Мунай боюнча ымалага келүүгө баарынан көп Трамп кызыкдар. Пикир

© REUTERS / JONATHAN ERNSTАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, ОПЕК+ мүчөлөрү 6-март күнү жолугушуп, бирок мунай казуунун көлөмү боюнча бир пикирге келе албай тараган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп нефть казуу боюнча Россия жана Сауд Аравия менен сүйлөшүүгө даяр экенин жар салды. Саясат таануучу Владимир Шаповалов Sputnik радиосунун эфиринде кырдаалга көз карашын билдирген.

Трамптын айтымында, АКШ, РФ жана Сауд Аравиясы мунай өнөр жайына колдоо көрсөтүү үчүн нефтиге болгон дүйнөлүк бааны жогорулатууну талкуулашмакчы.

"Кийинки кадамдарыбыз кандай болорун аныктап-тактап алуу үчүн чогулганы жатабыз. Эч ким мунай өнөр жайынан кол жуугусу келбейт. Бул миңдеген жумушчу орун да", — деди Трамп маалымат жыйында.

Ал нефтинин арзандашы бир жагынан америкалык авиакомпаниялар үчүн пайдалуу болсо, экинчи жагынан нефть өнөр жайын кыйратып жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, ал РФ лидери Владимир Путин менен да, Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бен Салман менен да "натыйжалуу сүйлөшүү" жүргүзгөн.

Sputnik радиосунун эфиринде тарых жана саясат институтунун директорунун орун басары Владимир Шаповалов түзүлгөн кырдаалда дал ушул АКШ эң көп жабыр тарткан тарап деген пикирин айтты.

Нефтепромысловая платформа Equinor Johan Sverdrup в Северном море - Sputnik Кыргызстан
Рынок көтөрө алабы? Норвегия мунай казуунун көлөмүн көбөйтөт
"Учурда нефть рыногунда үч ири оюнчу бар: Россия, ОПЕКтин өкүлү болгон Сауд Аравиясы жана АКШ. Андыктан үчөөнүн сүйлөшүүгө барганы кадыресе көрүнүш. Негизинен Трамп процессти баштады десек болот. Нефть баасынын түшүшүнөн АКШ көп жагынан утулуп калды, анткени америка нефтисинин өздүк баасы Россияныкына караганда да, саудиялыктардыкына салыштырмалуу да жогору. Мындан ары да баа түшө бере турган болсо АКШнын нефть өндүрүшүнүн негизги бөлүгү сызга отуруп калат. Андыктан мунай баасынын сакталып калышына баарынан көбүрөөк Трамп кызыкдар", — деди Шаповалов.

Анын айтымында, Россия — Сауд Аравиясы — АКШ форматындагы сүйлөшүү толук мүмкүн.

"Россия сүйлөшүүлөргө дайым ачык болуп келген, анын үстүнө Россия менен АКШ президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү да макулдашууга келүүгө мүмкүн экенин айгинеледи. Үч тараптуу форматтын да ОПЕК+ уюму сыяктуу түзүлүп иштөөгө акысы бар. Менимче, мындай жолугушуунун демилгечиси Трамп болот", — деди саясат таануучу.

Эскерте кетсек, ОПЕК+ мүчөлөрү 6-март күнү жолугушуп, бирок мунай казуунун көлөмү боюнча бир пикирге келе албай тараган. Россия макулдашуунун азыркы шарттарын сактоону сунуштаса, Сауд Аравиясы көлөмдү дагы азайтуу керек деген оюнан кайтпай койгон. Натыйжада 1-апрелден тарта аталган альянска мүчө өлкөлөр үчүн нефт казуунун көлөмү боюнча киргизилген чектөөлөр алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0