Адис: Кыргызстанда сүт арзандашы мүмкүн, бирок ишкерлер сызга отурат

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүМакеевский комбинат детского питания в Донецкой области
Макеевский комбинат детского питания в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара чырынан улам Кыргызстандын сүт иштетүүчү беш ишканасы октябрь айында коңшулардын "кара тизмесине" кирип, учурда сүт-айрандар артка кайтарылууда

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй чечилбесе, Кыргызстанда сүттүн баасы кескин арзандап, ишкерлер банкротко учурашы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына профессор Жамин Акималиев билдирди.

Работа полевой молочной фермы СПК Ташкиново - Sputnik Кыргызстан
Алматы Ала-Тоонун айран-сүтүн сагынганда... Казакстандыктардын пикири
Эске салсак, октябрь айынын ортосунда сүт өндүрүүчү кыргызстандык беш ишканага Казакстанга продукцияларын ташып кирүүгө тыюу салынган.

Муну Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин жергиликтүү ЖМКларга "Кыргызстандан талапка туура келбеген товарлар кирип жатат" деп түшүндүргөн.

Ал эми КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов эгер коңшулар тараптан текшерүүлөр болуп, кемчиликтер чыкса, ал тууралуу расмий билдирүү жиберилиши керектигин, бирок ушул убакка чейин бир дагы кат келбегенин айтууда.

"Мунун айынан Кыргызстанда сүт азыктарынын баасы дароо арзандап кетиши мүмкүн. Бирок бул дагы ишкерлерди куткарып кала албайт. Анткени бизде сүт өзүбүздүн керектөөлөрүбүздөн 30 пайыз ашык өндүрүлөт. Калганы ирип-чирип, завод ээлери банкротко учурашы ыктымал", — деди Акималиев.

Анын айтымында, казак тараптын Кыргызстандын сүтүнөн баш тартууга негиз жок болчу.

Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шампунь, ун жана маргарин. Кыргызстан Казакстандан кайсы товарларды көп алат
"ЕАЭБ алкагында кенен иштөөгө уруксат берилген ишканалардын катарына Кыргызстандын 20дан ашык ишканалары кирген. Башка жагынан кемчилигибиз болсо дагы эки жылдан бери сүт маселесин жолго коюп алганбыз, эч бир көйгөй жарала элек болчу. Анын үстүнө кыргыз сүттөрү Казакстанда, өзгөчө Алматы тургундарынын арасында жогору бааланат. Ошондуктан бул жерде карапайым эл саясаттын курмандыгына айланды", — деди профессор.

Өндүргөн продукциясын өткөрө албай жапа чегип жаткан ишкерлердин арасында Жандар Жолоев бар. Ал казак тараптын "кара тизмесине" кирип калган ишканалардын бири "Элимия сыр заводу" ЖЧКсынын кожоюну. Казакстанга 15 жылдан бери сүт азыктарын жеткирүү менен жан багып келген ишкердин айтымында, ага да коңшу өлкөдөн алдын-ала билдирүү келген эмес.

"Акыркы жолу жиберген 10 тонна сырды "Чоң-Капка" бекетинен өткөрө албай кайра алып келдик. Бирок тыюу салгандардын арасында бар экенибизди ЖМКлардан билдик. Муздаткычта турган продукцияны эми ички рынокко салууга туура келет. Бирок баарын өткөрө алабызбы күмөнүм бар. Анткени биздин 70-80 пайыз азыктарыбыз Казакстан, Россияга жиберилчү", — деди Жолоев.

Ишкер кошумчалагандай, учурда Россияга жөнөтүүгө даярдап койгон 20 тонна продукция өз саатын күтүп турат. Бирок аны өткөрүү үчүн ишкердин баягы эле казак чек арачыларына күнү түшөт.

Продукциябызды сатуу үчүн жаңы базарларды издөөгө убакыт жеткенин Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев айтат.

Ошский рынок в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Унааны каттоо баасы үч эсеге арзандайт. Жаңы токтом долбоору
"ХАССП, ИСО жана ЕАЭБ техникалык регламентинин стандарттарын киргизип иш алып барсак, кардарлар сөзсүз табылат. Ишкерлер Кытай, Өзбекстан тараптан мүмкүнчүлүк издесе болот. Болгону убакыт керек", — деди Шаршеев.

Өзбекстанга чындап эле үмүт артса болоорун профессор Акималиев дагы баса белгилейт. Бирок жол алыс болгондуктан, товарды сапаттуу бойдон жеткирүү үчүн атайын шарттар керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Казакстанга өз продукцияларын киргизүүгө Кыргызстандын 25 ишканасынын укугу бар. Алардын ичинен 15и сүт, сегизи балык, экөө этти кайра иштетүүчү мекемелер.

Жаңылыктар түрмөгү
0