КРде миллион доллар кантип тапса болот. Байлар менен карапайымдардын пикири

© AP Photo / LM OteroАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Албетте ар бир адам миллион доллар тапкысы келет. Бирок баарыбыздын башыбызды ооруткан маселе — кантип?

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандыктар арасында сурамжылоо жүргүздү. Арасында аты чыккан миллионерлерден тарта, карапайым фермерге чейин бар. Кызыгы кээ бирлери Кыргызстанда миллион доллар табуу оңой эле экенин айтса, экинчилери мунун реалдуу экенине таптакыр ишенбейт.

Бейшенбек Иманалиев, курулуш компаниясынын башкы директору

Бизнес-тренер Аксана Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Бизнес-тренер Аксана: өзүмдү өнүктүрүүгө 1 миллион сом жумшагам
— Мен миллионер болсом деп эч качан кыялданган эмесмин. Бирок өзүмө жана жакындарыма жардам бергенге жете турган каражатым болсо экен деп максат кылгам. Советтер союзу учурунда куруучу болуп баштап, 42 жашыма чейин жетекчилик кызматка жеттим. Ал эми өз ишимди нөлдөн баштагам. Ижарага алган кеңсенин ичиндеги үстөлгө чейин имарат ээсиники болчу. Үстүмдө кийген бир костюмум, чөнтөгүмдө мөөрүм эле бар болчу. Азыр тескерисинче, баардыгы меники. Буга жетиш үчүн талыкпай эмгектендим, эч кимге жамандык каалап, бут тоскон жокмун. Ошол үчүн байыдым деп ойлойм. Мындан тышкары, ар дайым позитивдүү ой жүгүртөм.

Орункүл Шабралиева, модель

— Менимче миллион доллар табуу үчүн эң биринчи адамда каалоо жана ишеним болушу керек. Ойлогон ой ишке ашат деп ишенем. Экинчиден, бизде бюджеттик кызматта иштеген адамдар эч качан миллион таба албайт деп ойлойм. Миллионер болом деген адам жакшы бизнес-планды иштеп чыгышы керек. Жеке өзүм тууралуу айтсам, мен дагы миллион тапкым келет. Ал үчүн азыр визажисттин окуусун окуп жатам. Учурда Кыргызстанда сулуулук индустриясы дагы абдан өнүгүп келе жатат. Демек, чоң акчалар сөзсүз салынат. Мындан сырткары, чет өлкөлүк агенттик менен келишимим бар. Ар бир фотосессияга 3-4 миң доллар алам. Ошонун баары чогулуп отуруп, күндөрдүн бир күнүндө каражатым миллионго жетип калат деп ишенем.

Эрик Жумабаев, мигрант

— Эч качан бир орунда токтоп калбаш керек. Өз мисалымда айтсам, алгач газета, журналдарда дизайнерлик кесипти аркалап, ошол эле учурда жогорку окуу жайга да тапшыргам. Кийин теле-радиодо дагы эмгектендим. Аны менен токтобостон чет тилдерин үйрөнүп, учурда Түштүк Кореяда иштеп жүрөм. Албетте бул дагы мен үчүн чек эмес. Менимче, кандай мамлекетте, үй-бүлөдө, шартта жашабайлы, адам өзү эмнеге шыктуу, эмнеге жөндөмдүү экендигин аныктап алып, ошол нерсени практика жүзүндө ишке ашырышы керек. Ошондо миллионго жетүүнүн жолдору, эшиктери четинен ачыла берет. Мактаныч эмес, жөн гана кайсы бир деңгээлде өзүмдү үлгү катары койгум келет. Азыркы учурда бир миллион доллар болбосо дагы сомду таба алдым.

Келдибек Садыкбеков, маршрутка айдоочусу

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Карызы бардын ырысы жок. Чет жакка чыгарбоо сунушунун оош-кыйышы
— Кыргызстанда миллион табыш үчүн колуңда чоң акча болушу керек. Аны бир ишке салып, андан ары өнүктүрүп кетсең болот. Ошондой эле сага жардамы тие турган адамдардын "оозун" майлаш керек. Андан башка жолу жок. Анткени бизде өнүккөн өлкөлөрдөй болуп, талант же идея анча баалана бербейт. Менин мурда иштешкен кесиптештеримдин арасында миллионер болбосо дагы, ошого жакыныраак акча тапкандар бар. Алар маршрутка иштетүүнү ичинен үйрөнүп алгандан кийин, болгон акчасын чогултуп машиналарды алып, маршруттук линияларга салгандар. Негизи Кыргызстанда транспорт менен жакшы эле акча тапса болот. Бирок менин жашым 60ка чукулдап калгандыктан, миллионер болом деп ойлонбой деле калдым.

Нурсултан Медетбеков, банк кызматкери

— Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө деле миллиондук киреше табуу үчүн адам өзүнө иштеши керек. Ал эми мамлекетке же башка бирөөгө иштеген адамдын миллион доллар табышы — жомок. Экинчиден, акчанын артынан акча ээрчип келиш үчүн аны чаржайыт пайдаланууну токтотуш керек. Акчаны эле эмес, башка нерселерди деле сарамжал пайдалануу — ийгиликтин, бардар турмуштун ачкычы экенине ишенем.

Кубанычбек Идинов, окумуштуу

— Кыргызстанда миллион соода-сатык же коррупциялык жолдор менен гана табылат. Миллион түгүл, зарыл болгон учурларга сактап койчу акча 80 пайыз кыргызстандыкта жок. Көпчүлүктүн кирешеси күнүмдүк жашоого жетсе жакшы, жетпей калгандар дагы толтура. Бирок миллион табууну өзүнө максат кылып алгандар азыр өтө ыңгайлуу болуп турган Россия же Белоруссиядан керектүү товарларды ташып сатса болот. Бирок ал дагы жеке адам эмес, кандайдыр бир ассоциациялар аркылуу ишке ашат.

Кайырбек Сарматов, фермер

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тигүүчүлөр кантип байып жатышат? Дил маек
— Таман акы маңдай тер менен тапкан нерседен жугумдуу эч нерсе жок экенин, кыргыз эли эчак эле айтып койгон. Бирок эмгектин акыбетин кайтаруу үчүн өзүңдүн колуңан келген, шыгың бар ишке мурдуңду салышың керек. Экинчиден, ишкерликте сага жардам бере турган ишенимдүү адамдар керек. Мага үч уулум жардам берет. Мал багабыз, жер айдайбыз. Балдарымдын баары фермерликке кызыккандыктан, жан дили менен берилип иштешет. Кудайга шүгүр, көп жылдан бери бардар турмушта жашап келе жатабыз.

Чыңгыз Макешов, ишкер

— 2000-жылдары ишкерликти жаңы баштаганда, миллионго жетем деп ойлонгон эмесмин. Агезде 100 доллар абдан чоң акча болчу. Мен алгач ошону эле тапсам экен деп максат кылгам. Андан соң 1 миң долларга умтула баштадым. Ошентип отуруп, миң доллар эки миңге айланды, ошентип отуруп тез эле иш өнүгүп кетти. Байлыкка умтулсаң, эч качан бир сомдон дагы баш тартпашың керек. Анткени, бир сом эки сом болот, эки сом төрт сом болот дегендей, миллиондор ошол бир сомдон куралат. Экинчиден, эч качан миллион табам деген ойго баш-отуң менен кирип алып, акчанын артынан гана жүрбөшүң керек. Андан көрө ишиңдин, товарыңдын сапатын жакшыртууга умтулуу керек. Ошондо эл сенин товарыңды алып, киреше агылып кире берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0