Таза суунун тарифи көтөрүлсө эле жаңы конуштардын маселеси чечилеби? Пикирлер

© пресс-служба мэрии города БишкекСуу алып жаткан жаңы конуштун тургундары. Архив
Суу алып жаткан жаңы конуштун тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда таза сууга болгон тариф көтөрүлүшү мүмкүн. Бул боюнча Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаменти өкмөткө сунуш киргизип, аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев колдоду.

Бул маселе социалдык тармакта, коомчулукта ар түрдүү кайчы пикирлерди жаратып, айрымдары таза сууга чындап эле бааны жогорулатыш керек десе, башкалары элден чогулган акча аткаминерлердин сол чөнтөгүнө кетип калбайбы деп күмөн санашууда.

Азырынча бул бир гана сунуш. Бирок эгер ал ишке ашып калса тариф канча сомго көбөйүшү мүмкүн? Чогулган каражат эмнеге жумшалат? Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин күңгөй-тескейин териштирип көрдү.

23-июль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган "Ала-Тоо булагы" программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, таза сууга болгон тарифти карап чыгуу керектигин айткан.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевСовещание по вопросу реализации программы "Ала-Тоо булагы"
Совещание по вопросу реализации программы Ала-Тоо булагы - Sputnik Кыргызстан
Совещание по вопросу реализации программы "Ала-Тоо булагы"

"Мисалы, суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир жашоочусу 5 сом 38 тыйын төлөйт. Ал эми өздүк наркы — 7 сом 70 тыйын. Бирок 1 литрлик желим бөтөлкөдөгү суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерди суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет. Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыздоого, инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалат. Өлкө таза сууга бай, бирок камсыздоо баасы эң төмөн. Аны ар бирибиз сакташыбыз керек", —деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын мындай билдирүүсүн социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай кабыл алды. Facebook баракчасынын колдонуучусу Семетей Талас уулу министрдин айтканына кошулбай турганын жазган.

"Мажирөө премьер-министр Абылгазиев, биринчи элге тегиз суу жеткирип алып анан суунун тарифин көтөрчү! Кээ бир жаңы конуштарда суу түтүктөрүндө жөнөкөй эле насостун жоктугунан элге суу тегиз жетпейт. Айрыкча жай мезгилинде", — деп Facebook баракчасына колдонуучусу Семетей Талас уулу жазды. 

Ал эми Тынчтык Атбашингтони аттуу колдонуучу ичүүчү суунун тарифин көтөрүү боюнча өкмөттүн позициясын колдоого алды.

"Чындыгында өкмөттүн башка айласы барбы? Донорлор деле таза суу менен камсыздап беребиз деп миллиарддаган каражаттарды беришти, аны жемекейлер жеп кетти. Эми андай каражат беришпейт. Анан кайсы акчага тээ 200гө жакын айылга суу жеткиребиз? Андыктан, суунун баасын чыгарып, баркын сезип, сарамжал пайдаланып, өнүгөлү. Бул жеке пикирим, эч кимге таңуулабайм", — деп жазган Атбашингтони.

Медер Шерматалиев да суунун баасын көбөйтүш керек деген ойдо.

"Жоопкерчиликти жогорулатуу максатында бааны көтөрсө болот. Экинчи жагынан таза суу өндүрүү да эртең так эле ТЭЦдей болот. Шаардын көпчүлүк бөлүгүндө суу түтүктөрү чириди. Эртең ага да карызга каражат издеп убара тартабыз. Мамлекеттин болсо андан башкасына деле акчасы артпай турат. Маселени алдын ала чечиш керек. 1000 литр 20 сом болсо деле ит бекер да", — деп интернет колдонуучу жазган.

Таза сууга болгон тарифти ким чечет?

Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суунун баасын жогорулатуу жөн гана сунуш экенин айтып, тарифти көтөрүү чечимин жергиликтүү кеңеш гана чыгарарын билдирди.

"Таза суунун тарифин өкмөт көтөрбөйт, мыйзамда да андай деп жазылган эмес. Анын баасын өз алдынча жергиликтүү башкаруу органдарына жергиликтүү кеңеш бекитип берет. Ал тургай президенттин, премьердин аппараты, Жогорку Кеңеш да тарифти көтөргүлө деп тапшырма бере албайт. Бул милдет илгери эле жергиликтүү кеңешке берилген", — деди Токтошев.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын тургундары бир куб метр сууга башкача айтканда миң литрге айына 5 сом 38 тыйын төлөйт. А бирок миң литрлик суунун өздүк наркы — 7 сом 70 тыйын. Ал эми Ош шаарындагылар миң литр сууга 5 сом 31 тыйын берет. Айыл жерлеринде канчалык адам аз болсо, өздүк наркы ошончо жогору болот. Себеби кеткен чыгымдар жашоочулардын санына карата бөлүнөт.

Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Таза сууга жетпеген бишкектиктер кимге кайрылса болот? Номерлер
"Бул тармакта саясат жүргүзгөндүктөн биз жергиликтүү кеңешке сууну жеткирүүдө техникалык абалды жакшыртып, элди сууну үнөмдөөгө үйрөтүү үчүн балким тарифти жогорулатыш керек деген сунушубузду айттык. Мисалы, өкмөт бир айылга суу киргизип бергенде аны муниципалдык менчикке башкача айтканда ошол айылга же шаарга биротоло өткөрөт. Мамлекет куруп берген нерсени андан ары жергиликтүү эл иштетип кетиши керек. Аны эксплуатациялоо үчүн чыгымдарды жабуу керек. Бирок бардык чыгымды жабууга азыркы төлөп жаткан тарифтин күчү жетпей жатпайбы. Мындан улам эгер бул сумманы өздүк наркына көтөрүп койсо суу берчүлөр да чыгымга учурабай, бул жаатта кызмат да жакшырат эле. Кыргызстанда 31 шаар бар. Алардын бардыгында суу каналдарынын иштен чыгып калуу коркунучу бар, себеби оңдоп-түзөөгө элдин азыркы төлөгөн акчасы жетпейт. Система кийин токтоп же начарлап кетпеши үчүн бааны кичине жогорулатып, өзүн-өзү жапса деген эле ой. Эл муну туура түшүнүшү керек", — деди Токтошев.

Ал ошондой эле тариф жогоруласа шаардын четиндеги жаңы конуштарга да суу кенен жетип, жакшы шарттар түзүлөөрүн баса белгилеп кетти.

Экология тармагындагы эксперт Динара Кутманова таза суунун тарифин көтөрөөрдөн мурда мамлекет өзү биринчи кезекте суунун баркын билиши керек дейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭколог с 30-летним стажем, президент общественного фонда "Эко-мониторинг" Динара Кутманова
Эколог с 30-летним стажем, президент общественного фонда Эко-мониторинг Динара Кутманова - Sputnik Кыргызстан
Эколог с 30-летним стажем, президент общественного фонда "Эко-мониторинг" Динара Кутманова

"Азыр өкмөт "тарифти көбөйтөлү" деп сууга байланышкан көйгөйдүн баарын элдин эсебинен чечүүнү көздөп жатат. Таза суунун тарифин көтөрөөрдөн мурда мамлекет биринчи кезекте өзү суунун баркын билиши керек. Бирок азыр андай болбой жатат. Мөңгүлөр сатылып, кен иштетип жаткан ишканалар тоо-таштын баарын казып суунун жолдорун, булактарын жаап салууда. Мындан улам айрым айыл тургундары суусуз калып жатат. Бул маселени өкмөт комплекстүү карашы керек. Ал үчүн биринчиден мөңгүлөрдү сактоо зарыл. Суу кодексинин 7-беренесинде сууну ресурс, товар катары баалаш керек деп так жазылып турат. Бирок анын бири аткарылбай жатат. Өкмөт тарифти көбөйтүү менен сууну жеткирип, тартып келүүдө техникалык инфраструктураны эле жакшыртканы жатат. Бирок бул жерде суу ресурс катары бааланган жок. Эгер бул саясатты чындап эле ишке ашырабыз десе анда өкмөт же тийиштүү органдар атайын эксперт, серепчилер менен дагы акылдашып баарын комплекстүү түрдө чечиши керек", — деди Кутманова.

Суу департаментинин жетекчиси Аскарбек Токтошев учурда өлкөнүн 115 айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 94 миллион доллар каралганын жана алар Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0