РФ серепчиси технологиянын өнүгүшү менен кайсы кесиптер жоюла турганын айтты

© Sputnik / Александр Овчаров / Медиабанкка өтүүИспытания робота проекта "Спасатель"
Испытания робота проекта Спасатель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттин айтымында, көпчүлүк кесипке суроо-талап болбой калышы толук ыктымал. Буга технология себеп.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Санариптик технологиянын өсүп-өнүгүшү менен бир катар кесиптер жоюлушу мүмкүн экендигин россиялык серепчи Сергей Исаев "Жаңы рыноктор мамлекет аралык инновациянын кызматташтыгын өнүктүрүү жолу катары" аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, барган сайын ортомчу-кесиптер азайып келет. Маселен, туроператордун саны кыскарууда, эми анын кызматын HR-адиси аткарат. Ал мисал катары "Вера" робот-рекрутери тууралуу айтып берди.

"Ал былтыр 480 чалуу аткарып, өзүн мыкты деңгээлде көрсөттү. Кимдер калат? Квалификациясы төмөн кызматкерлер, анткени аны робот менен алмаштыруу пайдасыз. Робот үчүн көп каражат керек. Болбосо анын ордуна өтө кесипкөйлөр зарыл", — деди Исаев.

Денежная база Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан акча сыртка агып жатат. Жаңы рекорд коюлду
Ал ошондой эле экономист менен юристтерге болгон талап массалык түрдө азайып, саны да төмөндөшү мүмкүн экендигин айткан.

2018-жылы ноябрда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген сегиз мамлекетте инновация жана илимий-техникалык кызматташтык жаатында адистердин тегерек стол форматында жыйындары өтүп жатат. Долбоорду Россия кызматташтыгынын колдоосу менен эл аралык серепчилер тобу ашырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0