Акенеев: чек ара көйгөйүнөн Казакстан дагы жапа чегүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта чыңала баштаган

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы абал чечилиши керектигин экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча уюштурулган видеокөпүрө учурунда билдирди.

Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши Ереван (Армения) шаарында өтүп, Кыргызстандын делегациясын премьер Сапар Исаков жетектеп барган.

"Акыркы үч жумадан бери чек арада кыйынчылык жаралды. Жүк ташуучу автоунаалар тыкыр көзөмөлгө алынууда. Казак тарап машиналар эреже бузуу менен жүрөрүн айтып жатат. Алар буга чейин бул боюнча маселе көтөргөн эмес. Маселе чечилет деп ойлойм", — деди ал.

Акенеев ошондой эле жыйындан соң Казакстан Кыргызстан менен болгон жол картасына кол коюудан баш тартканын кошумчалады.

"Эгер ЕАЭБге мүчө мамлекеттин бирөөнүн экинчисине дооматы болсо ал биримдиктин эрежелеринин алкагында чечилиши керек. Ишкерлерибиз гана жапа чегип жатат. 1000дей жүк ташуучу автоунаа чек арада кезегин күтүп турат. Алардын 20 пайызы гана Казакстанга кирмек, калганы Россияга барат. Кыргызстан Казакстандын эки облусуна көп көлөмдөгү эт жана сүт ташыйт. Кыйынчылыкты бир гана Кыргызстандан жарандары сезген жок", — деди ал.

Заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Министр: кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөшүү оңунан чыкпай калды
Чек арадагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралган. Астананын маалыматына караганда, бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автокөлүк менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан.

Видеокөпүрө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп, ал Ереван, Бишкек, Минск жана Астананы бириктирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0