16:05 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
381410

Россия Канттагы ЖККУ авиабазасын учкучсуз башкарылган аппарат жана асман чабуулунан коргонуу каражаттары менен камсыздоо аркылуу күчтөнтүү ниетинде. Муну менен кандай коркунучтардын алдын алууга болорун аскер баяндамачысы Александр Хроленко түшүндүрүп берди.

Жакынкы келечекте Россиянын "Кант" аскер базасынын курамына учкучу жок учкан аппараттардын (БПЛА) бөлүгү киргизилет. Кийинки этаптарда аба чабуулунан коргонуу каражаттарын (ПВО) жайгаштыруу болуп саналат. Бул туурасында Мамлекеттик Думада коргоо министринин орун басары Николай Панков билдирип, Кыргызстандын аймагындагы Россиянын аскер базасынын шарттары жана макамдары тууралуу протоколго комментарий берген.

Технологиянын тездик менен өсүшү, БПЛА чалгындоо-соккуларын колдонуунун аскерий тактикасы жана стратегиясы бул — аба чабуулунан коргонууну бекемдөөнүн зарылдыгын көрсөткөн дүйнөлүк тенденция (жада калса маанилүү атаандаш алыстыкта болгон учурда дагы). "Кант" аскер базасын 60 гектарга кеңейтүү аскерий мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана коопсуздук системасын өнүктүрүү менен да байланыштуу. Буга чейинки РФ менен КРдин бириккен аскер топторунун антитеррордук окууларында "Форпост", "Орлан" жана "Тахион" учкучу жок учкучтар колдонулган.

Стратегиялык мааниси

Тынчы жок афган чек арасынан 600 чакырымда жайгашкан "Кант" авиабазасы Москва менен Бишкектин узак убакыттагы (ижаранын мөөнөтү 2058-жылы аяктайт) коргонуу кызматташтыгынын негизи болуп саналат. Ал Россия, Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка региондорунун экономикалык, ошондой эле аскер коопсуздугун камсыз кылат. Мындай маанилүү россиялык аскер базалар Армения менен Тажикстанда гана бар. Ал жактарга асман чабуулунан коргонуу системасы мурдатан эле орнотулган.

Жакынкы Чыгыштын аскер аракеттеринин тажрыйбасы террорчул топтордун колго жасалган камикадзе-учкучу жок учкучтарды активдүү колдонорун көрсөтүп турат. Гранатомет менен жабдыкталган кичинекей дрондор — АЧК каражаттары үчүн эң оор буталардын бири. Анткен менен Сириядагы Хмеймим авиабазасына ракета-замбиректик (ЗРПК) "Панцирь-С1" комплекстердин жардамы менен учкучу жок учкучтар чабуулдарынын ийгиликтүү жыйынтыгы маселени чечүүгө боло турганын көрсөтүп турат. Статистикада 100дөн ашык кооптуу "колдон жасалган нерселер" менен интернет-дүкөндө аягына чыгарылган аппараттар атып түшүрүлгөн.

Учурда "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Сириядан массалык түрдө Афганистандын түндүк провинцияларынан орун алууда. Эртең эмне болорун болжолдоо кыйын, бирок террорчул топтордун Борбор Азия мамлекеттерге кирип келүүсүнө даяр туруу керек. Алар дрон-камикадзелер менен аскер базаларына, анын ичинде Канттагы базага чабуул коюшу мүмкүн.

РФтин Коргоо министрлиги окуянын кооптуу өнүгүшүн алдын алууга ниеттенүүдө. Россиянын Кыргызстандагы авиабазасында С-300 зениттик-ракеталык комплекстер болсо, ал эми жакынкы аймактын коопсуздугун көп ирет текшерилген "Панцирь-С1" камсыздамакчы.

Россиянын асман чабуулунан коргонуу комплекси жакынкы убакта кичинекей дрондорду анча алыс эмес аймактан (5 чакырымга чейин) жоготуу үчүн ракеталарды алышат. Салыштыруу үчүн айтсак, жакында эле АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн башкармалыгы 300 метр аралыктан учкучсуз учакты жок кылган F-16 кыйраткычын чоң жетишкендик катары көрсөткөн.

Жамааттык коопсуздук

Бир жагынан алып караганда Россиянын Сириядагы учкучу жок учуучу аппараттары өзүн чалгынчы каражаты катары жакшы көрсөттү. "Орлан-10" аппараттары операторунан 100 чакырым алыстыкта сыналган. Тагыраагы, аппараттын бири 1000 метр бийиктиктен көз көрүнөө чалгындоо жүргүзсө, экинчиси атаандаштын байланыш каражатын токтоткон. Ал эми үчүнчүсү 5000 метр бийиктиктен базага маалыматты түз берип турган. Сокку уруучу учкучу жок учуучу аппарат чабуул учурунда авиабомба же башкарылган ракеталардын жардамы менен объектилерди жок кылган.

Видеокамералар аларды жаздырып калган. Ага ылайык, "Орлан" визуалдык чалгындоодон тышкары уюлдук телефондор менен радио каражаттардын (радиотехникалык чалгындоо) шоолануусунан бутанын так координатын аныктоого болору белгилүү болгон.

Пилоту жок учкан аппараттар согуш талаасында маанилүү роль ойнойт. Учурда Россия чалгындоо-сокку уруучу аппараттардын жаңы түрүн (20 тонналык "Охотник" сыноодон өтүүдө) иштеп чыгууда. Ошондой эле тийиштүү протоколдун ратификацияланышы менен Кыргызстандын аба мейкиндигинде россиялык дрондорду пайдаланууда мыйзамдагы кемчиликтер жоюлат.

Буга чейин Россиянын Тажикстандагы авиабазасында түзүлгөн пилотсуз авиациянын батальонунда кичи жана жакынкы аралыктагы (30 чакырымга чейин) ротага ээ. Андан тышкары "Леер-3" (радио-электрондук күрөш), "Гранат", "Элерон", "Тахион" комплекттери, "Форпост-М" аппараттары менен куралданган. Ушундай эле аскер каражаттары Кыргызстандагы "Кант" авиабазасында да болушу толук ыктымал. Учурда бул жакта Су-25СМ учактары жана Ми-8МТВ тик учактары бар.

Белгилей кетүүчү нерсе, жамааттык коопсуздук учкучу жок учуучу аппараттардын жана аба чабуулунан коргонуу объектилеринин өсүп-өнүгүшү менен чектелип калбайт. Учурда КМШнын АЧК бириктирилген системасынын курамында 20 авиациялык бөлүк, 50 зениттик ракета жана радиотехникалык аскер бөлүк, АЧКнын 10 бригадасы бар. Бул глобалдык системаны ийине жеткирүүгө аракеттер жүрүп жатат. 2025-жылга чейин аскер келишиминин концепциялык негиздери да макулдашылган.

Тема боюнча

Путин: башка өлкөлөр курал-жарак жагынан Россияны кууп жетиши керек
Россия Канттагы базага абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотмокчу
Белгилер:
"Кант" авиабазасы, Кант, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ