02:00 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
279 0 0

КМШ мейкиндигинде илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыктын алкагында ишмердикти координациялоо тутуму түзүлгөн. Өлкөлөр өз экономикаларын өнүктүрүү үчүн инновациялык чөйрөлөрүн биргеликте аныктай турганын айтат серепчи Алексей Стефанов.

КМШ өлкөлөрүнүн 2030-жылга чейинки Инновациялык кызматташтык жаатындагы мамлекеттер аралык программасынын долбоору Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдөгү кызматташтык боюнча эл аралык кеңештин 26-жыйынында жактырылган.

Иш-чара 30-апрелде КМШнын Аткаруу комитетинин базасында видеоконференция режиминде өткөн.

Программаны иштеп чыгуучулардын мамлекеттер аралык тобу кызматташуунун 29 магистралдык багытын даярдаган. Арасында "Интеллектуалдык жана транспорттук, анын ичинде жер үстүндөгү шарттар, деңиз жана аба мейкиндигиндеги логистикалык тутум", "Санарип өндүрүштүк система жана өнөр жай инфраструктурасы", "Жогорку өндүрүмдүү айыл, токой жана суу чарбачылыгы, анын ичинде агрологистикалык чечимдер, биотехнология, ветеринария", "Сенсорика, буюмдардын интернет технологиялары жана робототехника компоненттери", "Фотоника", "Биотехнология жана генетика", "Фундаменталдык изилдөөлөрдүн инфраструктурасы жана ресурстары (мегасайенс)" жана башкалар бар. Ошондой эле программанын университет, изилдөө институттары, биргелешкен ишти уюштурууда чакан жана орто инновациялык мекемелердин инновациялык өндүрүмдөрүн коммерциялоону күчөтүү, глобалдык рынокто КМШ өлкөлөрүнүн инновациялык чечимдери, тейлөө жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспортун кеңейтүү өңдүү 11 негизги демилгеси сунушталган.

"Биздин пикирибизде мунун баары КМШнын мамлекеттер аралык инновациялык мейкиндигин жакшыртууга, өлкөлөрдүн технологиялык жана инновациялык дараметин биргеликте пайдаланууда шериктештиктин ар бир мүчө мамлекетине бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга жол берет", — деп ынанат Россотрудничество башкармалыгынын жетекчиси, 2030-жылга чейинки аралыкта Инновациялык кызматташтык жаатындагы мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгуучулардын тобун башкарган Сергей Маленко.

Заманбап илимий табылгаларды пайдалануу менен жаңы технологиялык тартипке өтүүдө бардык өлкөлөр ушул тапта интеграцияга, күчтөрүн бириктирүү жана дүйнөлүк инновациялык системага натыйжалуу катышууга муктаж. Кайсы гана өлкө болбосун экономикасын инновациялык өнүктүрүүдө эң зарыл шарт ушул, себеби өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттешүү жана тажрыйба алмашуу болбосо, бул мүмкүн эмес".

Россотрудничествонун демилгеси, "Сколково" фонду жана КМШ Аткаруу комитетинин колдоосу менен КМШ өлкөлөрүнүн инновациялык кызматташтык жаатындагы 2030-жылга чейинки жаңы программасын иштеп чыгуу максатында мамлекеттер аралык топ түптөлгөн. Ага КМШ мамлекеттеринин илим изилдөө борборлору жана университеттери, өнүктүрүү институттары, эксперттик уюмдар, инновациялык компаниялары, министрлик жана мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери кирген. Ушундай эле топтор улуттук деңгээлде да шериктеш мамлекеттердин бир катарында түзүлгөн.

"Жаңы программанын долбоорунун алкагында мамлекеттер аралык топ КМШга мүчө өлкөлөрдө чакан жана орто инновациялык ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү, университет жана илимий борборлордун изилдөө ишмердиги, гранттык изилдөө программалары, венчурдук инвестициялык инструменттерди өнүктүрүү, инновациялык экосистема, процесс, компаниялар, анын ичинде стартаптарга натыйжалуу байкоо салуу жана анализин камсыздоо, илимий-техникалык мектептер, технология жана технологиялык өтүнүчтөрдү картирлөө боюнча макулдашылган саясатты жайылтуунун механизмдерин сунуштоодо", — дейт Маленко.

Бул программа ар тармактуу технологияларды өздөштүрүү жана пайдалануу, фундаменталдык, илимий иликтөө жана прикладдык изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди өткөрүү, биргелешкен инновациялык долбоорлорду жайылтуу аркылуу товар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, жаңыларын түптөөнү камсыздоого тийиш экенин кошумчалады.

"Терең илимий жана жогорку технологиялык өндүрүм менен кызматтарды түзүү жаатында фундаменталдык, илимий иликтөө жана прикладдык изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди өткөрүү, биргелешкен инновациялык долбоорлорду жайылтуу үчүн инфраструктура, сервистерди биргеликте натыйжалуу түрдө пайдаланууну камсыз кылуу зарыл. Муну өнөр жай субконтрактациясы, технологиялык платформаларды, трансчекаралык, тармактык кластерлерди түзүү аркылуу ишке ашырууга болот. Интеллектуалдык менчик тармагында улуттук стратегияларга ээ болуу шарт", — деп белгилейт Sputnik агенттигинин маектеши.

Экономиканын бардык тармактары үчүн жаңы кадрларды даярдоо, бала бакчаларынан тарта бойго жеткенче үзгүлтүксүз билим берүүнү камсыздоо өтө зарыл экенин белгилейт Россотрудничествонун өкүлү.

"Жаңы экономикалык кырдаал жана технологияларды өнүктүрүү бизди замандын талабына жараша кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн чечимдерди сунуштоого түртүүдө".

Жактырылган мамлекеттер аралык программа КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүндө макулдашылууга тийиш. Күзүндө аны Шериктештиктин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындары бекитиши ыктымал.

Тема боюнча

ЕАЭБдин аймагынан айрым товарларды чыгарууга чектөө коюлду. Себеби
Жекшенкулов: ЕАЭБде улуттук кызыкчылыктар маселеси көтөрүлдү
Белгилер:
Инновациялар, илим, тармак, КМШ, өндүрүш, Технологиялар

ЭҢ МААНИЛҮҮ