08:09 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
"Спутник V" вакцинасы (72)
285 0 0

Өтө кызык бир көрүнүш бар: Батыш COVID-19га каршы вакцинаны жаратуу жаатында россиялык иштелмелерге карата мамилесин кескин өзгөрттү.

Соңку күндөрү батыштагы эң таасирдүү басылмаларда россиялык вакцина натыйжалуу болушу мүмкүн экени тууралуу макалалар жарыялана баштады. Ушул жаатында Ирина Алкснистин ой толгоосу РИА Новости агенттигине жарык көргөн.

Мунун баары бир топ ай "Москва эч нерсе жарата албайт" деп шылдыңдап, кыска мөөнөттө жасалып кеңири айлантууга чыгарылганга чейин тийиштүү сыноодон өтпөгөн россиялык "Спутник V" препаратынын кооптуулугу боюнча кайталап келгенден кийин болуп отурат. Коронавируска каршы бардык вакциналар боюнча, анын ичинде батыш лабораторияларында да иш тездетилген процедурада жүргөнүн көз жаздымда калтыруудан айбыгышкан да эмес.

Бирок күтүүсүздөн Bloomberg агенттиги бир макала жарыялады. Анда журналист Сэм Фазели "Спутник V" вакцинасына ынанууга мүмкүн болгон себептерди санаган. Андан соң New York Times гезитинин Москвадагы кабарчысы Эндрю Крамер россиялык препаратты "чыныгы жетишкендик" деп атоо менен мактап гана тим болбостон, өзү да эмделди. Эмдөө процессинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын жана жарандарга жеткиликтүүлүгүн өзүнчө белгилеген.

Британиялык Spectator журналына өтө кызык бир макала жарыяланды. Буга Владимир Путин жана Ангела Меркелдин россиялык вакцинаны Германияда чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган телефон аркылуу сүйлөшүүсү себеп болгон. Макаланын автору COVID-19ду Гитлерге салыштырып, 80 жылдай мурун Батыштан Черчилль менен Рузвельт Сталин менен жалпы душманга каршы бириккенин түшүндүргөн. Азыр деле ошол жол менен кетүүдө кооптуулук жок.

Бир нече күн мурун Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Карен Пирс чуулгандуу, ошону менен бирге эле чынчыл бир билдирүү жасады. Ал коронавирус пандемиясынан Россия менен Кытай жеңүүчү болуп чыкпоого тийиш экенин айтты. Дипломат вакцинаны, кимдин препараты мыкты жана тезирээк чыгарыларын гана кеп кылганы жок. COVID-19 эпидемиясы коомдук турмуштун бардык тармактарынын жана жалпысынан башкаруучу машина катары мамлекеттердин бекемдигин, натыйжалуулугун да текшерип койду.

Коронавируска каршы күрөш аны жок кылуу дегендик эмес (бул мүмкүн эмес, адамзат эми бул менен жашоого аргасыз), бул жарандар үчүн эң аз чектөөлөр жана саламаттык сактоого күч келтирбестен жашоону нормалдаштыруу болуп саналат.

Ар бир өлкөнүн эпидемияга каршы күрөшүнүн өз өзгөчөлүктөрү бар. Кытай, белгилүү болгондой, катаал, бирок даректүү чараларды көрдү. Жакында эле катталган 137 ковид жана белгилери байкалбаган 197 учурдан улам аталган мамлекет кезектеги эки калаада (калкынын жалпы саны 18 миллионду түзөт) апталык катаал карантин жарыялады. Анткен менен дээрлик бир жарым миллиарддык өлкөнүн калган бөлүгү салыштырмалуу кадимки турмушту кечирүүдө.

Россиянын өз жаңычылдыгы бар, анын жыйынтыгында саламаттык сактоо тутуму учурдун жүгүн көтөрүүнүн эбин таап, ал эми эмделгендердин саны миллиондон ашты.

Оору жуктургандардын статистикасы да акыркы күндөрү оптимизмге жетелейт. Албетте, кубанууга али эрте. Жаңы жылдык каникулдардан кийин эмне болорун да күтүү зарыл.

Кандай болгон күндө да Батышта кырдаал курч. Эгер АКШда ички саясий тирештин айынан эпидемияга каршы күрөш темасы үчүнчү планга жылып, ал эми Европада ушул тапта эң талуу маселеге айланып отурат.

Эң оор кырдаал Улуу Британияда, Англияда бийлик жазындагыдай катаал карантин киргизди. Континентте кырдаал деле жакшырып кеткен жок: чектөөлөр көбөйүп, күч алып, ал эми бийлик жакынкы апталар эң оор болорун болжоодо. Эрежелерди бузгандар жазаланарын эскертишүүдө. Эмдөө башталганы менен бул көп көңүл калуу жана кооптонууларга байланышкан. Вакцинациянын ылдамдыгы кыйла төмөн, анткени өндүрүш жана жабдуу ыргагы да азыркы суроо-талапты канааттандырууга мүмкүндүк бере албайт. Препараттар жөнүндө терс маалыматтар, эмделгенден кийин күтүүсүз жерден акка моюн сунган бейтаптар (албетте, бул окуялардын ортосундагы байланыш такталган эмес), бүтүндөй процессти кыйындаткан жана тоскоол кылган вакциналардын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү жаңылыктар жайылууда. Мисалы, ушул тапта Батыштагы негизги Pfizer жана BioNTec вакциналары сөзсүз минус 70 градустан төмөн температурада сакталууга тийиш. Салыштыруу үчүн "Спутник V" вакцинасынын мындай көрсөткүчү минус 18 градусту түзөт.

Анан да коомдун чарчоосу жана нааразылыгы күч, балким бул европалык мамлекеттердин бийлиги үчүн эң чоң маселе болушу мүмкүн. Бул жагынан Германия былтыр каатчылык шартында ийгиликтүү иш үлгүсүн көрсөтө алды. Өкмөт ынанымдуу жана жигердүү аракет кылды, ал эми колундагы ресурстары көйгөйлөрдү тез чечүүгө мүмкүндүк берген.

Германиялык саламаттык сактоо тутуму коронавирус сыноосуна туруштук берди. Ооруканаларда орун жана жасалма дем алдыруу аппараттарынын тартыштыгы болгон жок. Ал эми континенттеги эң бай жана өнүккөн экономика өз жарандарына социалдык жардам боюнча кубаттуу программаны жүзөгө ашырды. Баары жайында болгондой көрүнгөн... Дал ФРГда коомдун мамлекеттик ковид-саясатка нааразылыгы чоң жана активдүү. Миңдеген адамдар катышкан манифестацияларды суу менен атып таратууга туура келүүдө.

Натыйжада дал ушул учурда федералдык өкмөт да, жер бийлиги да, Ангела Меркель жеке өзү да иш жүзүндө туңгуюк кырдаалда. Бир жагынан алар карантинди сактоого мажбур, анткени күн сайын алдыларына кырдаалдын начарлашын тастыктаган жана кескин чара көрүүнү талап кылган сводкалар келет. Экинчиден, немец коомчулугу бардык жактан чектөөлөрдөн, үйгө камалуудан жана Рождествонун ойдогудай майрамдалбай калышынан улам кыжыры кайноодо. Мунун баары алардын жалпы саламаттыгы үчүн жасалып жатканы туурасындагы аргументтер деле эми таасир этпей калды. Ушундай эле маанай бөлөк өлкөлөрдө да күчөдү.

Эмнеликтен "эркин эмес" Россия менен Кытай жарандарына кадимки жашоо образын мүмкүн болушунча сактоо үчүн чектөө чараларындагы ийкемдүүлүк көрсөтүп, ал эми демократиянын өрнөгү болгон Европа баарын жаап жана баарына тыюу салуудан башка ыкмаларды билбей келет?

Эмнеге Москва жана Пекин вакциналарын жасап, жапырт эмдөө процессин жайбаракат ишке ашырып, ал эми Батышта күн алыс вакцинага байланышкан чуулгандуу окуялар орун алууда? Адамдар эбегейсиз европалык салыктарды эмнеге төлөөдө? Ал эми мындай маанай кооптуу.

Акыркы жылдар Батышка коомдук пикирди манипуляциялоо технологияларынын да чеги болорун, эң күтүлбөгөн жерде иштебей каларын, өтө жагымсыз кесепеттерге алып келерин көрсөттү.

Вакцина өндүрүү маселеси боюнча Москва менен кызматташуу Европа үчүн таптакыр кабыл алынгыс позициянын катарынан чыгып, жетишерлик пайдалуу чечим түрүнө өткөн. Акыл калчап, эске алууга арзыбай койбойт эле...

Тема:
"Спутник V" вакцинасы (72)

Тема боюнча

Климат, вакцина... 2021-жылы элдин тынчын алчу негизги 10 кооптуулук аталды
Америкалык конгрессмен: вакцина алсам да COVID жуктурдум
Белгилер:
коом, пандемия, коронавирус, Россия, Батыш, вакцина

ЭҢ МААНИЛҮҮ