолий Антонов - Sputnik Кыргызстан
Антонов: АКШ президенти башка жетекчилер өңдүү эле өз ишенимине кирген адистерди тандайт
— Террорго каршы күрөш боюнча сүйлөшүүлөр уланабы?
— 2018-жылдын декабрында Россия жана АКШ президенттеринин макулдашууларын аткаруу үчүн террорго каршы жогорку деңгээлдеги россиялык-америкалык диалог жандандырылган (ал ишти РФ тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов жана ошол убактагы мамлекеттик катчынын биринчи орун басары Жейк Салливан жүргүзгөн).
2019-жылы эки эксперттик кезигүү (март, июнь айларында) болгон. Сентябрда координаторлордун сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өткөн. 2019-жылдын октябрында америкалыктарга биз 2020-жылдын январь аймагындагы кезектеги консультацияларын уюштуруу боюнча ойлонуп көрүүнү сунуштаганбыз.
Өнөктөштөр принципиалдуу түрдө баш тартышпады. Бирок 2020-жылы террорго каршы биргеликте иш жүргүзүлгөн жок. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышы диалогдун бул каналын калыптандырууга жол ачат деген үмүттөбүз.
— Пандемияга каршы күрөштө АКШ менен кызматташуу жөнүндө Россиядан жаңы сунуштар болобу? Кандай нукта? Мурдагы жолкудай жабдуу жаатындабы же биргеликте изилдөөлөрбү?
— Пандемия жалпыбызга чакырык таштады. Дал ушул себептен биз пикир келишпестиктерди жыйыштырып, инфекция менен күрөштө күчтөрүбүздү бириктирүүнү – эң зарыл медициналык товарлар жана предметтер менен жабдууда тоскоолдуктарды жоюу, чабал өнүккөн өлкөлөргө карыз жүгүн азайтуу, муктаж болгон мамлекеттерге каржылык көмөк көрсөтүүдө саясий шылтоолордон баш тартуу, илимий тажрыйба алмашууну кеңейтүү боюнча бир нече ирет сунуштадык. АКШ менен кайсы бир аспектилерде иштерди жөнгө сала алдык. Адегенде Россия 2020-жылдын апрелинде Нью-Йорк шаарына медициналык жүк менен учак жөнөткөн, андан соң АКШдан РФке жооп иретинде 200 ИВЛ аппараты (май жана июнь айларында) келген. Бул эпидемиялык каатчылык күч алып турган убакта эле. Тийиштүү макулдашуу эки өлкөнүн эли саясий пикир келишпестиктерге карабай бири-бирине шериктештик жана колдоо көрсөтө аларын айгинелейт.
© Sputnik / Михаил Тургиев / Медиабанкка өтүүАнтонов: Россияны системалык ооздуктоо америкалык саясаттын негизи бойдон калууда
Голосование за рубежом по внесению изменений в Конституцию РФ - Sputnik Кыргызстан
Антонов: Россияны системалык ооздуктоо америкалык саясаттын негизи бойдон калууда
COVID-19га байланышкан изилдөөлөрдүн ар кыл жаатындагы кызматташтык жөнүндө АКШнын Улуттук илимдер, техника жана медицина академиясы жана Россия Илимдер академиясынын биргелешкен протоколуна 2020-жылдын 30-июлунда кол коюлушу да буга позитивдүү мисал.
Вакцина боюнча жагдай татаалыраак. Америкадагы айрым адамдар бул теманы саясатташтыруу далалатында. Вашингтондо биздин жетишкендиктерди ачык шектенүү менен кабыл алышууда. Мында сөз "Спутник V" жана "ЭпиВакКорона" препараттары жөнүндө. Россиялык вакциналардын майнапсыздыгы жана кооптуулугу жөнүндө жалган маалыматтарды жайылтып жатышат. Анткен менен илимий коомчулук россиялык препараттарга жогорку баасын бергени анык. Биз пандемияга каршы күрөшүү, анын ичинде инфекциялык илдетке бөгөт болчу таасирдүү препараттарды иштеп чыгууда АКШ менен кызматташууга ачыкпыз.
— Москва Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы менен орто жана кыска аралыктагы ракеталарды, атап айтканда, Европада жайгаштырбоону сүйлөшүү планда барбы?
— 2019-жылдын августунда Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды четтетүү келишиминен бир тараптуу чыккан соң АКШ макулдашуунун бузулушунун кыйратуучу кесепеттерин кыскартуу үчүн кызматташууга даярдыгын билдирген жок. Муну белгилөөгө аргасызбыз. Ракеталык куралдануу жарышын күчөтүүнүн тобокелдиктерин толук түшүнөбүз. Дээрлик бир жыл Россия дүйнө региондорунда жер үстүндөгү орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырбоо боюнча бир тараптуу тартипте өзүнө алынган милдеттенмелерди аткарып келет. Америкалык өндүрүштөгү мындай куралдар башка мамлекеттердин аймагында пайда болушуна дейре...
Биз АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрүнө ушундай эле кадамга барууну сунуштадык. Бирок тосмо мораторий жарыялоо жөнүндөгү демилгебиз четке кагылган.
Вашингтон мурда келишим боюнча тыюу салынган куралдарды тездик менен иштеп чыгууга басым жасады. Андай тутумдарды бир нече ирет сынап көрдү. АКШнын аскердик-саясий жетекчилиги союздаштарынын, анын ичинде Европанын аймагында жер үстүндөгү орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга багыт алганын жашырбайт. Биз өзүбүз тараптан окуялардын эң жаман сценарийде нук алышын алдын алууга мүмкүн болгон бардык нерсени жасайбыз.
Октябрда Россия президенти Владимир Путин аталган ракеталарсыз дүйнөдө кырдаалды турукташтыруу боюнча жаңы сунуштары менен чыкты. Биздин демилгелер мурдагыдай эле сүйлөшүү чегинде калууда. Эгер жаңы администрация орто жана кыска ракеталар көйгөйү боюнча эки тарапка тең туура келген чечимди издөөгө кызыкдар болсо, биз андай ишке даярбыз.
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАнтонов: Сирияда биздин өлкөлөрүбүздүн аскерлери жаңжалдардын алдын алуу максатында мезгил-мезгили менен байланышып калат
Посол Российской Федерации в США Анатолий Антонов - Sputnik Кыргызстан
Антонов: Сирияда биздин өлкөлөрүбүздүн аскерлери жаңжалдардын алдын алуу максатында мезгил-мезгили менен байланышып калат
— АКШ SolarWinds компаниясына жасалган кибер чабуулдун аркасында Россия турарына кандайдыр бир далил келтире алдыбы? Же курулай айыптоолор менен чектелдиби? Afghanistan bounties боюнча да далил көрсөттүбү?
— Россияга же РФтин жарандарына каршы америкалык маалыматтык инфраструктура жасалган ири масштабдуу хакердик чабуулга байланышкан расмий айыптоолор айтылган эмес.
Кошмо Штаттардын атайын кызматтары "болжолдуу түрдө россиялык тамыры бар" кибер чабуулчулар жооптуу экенин билдиришкен. Бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлердин жоромолдору – алардын жеке көз карашы, бирок далил катары каралбайт.
Америка тарап мегафондук дипломатияны улантып, тагыраак, маалымат каражаттары аркылуу бул окуялардын версияларын таратып, бирок эч кандай далил келтирбейт. Вашингтонго компьютердик чабуул жана компьютердик инциденттер боюнча маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну көп сунуштап келебиз. Атап айтканда, компьютердик инциденттер боюнча Улуттук координациялык борбордун линиялары менен мындай окуялар тууралуу маалымдап турууну айтканбыз.
2020-жылдын 25-сентябрында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин эл аралык маалыматтык коопсуздук жаатындагы россиялык-америкалык кызматташтыкты калыптандыруу боюнча чаралардын комплекстүү программасы тууралуу билдирүү жасаган. Башкасын айтпаганда да өзөктүк кооптуулукту төмөндөтүү, компьютердик кылмыштар жана жогорку деңгээлдеги кызматтагыларга карата ыкчам аракет этүү топтору боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы байланыш каналдарынын үзгүлтүксүз жана майнаптуу иш алып баруусун боолголойт. Биздин сунуштар жоопсуз калды. Администрация эксперттик диалог үчүн сунушталган каналдарды ишке тартпай турганы анык. Россия Федерациясы америкалык аскер кызматкерлерин өлтүрүү үчүн акча төлөгөн деген аңыз кептер ошондой макалалардын авторлорунун абийиринде.
Администрациянын ар кыл деңгээлдеги өкүлдөрү АКШнын Афганистандагы аскердик бөлүктөрүнө Россия тараптан кандайдыр бир коркунуч жок экенин бир нече ирет тастыкташкан. Мындан сырткары, биздин өлкөлөр арасындагы афган багытындагы кызматташтык эч качан токтотулган эмес.
Биздин атайын өкүлдөр өз ара тыгыз аракеттешүүдө. Жаңы администрациянын тушунда Афганистандагы тынчтык үчүн мындай иш уланарына үмүт арткыбыз келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0